Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

А. Атамбаев Ак үйдүн провокациясын төгүндөдү

01.07.2009

Бириккен элдик кыймылдын атынан бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев атайын кайрылуу менен чыгып, «Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин досторунун гезиттери, телеканалдары аркылуу таратылган» ал тууралуу материалдарды карандай калп катары четке какты.

 

Алмазбек Атамбаев «мен адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн», деп билдирди. «Мага каршы даярдалган балит, ыплас маалыматтык провокациялардан улам ушул кайрылууну жасаганга мажбур болуп отурам. Сөз Жалал-Абаддын бир жериндеги менин шайлоочуларым менен болгон жолугушуум учурундагы так эмес фото-видео материалдар тууралуу жүрүп жатат. Белгисиз себептерден менин капыстан ооруп, өзүмдү жоготконумду «талапкер шайлоочулар менен мас абалында жолукту» деп маалымат таратышты. Карандай калп. Динге жакын бул аймакта акыл-эси ордунда болгон адам мындай ишке барбайт. Бул акция провокациялык, кала берсе алдын ала пландалган сыяктуу түр калтырды. Анткени, менин жолугушууга чыгып келаткан учурумду алдын ала эле камера менен тартып күтүп турушкан экен», деп айтылат ал кайрылууда.

Андан ары А.Атамбаев бул маалыматтарды бийликтин атайын тапшырмасы катары баалаган: «бул ыплас материал Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин досторунун гезиттери, телеканалдары аркылуу таратылганы дагы бир кыйла маанилүү. Эмне үчүн мен буга чейин бул материалдарга эч кандай реакция жасаган жокмун. Узак убакытка үгүт сапарында жүрүп, бул материалдарды көрбөй, мен буга көңүл бурбаганымдан. Алгач, керек болсо, маалымат кызматыма кандайдыр бир реакция жасоого тыюу салып келдим. Мен адеп-ахлактык нормалар менен жашоого жана алардын негизинде күрөшүүгө көнгөн адаммын. Бийликке жагалдангандар ушундай деңгээлге түшүп кеткенин чындыгында күткөн эмес элем», деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле талапкер учурда эл эмнени күтүп жатканын жана үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды мындайча чечмелейт: «Эл арасында үй-бүлөлүк башкаруу режиминен бошонуу идеясы күч алууда. Бул кээ бир адамдарды тынч уктатпай атат. Оппозициянын бирдиктүү талапкеринин беделин кетирүү үчүн ыплас чараларды колдонуп жатышат. Менин экинчи аялы бар деген калп маалыматтарды тартышууда. Алардын кээ бир «кумирлеринен» айырмаланып, менин жалгыз гана жубайым бар, экөөбүз чогуу өмүр сүрүп келатканыбызга 20 жылдан ашты. Биз бири-бирибизди сыйлап, сүйүп жашап келебиз. Мага никесиз баласы бар деген жарлыкты таңуулоо абсурддук көрүнүш. Мен Кудайга ишенген адаммын, өз баласынан качкандарды эч качан сыйлабайм. Ак эмгек менен тапкан акчама жакшы көрүп, сыймыктанган балдарымды гана багууга эмес, бейтааныш балдарга, адамдарга да жардам берүүгө дагы Жараткан мага мүмкүнчүлүк берди. Акүйдүн провокаторлор менен жалаа жабуучулары мага карата жаңы калпты даярдап атканынан дагы кабардармын. Алардын аттары дагы белгилүү, бирок мен 16 жылдан бери саясатта жүрүп бул байкуштар менен бир дагы жолу соттошкон эмесмин. Мурда алар Акаевдердин үйбүлөсүнүн колуна суу куюп жүргөн болсо, эми башка акырга баш салып атышат. Аларды Кудай таразаласын».

Билдирүүнүн аягында Алмазбек Атамбаев 23-июлдагы шайлоого оппозиция чечкиндүү баратканын баса белгилеген: «Булардын баары азыркы режимдин иши оңунан чыкпай калганын дагы бир жолу далилдеп турат. Биз алардан коркпойбуз. Алар оппозиция биринчи жолу бирдиктүү жалгыз талапкерин алып чыкканынан коркуп жатат. Бийликти тазалоо жана дагы күчтүү Кыргызстанды куруу боюнча так, ойлонулган, реалдуу программабыз дагы аларды бүлүккө салып жатат. Алар менин шайлоочулар менен жолугушуумду үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашууда. Алар чындыктан коркот. Алар бизден коркот. Ошондуктан, алардын заманы бүттү. Мамлекет менен чиновниктер президентке эмес, карапайым калкка кызмат кылышы керек. Биз муну камсыз кыла алабыз, бул үчүн үйбүлөлүк башкарууну уратышыбыз керек. Бириксек – колдон келет!», деп аяктайт билдирүү.

 

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Накопозиционер каяктан: ?????????
03.07.2009 23:37
Замандаштар мага түшүндүрүп койгулачы. Атамбаев деген адамыңар, Бакиевдин кызматына азгырып, бизди сатып, таштап кетпеди биле? Бир жыл анда кызмат кылып, ОРДЕН албады биле? Азыр кайсы бети менен, кайра оппозиция болуп жүрү бул адам? Ушундай "Хамелеон" адамдарды колдосок, биз эч качан балдарыбызга жакшы тарбия бере албайбыз, демек анда келечегибиз жок биздин.

кимден: Бакыт каяктан: ош
03.07.2009 22:20
Атамбаев президент болот

кимден: Эрик каяктан: Ош
03.07.2009 21:29
Акаевдин заманына зорго чыдаган эл Бакиевдин андан ашып түшкөн зордукчул заманына ким эле ыраазы болсун. Мындай үй бүлөлүк башкарууга чек коюуга мезгил жетти деп ойлойм. Ошондуктан кыргызстандыктар ойлонолу да ойгонолу. Кийин кеч болуп калат.

кимден: Eма каяктан: Токмок
02.07.2009 23:19
Теледен Бакиевди реклама кылып жатат тракторлорду жарыштырып андан көрө дыйкандарга берсе кредитке жакшы эле болмок? Атамбаевке добуш берем бирок өтөрүнө ишенбей турам анткени бул шайлоо таза шайлоо эмес элдин көпчүлүгү билип турат.

кимден: Асылбек каяктан: Жалал-Абад
02.07.2009 06:52
Мисалы менин тааныштарым, туугандарым,досторум баары эле Атамбаев деп жатышат, двордо отурган кемпир-чалдар деле Атамбаевке добуш беребиз деп сөз кылганын угуп калам анан Атамбаев өзүнүн добуштарын коргой алабы же эл бизди шайлады эле бийлик уурдап алды деп кала береби кайрылуу жана прессконференция менен чектелип канкреттүү эмне чара колдонот өзүнүн добуштарын сакташ учун. Урматтуу "Азаттык" ушул суроого жооп ала аласыңарбы Атамбаевдин штабынан.Ракмат.

кимден: Тимур каяктан: Ош
01.07.2009 23:32
Мен таныган адамдардын баары Атамбаевге добуш беребиз деп жатышат. Бийлик коркконунан шайлоонун таза өтүшүнө түрдүү тоскоолдуктарды жасап жатат эл буну көрүп турат.

кимден: Рахат каяктан: Нарын
01.07.2009 22:20
Атамбаев, Максим Бакиев жана Березовский деп ачык коркпой айтканы эле анын принципиалдуу өзүнүн ачык сүйлөгөнүн билдирип турат, башка кандидаттар мисалы Сариев, Назаралиевдер антип ачык айта албайт, духтары жетпейт.

кимден: Талант каяктан: Талас
01.07.2009 22:02
Алмаз акени шайлайлы Бийлик Атамбаевден жана анын тарапкерлеринен коркуп ушинтип газетага ар-кандай жаман акылга сыйбаган нерселерди колдонуп жатат бирок бул Атамбаевди реклама кылып жатат

кимден: чындык каяктан: станбул
01.07.2009 21:22
эй кыргыз туугандар ойлонуп иш кылгыла. келечек силердин колуңарда. кудай деген кул өлбөйт дегендей, кудайдан корккон, элди ойлогон, таза талапкерди шайлайлы. Атабаевден башка татыктуу талапкер жок. анткени ал адам кудайдан коркот. силерден сураныч ойлонуп иш кылалы!!

кимден: Эмиль каяктан: Нарын
01.07.2009 18:58
Эн таңгалычтуу нерсе эл арасында Алмаз Атамбаев жөнүндө жакшы сөз көп анан шайлоодо Атамбаевди шайлайбыз деп жатышат. Бирок туугандар, Бакиев президенттик жарышта биринчи баратат деген массалык маалымат каражаттарында жазылып айтылып келе жатат. Кандай түшүнсө болот. Мисалы Нарынды элдин 90% Атамбаев деп жатат! Менин досторум туугандарым тааныгандарым баары Атамбаев деп жатышат...23-июлда Бакиев Нарын боюнча 80% деп чыкса анда иш чатак!!!
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)