Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

“БАРПЫ” ТЕАТРЫ ЖАНА Ч.АЙТМАТОВДУН БАЛАЛЫК ЧАГЫ


Жакында Жалалабат облусундагы “Барпы” атындагы кыргыз театры атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/05/C7AA02C4-7D2E-4D0C-BF6B-161971550288.asp балалык, өспүрүм, жигиттик курагы, чоң ата, чоң энелери, чыгармачылыгы тууралуу спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады. Жергиликтүү авторлор Кеңешбек Шадыбеков менен Абдыманап Оморовдун “Балалыгым” аттуу пьесасынын негизинде жаралган “Калем сыры” аттуу интерпретацияга 40 аткаруучу тартылып, пьеса Айтматовдун 80 жылдыгына байланыштуу өтө турган фестивалга катыша турган болду.

Жергиликтүү авторлор Кеңешбек Шадыбеков менен Абдыманап Оморов Айтматовдун чыгармачылыгына арнап “Балалыгым” аттуу пьеса жазышкан. Анын негизинде жаралган “Калем сыры” деген интерпретация улуу жазуучунун 80 жылдыгына карата күзүндө Ысыккөлдө өтүүчү фестивалга даярдалып, ал көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Кырк чакты эпизоддук каарманы бар спектаклге “Барпы” театрынын он беш актерунан сырткары жергиликтүү окуу жайлардын студенттерин, мектеп окуучуларын тартууга туура келди.

Оюн көрүүчүлөргө тартууланаар алдында бир актер армияга чакырылып, анын ордуна ойноочу башка адамды бир жумада даярдоого туура келди. Көрүүчүлөрдүн көз алдына Ата Мекендик Согуш маалындагы оорук, Айтматовдун чоң ата, чоң энелери, жылкы ууланып өлгөндө котормочу, селсебетте катчы, Жамила менен Даниярдын сүйүүсүнө күбө болуп, чагымчылардын айынан атылып кеткен атасы Төрөкулду издеп, Орусияга барган Чыңгыздын элеси тартылды.

Анын балалыгы менен жигиттик курагын жана чоң атасы Айтматтын ролун жаш актер Талант Жуманазаров ойноду. Жазуучунун чоң энеси Каракыздын образын актриса Гулифар Гаипова жараткан жеринен үзүндү аткарып берди:

Каракыз: - Ээ, Чыңгыз, Жамила менен жанагы аксак Данияр түндө качып кетиптир.

Чыңгыз: -Жанагы көк сайлык жеңемби?

Каракыз: - Ошол жеңең! Түпсүз-тексиз, кайдагы бир сел саяк менен качып кетиптир...

Чыңгыз: -Каркыз апа, эмне көзүңөрдү ачкан жок белеңер?

Каракыз: -Күйөөсү фронтто жанын оозуна тиштеп, согушуп жүрсө, аялы каяктагы бир селсаяк менен качып кетет деген эмне! Биздин уруунун бетине көө жапты. Шерменде! Сен эмне алардын мамилесин мурда эле билчү белең? Аларга жан тартып чогуу жүргөн экенсиң да ээ!

Чыңгыз: Жамила менен Данияр талаадан эгин ташышчу. Кээде үчөөбүз да чогуу иштеп калчубуз.

Башкы режиссер Бакыт Жумалиев Айтматовдун чыгармачылыгына кайрылуунун негизги себептерин түшүндүрдү. Спектаклди даярдоого маданият министри каражат бөлүп, “Барпы” театры да ага өз кошумчасын кошкон. Театрдын гастролго чыгуусуна транспорту жок, сапардын чыгымдары чектелүү. Эмгек акынын аздыгы менен үй-жай берилбегендиктен борбордун бүтүрүүчүлөрү элеттик театрга келип иштөөдөн баш тартышууда:

- Айлык маяна аз. Андыктан актерлор турбайт. Баягы эле үй-жай меселеси. Биздин театрга борбордон окууну бүткөн актерлор келбейт. Анткени жатакана маселеси чечилген эмес. Ушул себептерден улам өзүбүздүн жергиликтүү тургундарды, шыктуу окуучуларды топтоп, театрга ишке киргизип, өзүбүз тарбиялап жатабыз.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы чексиз экендигин театрдын ассистенти көгүш аалам, андан артылып түшкөн алты аркан аркылуу көрүүчүлөргө жеткирүүгө аракет кылган. Башкы сүрөтчү Жанаргүл Өмүрзакованын ырасташынча Айтматовдун чыгармаларын ийине жеткире аткарууга элеттик актерлордун профессионалдык деңгээли төмөн болууда:

- Аркандын алты жиби өтөт. Эки жакка үчтөн бөлүнөт. Ал комуздун кылы сыяктуу чечмеленет. Ар бир кыл Айтматовдун өзүнүн чыгармасын көрсөтүп турат. Турмуштун кылдары дегендей. Менин оюмча Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын чет элдиктер, мисалы, өзбек, казак театрлары бизге караганда мыкты чагылдырып берет. Мага ошондой туюлат. Анын чыгармалары аябай күчтүү. Бирок биздин сүрөттөп берүүбүз начарыраак болуп жатат.

Улуу жазуучунун өспүрүм курагын жаратуу актерлукка эми кадам таштаган Талант Жуманазаров үчүн оңойго турган жок.

-Театр искусствосуна аралаша башташ мен үчүн кыйынга турду. Ыйлай турган жерлерде ыйлай албай кыйналдым.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG