-Алгач сиз жетектеген коомдук парламенттин иши тууралуу кыскача сөз кылсак. Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасын өзгөртүү маселеси козголуп жаткан экен. Бул канчалык деңгээлде натыйжалуу болушу мүмкүн?
-Биздин коомдук парламент өткөн жылкы парламенттик шайлоолордун акыйкатсыз, мыйзамсыз өткөндүгүнөн улам коомдук пикирди элге жалпынын куралы катары түзүлгөнүн жакшы билесиздер. Бир нече жолу жыйындарыбыз өттү. Акыркысында күзгө чейин Кыргызстандын өнүгүүсүнүн өзгөчө мамлекеттик түзүлүш боюнча бир концепциясын иштеп чыгалы деп чечим кабыл алып, эки күн мурда жумушчу топ ушул багытта дагы өзүнүн кенен талкуусун өткөрдү.
Албетте, мындай аракеттер көп эле болуп жатат. Биз дагы өзүбүздүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну туура таап, ага киришип жатабыз. Эми биздин вариант баарынан мыкты болот деп айткандан алысмын. Бирок башкалардын арасында дагы бир аракеттин болгону менимче жаман болбойт. Ал эми натыйжасы болсо буюрса бүткөндөн кийин билинет. Дагы бир катар тегерек үстөл, жыйын, талкууларды өткөрөбүз.
-Бирок, сиз билесиз да, буга чейин деле өткөн жылдары оппозиция эки жолу ири митингдерди өткөрүп, ушул талаптарды коюп келишти эле. Бирок бийлик эки тизгин, бир чылбырынын бирин парламентке берүүгө ошол мезгилде макул болгону менен кийин аны кайра түрдүү жолдор менен ашыра кайтарып алды. Бул жолу андай болбойт деп ойлоого кандай негиз бар. Сиздер түзүп жаткан концепцияга көңүл бөлөт деген ишенич барбы ушул бийликте?
-Эми биз ар кандай жолдорду колдонуп жатпайбызбы. Митинг жолу да болду. Биз коомдук парламентте негизинен Конституциялык негизде саясий жол менен элге түшүндүрүү, бийликке да улам коомдук пикир аркылуу таасир этүү аракетин көрүп жатабыз. Менимче, канчалык аракет көбөйгөн сайын бийлик аны укпаса, анда өзүнө эле жаман болот. Ага өткөн бийликтин тагдыры эле күбө болбодубу. Демек, азыркы бийлик дагы сөзсүз андан сабак алууга тийиш.
-Бир жумага жакын убакыттан бери коомчулуктун бүйүрүн кызытып келе жаткан чоң саясий окуянын айланасынан суроо берейин. Президент менен Жогорку Кеңештин төрагасынын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу дагы ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Бүгүн парламенттин “Ак жол” фракциясы Адахан Мадумаровдун мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу маселесин карашы күтүлүп жатат. Бул чатак парламенттин имаратын ремонтто маселесинен чыккан жок, бул жөн эле шылтоо болуп калды деген сөздөр айтылып жатат. Буга сиз кандай дейсиз?
-Туура, учурда акыркы жагдай маанилүү болуп жатат. Анткени мен башында белгилегендей бул жаңы парламент башында эле ээрге кыйшык отурган. Акыйкатсыз, мыйзамсыз жол менен бийликке келишип, жасалма түзүлгөн партия, жасалма түзүлгөн фракция эч убакта кайсы бир идеянын, кайсы бир ыйык принциптин тегерегинде эмес, бийликке илешип калуу ниетинде болуп, анын курамы ар кандай мүнөздөгү, ар кандай көз караштагы адамдардан турат. Мында мыкты биримдик болмок эмес. Биз деле ошондой болжогонбуз. Дал ошондой болуп чыкты.
Бул жерде эки жагдай болуп жатат. Биринчиси, саясий жагдай. Бул алдын ала кийинки шайлоолорго карата, ачык айтканда, президенттик шайлоого карата даярдыктын башталышы. Ошого өзүн алып чыгышы ыктымал деген бир атаандаштарды ээрден эртерээк оодарып коюу. Экинчиси болсо, тилекке каршы Адахан Кимсанбаевич дагы менин убагымда чогуу иштешкен, чогуу жүргөн шакирттеримдин бири эле. Өзү дагы негиз берип койду. Өтө эле үстөмчүл болуп, парламентте буйрукчул стилди тандап, анын артынан депутаттарга жаман көрүнүп калды окшойт.
Президент экөөнүн ортосундагы сөзгө биз эми күбө боло алган жокпуз. Бирок көрүп жатпайбызбы эки ачалык эл алдынан чыгып мен ачык эле айткым келет, Адахан Кимсанбаевичтин да, президенттин дагы кайсы бир деңгээлде бедели кетип отурат. Мына ошону булар Адахан Кимсанбаевичке оодарып, шылтоо кылып, ээрден оодаруу аракети болгону турат. Мен бир чети ушундай болуп жатканына өкүнөм, албетте.
-Маегиңизге ырахмат.