Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

КОШ БОЛ, АЛМАЗ!


Аманбек Жапаров, Бишкек 12-июнь күнү 58 жашында Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык Ч. Айтматов атындагы сыйлыгынын лауреаты, М. Рыскулов, Ж. Абдыкадыров сыйлактарынын лауреаты, Владикавказдагы эл аралык театралдык “Чексиз сахна” фестивалынын ГРАН-ПРИ байгесинин ээси – Алмазбек Сарлыкбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Убагында А. Сарлыкбеков Нарын облустук муздрам театрында жана жаштар театры менен Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драмтеатрын жетектеген. Анын чыгармачылыгы театр сынчыларынан купулуна гана толбостон, жөнөкөй көрүүчүлөр жана мамлекет жетекчилигинин жогорку баамына татыган. Ал бүткүл создук театралдык сыйлык А. Д Попов атындагы күмүш медалы менен сыйланып, Кыргызстандын искусство жана маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген наамы ыйгарылган.



Алмаз Сарлыкбековдун сөөгү өзү туулуп өскөн Москва районундагы Төлөк айылында кечээ (15-июнда) жайына коюлду. Аны акыркы сапарга узатууга барышкан театр жана кино өнөр адамдары Сарлыкбековдун чыгармачылыгын, адамгерчилигин эскеришип, кыргыздын жалгыз профессионал театр режиссерунан айрылышканына арман кылышты.










XS
SM
MD
LG