Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

ДАҢАЗАЛУУ ЖӨӨ КҮЛҮК САТЫМКУЛ ЖУМАНАЗАРОВ КАЗА БОЛДУ


Кыргыз спорт коомчулугу оор жоготууга учурады. 55 жаш курагында кырсыктан улам СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Москва олимпиадалык оюндарынын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаров каза болду.

Күтүлбөгөн кырсыктан улам эки күн Бишкектеги 4- ооруканада жатып бүгүн даңазалуу марафончу, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Сатымкул Жуманазаров көз жумду. Ал мындан 2 күн мурда үйүнүн балконунда иштеп жатып, 7-кабаттан жерге кулап түшкөн. Андан бери оорканада жатып, бүгүн каза тапты.

Маркум Сатымкул ага 31-мартта улуу уулун үйлөндүрүп, жакшы тилектерди тилеп, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын алдында түзүлгөн жөө күлүктөр клубуна жетекчи болуп дайындалган. Көп жакшы максаттарды алдыга коюп, Тоң районундагы Кажысайдагы спорт базасын эл аралык деңгээлге жеткирсем деген тилеги бар эле.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында Сатымкул Жуманазаров Москвадагы олимпиадалык оюндарда марага биринчи келүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Себеби ал ошол совет доорундагы машыктыруучулардын тоскоолдугуна учурап, Сатымкулга өнөктөшү Леонид Моисеевди сүрөөнгө алуу, ага жардам берүү, суу ташып, терин сүртүү, шыктандыруу тапшырмасы берилген. Алдыга далай жөө күлүктөр озуп, Леонид Моисеев жүгүрө албай, жедеп баспай калганда гана Сатымкул өз алдынча чуркоого аргасыз болгон. Ошондо да 42 км. 195 метр аралыктагы марафондук жарышта бир нече атаандаштарынан алдыга озуп Сатымкул Жуманазаров марага үчүнчү келген.

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Сатымкул Жуманазаров журналисттерге кезигип калганда чемпиондор айылдан чыгаарын айтып, айылдык спортко көңүл буруунун зарылдыгын көп айтчу.

- Айылдык жаштарга өзгөчө көңүл буруу керек, алардан Кыргызстанды дүйнөгө таанытчу чемпиондор чыгат. Мына өзүңөр билгендей Каныбек Осмоналиев, Вера Корсакова, Айып Исаков, Беделбай Амиракулов жана башка мыкты спортчулар айылдан чыккан. Учурда айыл спортуна эч көңүл бурулбай калды. Аларга шарт түзүлмөк тургай, дене тарбиядан сабак берүүчү мугалимдер да айылда жокко эссе. Бул жакшы көрүнүш, ошондуктан айылдык жаштарга шарт түзүп, камкордукка алуу зарыл.

Атланта, Сидней олимпиадалык оюндарынын катышуучусу эл аралык спорт чебери, марафончу Насирдин Акылбековдун айтымында устаты Сатымкул Жуманазаров көзү тирүүсүндө ага спорт жетекчилери көңүл бурбай, анын бай тажрыйбасын жаштарга жеткирүүгө шарт түзгөн эмес.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров 1951-жылы 17-сентябрда Кара-Буура районуун Жоон-Дөбө айылында туулган. 1976- жылы- СССР спортунун чебери, 1979- жылы СССР спортунун эл аралык класстагы чебери, 1981- жылы СССР спортунун эмгек сиңирген чебери деген ардак наамдарга аргызан.

Ал 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1985-91-жылдары Бишкек шаарындагы «Колхозчу» ыктыярдуу спорт коомунда, «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомунда машыктыруучу болуп эмгектенип, жөө күлүктөргө тажрыйбасын бөлүшкөн. 1992-жылдан бери Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы спорт комплексинде башкы директор болуп иштеп келген.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 1968-жылдан бери машыгып, эл аралык мелдештерде мөрөй алган. 1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км. аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 км аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадалык оюндарда 42 км. 195 м. аралыкты 2 саат 11 минута 16 секунда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

1977-80-жылдары өткөн СССР чемпионаттарында бир нече ирет күмүш медалдарды уткан. Япония, Германия, Греция, Финляндияда өткөрүлгөн Эл аралык Гран-при марафондук жарыштарда да жеңиштерге жетишкен. СССР - Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага озуп биринчи келген. ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү аталган.

Спорттогу жетишкендиктери “Эл достугу”, “Ардак белгиси” ордендери жана “Даңк” медалы менен бааланган. Кыргызстандагы белгилүү марафончу Назирдин Акылбеков баштаган жаштардын насаатчысы болгон.

Белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаровдун сөөгү 4-апрелде Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG