Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:00

БЭЭЖИН ОЛИПИАДАСЫНАН КИЙИНКИ КУБАНЫЧ


Акан Иманов, Бишкек “Манас” эл аралык аба майданында көптөгөн спорт күйөрмандары бир нече аткаминерлер Бээжин олимпиадасында ийгилик жаратып, күмүш медаль ээси Канат Бегалиев менен коло медаль тагынган Руслан Түмөнбаевди күтүп алуу аземине күбө болушту. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку эки байгени уткан эки балбанды Бишкек чыныгы баатырлардай тосуп алды.

Бээжинден Бишкекке бет алган учак “Манас” эл аралык аэропортуна конушуна саналуу убакыт гана калды. Эки олимпиадачыны күткөндөрдүн арасында 1980-жылдагы Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев да турган экен, ага микрофон сундум:

- Руслан менен Канат бизге коло жана күмүш медаль алып келип, аябай сүйүнтүп жатат. Мен дагы келечегибиз алдыда деп ойлойм. Биз умтулабыз. Биздин машыктыруучулар элдин колдоосу менен эмки олимпиадага жакшы даярданып, анда дагы медалдарды алып келет деп ойлойбуз.

Буга чейин Руслан Түмөнбаев Азия чемпиону аталган, Кыргызстанга Бээжин Олимпиадасынын коло медалын алып келди. Ал эми Азиянын эки жолку чемпиону, Дүйнө биринчилигинин күмүш медалын тагынган Канат Бегалиев Бээжин олимпиадасында чоң ийгилик жаратып, биринчи жолу эгемендүү Кыргызстандын тарыхында ири байгени утуп алды.

Мына жаңы эле конгон учактан жерге түшкөн Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев тосуп турган топту көздөй келе жатышат. Эми балбандар көптөгөн күйөрмандарынын, машыктыруучуларынын жана куттуктап келген көптөгөн адамдардын кучагында калышты. Бул жердеги, бул көз ирмемдеги кубаныч менен толкундоону сөз менен жеткирүү мүмкүн эместей сезилет.

Олимпиадалык күмүш медалдын ээси Канат Бегалиев Бээжиндеги таймаштар тууралуу мындайча айтып берди:

- Кубанычым абдан чон. Жакындарым тосуп алганда абдан толкунданып жатам. Таймаштар өтө татаал болду. Оор болду. Күмүш болгондон кийин алтын да болмок. Алтын медалга ой бар болчу.

Ал эми Олимп коло медалдын ээси Руслан Түмөнбаев болсо мындай чоң жеңишке жеткенине эми өз мекенине келгенден кийин гана ишенип турганын жашырбады:

-Таймаштар кыйын өттү. Чоң деңгээлде өттү. Коло медалды утканда деле ишенген жокмун. Азыр Кыргызстанга келип ишенип турам.

Бул кыргыздын эки балбан уулдары Кыргызстандын түбөлүк сыймыгы болуп өлкөбүздүн спорт тарыхында калаарына шек жок. Буга чейин болгон Афина олимпиадасында кыргыз спортчулары эч байге ала албай калышкан. Ал эми Сиднейдеги Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан чыкан казак спортчусу Айдын Смагулов Кыргыз мамлекетине биринчи жолу коло медаль утуп келген. Мына арадан сегиз жыл өткөндөн кийин кыргыз жигиттери Канат менен Руслан XXIX Бээжин олимпиадасында күмүш жана коло медаль жеңип, Кыргызстандын намысын коргой алышты.

Бул эки спортчуну таптап, чоң таймашка даярдаган машыктыруучу Эмил Алыкулов эки балбандын мындай ийгилик жаратаарына мурдатан эле ишенгенин айтты:

- Канат команданын лидери болуп жатса, Рулан болсо бул жылы лицензияны Кореядан алам деп Азиянын чемпиону болуп жатса. Албетте, биз балдарга ишенгенбиз. Эмне деген спортчуларды утушту.

"Азаттык":- Канат Бегалиев Олимпиадада күмүш медалдын ээси болду. Ошол эле маалда калыстардын калпыстыгы тууралуу да сөз болууда. Буга кандай дейсиз?

- Ооба, аны жалпы кыргыз эли көрдү. Экинчи беттешүүсүндө биз тарапка бериле турган эки упай бөлөк тарапка берилгени туура эмес болуп калды. Бул калпыстык эң туура эмес нерсе.

Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевди алдыда президент К. Бакиев убада кылган акчалай сыйлык, белектер, куттуктоолор күтөт. Ушул эле учак менен Бээжинге Кыргызстандын Олимпиада командасынын мүчөлөрү - эркин күрөш боюнча мелдешке чыкчу Арсен Гитинов менен Алексей Крупняков учуп кетишти. Алар 19-августа башталчу мелдештерде таймашка чыгып, Кыргызстандын намысын коргошот.
XS
SM
MD
LG