Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Бишкекте цирк бирөө, өңү өтө жүдөө


Бишкекте кезегинде цирктин имараты кулпуруп шаардын көркүн ачып турар эле.
Бишкекте кезегинде цирктин имараты кулпуруп шаардын көркүн ачып турар эле.

Мамлекет маданий имараттарга өткөн жылдан тартып көңүл бура баштады. Буга чейин депутаттар өлкөдөгү көзгө сүртөөр имараттардын кейпи кетип калганын сынга алып келишкен. Баарынан да мамлекеттик цирктин имаратынын абалы аянычтуу.

Мамлекеттик тарых музейге 23 жылдан бери капиталдык ремонт жасалган эмес. Өткөн жылдан тарта гана музейдин абалына көңүл бурулуп, өкмөттүн “Мамлекеттик тарых музейин капиталдык ремонттон өткөрүү жана жаңы экспозиция түзүү боюнча” токтому жарык көргөн. Ага ылайык учурда кыргыз тарыхын чагылдырган экспозициянын илимий концепциясы жазылып бүтүп, ал мыкты тарыхчылар, илимпоздор, айкелчилер менен дагы такталарын музейдин деректири Жеңишбек Чынаев билдирди.

- Чындыгында кыргыз элинин, Кыргызстандын тарыхын чагылдырган экспозициябыз жарды, кедей. Кыргыз элинин таш доорунан баштап бүгүнкү суверен Кыргызстанга чейин экспозиция жасасак гана кыргыздын тарых музейи болот. Имараттын ичин реконструкция кылбай туруп экспозиция жасоого мүмкүн эмес, - дейт Ж.Чынаев.

Жеңишбек мырзанын ырасташынча, музейдин үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кабаттары жаңы концепция боюнча кыргыздын тарыхына арналат. Анда башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген белектер да өз ордун табат. Ошондой эле жаңы токтомго ылайык музейдеги жезден жасалган Лениндин барельефтери сыртка чыгарылышы мүмкүн.

- “Биз муну сунуш катары айтканбыз. Бирок бул толук чечиле элек. Бул дагы тарых. Бирок, Кыргызстандын тарыхы биринчи планда турат, - дейт Ж.Чынаев.

Ал эми улуттук циркке сырттан келип, оюн-зоок көрсөтүп кеткендер имараттын мышык ыйлагыдай абалда экенин белгилеп жатышат. Өткөн айда эле кыргыз чөйрөсүнө өнөрлөрүн тартуулаган дүйнөгө атагы чыккан орусиялык циркач Карина жана Артур Багдасаровдор да ушундай оюн айтышкан эле:

- Чынын айтсам, Бишкек цирки мышык ыйлай турган абалда экен. Бул жерде шарт абдан эле начар, жарык берүү жолго коюлган эмес. Залдары жылытылбайт, суук. Анча-мынча жерлерин оңдоп-түзөп жатышыптыр. Кудай буюрса, кийинки келгенге оңдолуп калат деген үмүттөбүз, - дейт А.Багдасаров.

Цирктин имараты курулган бойдон жылына майда-барат ремонттор жасалганы менен капиталдык ремонттон өтө электигин анын радио кызматынын жетекчиси Авас Бокошев тастыктады. Анын айтымында улуттук цирк чоң ремонтко муктаж.

- Курулганы эч нерсе боло элек да. Ал жакка акча бөлүнө элек, туура. Жарыктарына деле тие элек, мурунку бойдон турат, -дейт А.Бокошев.

Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драм театрында учурда чоң ремонт иштери жүрүп жаткан чагы. Анда жылуулук системалары, жарык, сахна, көрүүчүлөр залынан тартып, артисттердин грим жасоочу бөлмөсүнө чейин оңдолмокчу. Театрдын деректир орун басары Орозакун Нурмамбетовдун айтымында, ремонт иштери ушул жылдын күз айларына чейин уланышы ыктымал.

- 1970-жылы бул театр эксплуатацияга берилген экен. Ошондон бери бир да жолу капиталдык ремонттон өтпөптүр. Азыр жылуулук сисетмаалры бүтүп калды. Кышында жылуу, жайында салкын болчу механизмдер колдонулуп, көрүүчүлөр залындагы отургучтар да жаңыланат. Бүгүнкү шартка ылайыктуу жасалгалар менен иштеп жатабыз, -дейт О.Нурмамбетов.

Маданият жана маалымат министрилигинен алынган маалыматка караганда ремонт иштери өлкөнүн бардык аймактарындагы маданий имараттарда убак-убактысы менен жүргүзүлөт. Министрдин орун басары Оросбек Айдаровдун айтымында, театрларда ремонт иштери бүткөн соң алардын статусу аныкталып, жыйынтыгында жеңил-желпи, ызы-чуу шоу кечелер, концерттерди өткөрүүгө уруксат берилбейт.

- Алгач эле ремонт иштери Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияга жасалып бүткөн. Эми ошондой эле позицияда бүт театрлар оңдолуш керек деп жатабыз. Андан соң министрлик тотом жазып, алардын статусун аныктайбыз. Ошол театрда кандай багыттагы оюндар жүрүш керек. Ошого эл да көнсүн деп жатабыз, - дейт О.Айдаров.

Айрымдар маданий имараттардын кейпи кетип, көп көңүл бурулбай калгандыктан бул жакка соңку мезгилде көрүүчүлөрдүн, күйөрмандардын да агымы азайган. Азыркы жаштар бош убактысын кантип өткөрөт, театр, музейлерге барабы, деги эле кызыгабы деген суроого жооп издеп көргөн элек:

Байзак: - Чынын айтсам, көп убакыт өтүп кетти, эсте да жок. Мындай жайларга барууга кызыкпайм.

Динара: - Барып көрө элекмин. Кызык деле болбосо керек.

Эрмек: - Театр жакка көп барбайбыз. Азыркы жаштардын көбү сауна, бильярдга барышат. Театр, музейге мугалимдер менен эле барбасак, андай жактарга тартпайт.

Айрым жаштардын театр, музейлерге болгон көз карашы мына ушундай. Ошентсе да учурда Бишкек шаарында жайгашкан көзгө басар маданий имараттар акыркы заманбап технологияларды, жасалгаларды колдонуу менен жаштарды да тартууга аракет кылып жаткан чагы.
XS
SM
MD
LG