Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

МАРКУМ САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН ЭМГЕГИ БААЛАНБАЙ КАЛГАН


Мындан эки жыл мурда узакка созулган катуу оорудан кийин 70 жаш курагында Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук ишмер, белгилүү адабиятчы окумуштуу Салижан Жигитов дүйнөдөн кайткан. Учурунда Салижан агай “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бөлүмүн да жетектеген.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Кайыпов Салижан Жигитовдун илимий эмгектери, публицистикалары, көркөм чыгармалары да, атуулдук позициясы да уникалдуу экендигин эскерип, университет маркумдун илимий эмгектерин ырааты менен өзүнчө китеп кылып чыгарууга даярдап жатканын айтты.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркумдун жанкурбусу Ишенбай Абдразаков досу Салижан Жигитовдун эмгеги, ишмердүүлүгү учурунда бааланбай калганын, ал тургай каткырыгы таш жарган курбусунун көзү өткөндөн кийин гана баркын, кадырын билип олтурганын айтып кейиди.

- Сакеме Жараткан абдан жоомарттык менен көп касиетти берген экен. Тунук акыл, курч талант, мөлтүр булактай болгон адамдык ыйман жана башкаларды. Так ошол касиеттеринин күчү менен кыргыз тарыхынын баарын барактап чыгып, анан кыргыздын азыркы болгон деңгээлин көрүп туруп, канчалык ачуу болсо да, кашкайта чыркыраган гана чындыкты саймедиреп турбадыбы! Ошону кээ бирибиз түшүндүк, кээ бирибиз алигиче түшүнө албай жүрөбүз.

Өлкөнүн улуттук жазуучулар кошунунун төргасы, Кыргыз эл акыны Омор Султанов Салижан Жигитов менен беш жыл бирге студенттик жатаканада бирге жашаганын эскерүү менен анын акындык талантынын, прозалык изденүүлөрүнүн, котормочулук чеберчилигинин, публицистикалык чабытынын артыкчылыктарына, адабий сынчылыгынын тереңдигинин жогору бааларын белгиледи.

- Ушунчалык кеменгер киши эле, атүгүл рынок деген эмне экендигин, заман каякка бараткандыгын, доордун тамыры эмне деп согуп жаткандыгын да биринчилерден болуп Салижан кемелине келтире жазып, айтып, кыргызды көзгө сайып турган эле.. Анын көп убакытын кыргыз энциклопедиясын түзүү, жыйноо иш-аракеттери алып койду. Анын эмгеги, ишмердиги учурунда бааланбай калды, – деди Омор Султанов.

Улуттук телерадио корпорациясынын мурдакы жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов Салижан Жигитовдун көртирликтен алда канча өйдө турган адамдык бийиктиги менен кара кылды как жарган чынчылдыгын айтып, кыргызды намыска бүлөп турган устаты учурунда бааланбай кеткенин эскерди.

Салижан Жигитов 1936-жылы Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1959), Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1956) окуп бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору (1992).

Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген.
1992-93-жылдары С. Жигитов Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн. 1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

1995-жылы Кыргыз Улуттук университетинде профессор. Бир эле учурда 1995-96-жылдары «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеп кызмат кылган. 1996-жылдан тарта «Манас» Кыргыз-Түрк университетинде профессор болуп иштеп жаткан. 2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн. 2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.

Салижан Жигитов 1984-жылы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Анын ичинде адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Маркумдун сөөгү 2006- жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG