Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Обаманын сапары: Москва болк этсе, Кыргызстан солк этеби?

06.07.2009
Айданбек Акмат уулу

АКШ президенти Барак Обаманын Москвага алгачкы расмий сапары 6-июлда башталды. Эки чоң мамлекеттин талкуулай турган маселеси арбын. Алардын катарында Ооганстан, демек Кыргызстандагы Транзиттик борборго байланыштуу маселе да козголушу күтүлүүдө. Ал эми Россиянын “Тынчтык жана согуш” аттуу сайты "Манаста" Транзиттик борбордун түзүлүшүнө орус генералдары каршы болуп жатканын жазып чыкты.

Компьютер заманында АКШнын лидери Барак Обама Россия менен мамилесин жакшыртууну компьютер тили менен мүнөздөп, эки өлкөнүн мамилеси “кайра жүктөөгө”, же “перезагрузкага” муктаж экендигин билдирген. Бирок эки тараптын келише албаган жактары да арбын. Алар: АКШнын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасын орнотуу планы, Ирандын өзөктүк программасы, Грузия жана башка эл аралык маселелер боюнча пикир келишпестиктер.

АКШ тарап азыркы мезгилде эки өлкөнүн стратегиялык чабуул жасоочу куралдарын кыскартуу жана Ооганстанга Россия аркылуу аскерий багыттагы жүктөрдү ташуу маселесин чечүүгө кызыкдар болууда. Россия өз аймагынан Ооганстанга аскерий эмес, гуманитардык жүктөрдү ташууга гана макулдугун берген.

Россиянын стратегиялык өнөктөшү болгон Кыргызстан ар кандай жүктөрдү ташууга америкалыктарга уруксатты берген.


Мындай уруксатты берер алдында Кыргызстан Москва менен кеңешкенин билдирүүдө. Москва өз кезегинде Транзиттик борборду түзүүгө макулдугун берүү менен АКШ менен соодалашып, Чыгыш Европага ракетадан коргонуу системасын курууну токтотуу талабын коет деген сөздөр айтылууда.

Кандай болгон күндө да Транзиттик борбордун түзүлүшү менен Кыргызстан эки улуу мамлекеттин өнөктөшү болуп турат. Ошондуктан Барак Обаманын Москвага сапары учурунда Кыргызстанга байланыштуу маселе да козголот дейт саясат таануучу Марат Казакпаев:

- Бизде эми Транзиттик борбор болот. Эми ошол боюнча Россия менен АКШ бир жыйынтыкка келиш керек. Эки тарап кандай жүктөрдү ташуу боюнча бир жыйынтыкка келиш керек. Россия аскердик эмес, гуманитардык багыттагы жүктөрдү ташууга уруксат берилиш керек деп турат. Бирок Америка Ооганстанга сөзсүз аскердик жүктөрдү жөнөтүш керек. Ансыз болбойт.

Транзиттик борбордун түзүлүшүн колдоодон баш тарткан Жогорку Кеңештеги Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев Транзиттик борбор, Кыргызстан маселеси Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда козголоорун белгиледи.

Бул арада Россиянын “Тынчтык жана согуш” сайты орус генералдары "Манаста" АКШ базасы калышына каршы болуп жатканын жазып чыкты. Исхак Масалиев расмий Москва Транзиттик борборду түзүүнү жактаганын, эгерде орус генералдары ага ачык каршы чыккан болсо, генералдар өздөрү кызматтан алыныш мүмкүндүгүн айтты:

- Москва генералитетти алмаштырат. Орус аскерлеринин жетекчилигинин позициялары мага белгилүү. Алар илгертен эле АКШнын таасирин кыскартуу үчүн күрөшүп келгендер. Генерал деген генерал да.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков да орус генералдарынын таасири олуттуу болбосун белгилеп, буларга токтолду: 
 

- Эми бул Кыргызстанга өтө деле чоң таасир этпейт. Себеби дегенде генералитеттин бардыгы саясий жетекчилерге баш ийет. Ал эми жетекчилердин бүгүнкү кадыр-баркы, ишин алып барышы менен эл ичинде кадыр-баркы чоң болуп жатат. Эл аралык деңгээлде да абалы жаман эмес. Ошондуктан генералдардын таасири өтө көп деле тийбейт. 

Исаковдун айтымында, Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда дүйнөлүк кризис, куралдарды кыскартуу, Ооганстанга байланыштуу маселелер талкууланат. Москва "Манастан" базаны чыгарууга жетишип, андан кийин Транзиттик борбор түзүүнү колдогондон кийин анын акысы үчүн өзүнүн маселелерин чечүүгө аракет жасайт.

АКШ президенти Барак Обаманын Москвага бүгүн башталган сапары үч күнгө созулары белгиленүүдө. 

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Аман каяктан: Кыргызстан
08.07.2009 21:24
Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгондон кийин өз алдынча чечпейби, эмнеге кабатырланат. Өөзуңарды ачпай тыңыраак болгулачы бийлик башындагылар. Өз киндигиңерди өзүңөр кесип. Иштей албасаңар жаштарга бергиле орунду.

кимден: Кана каяктан: Бишкек
08.07.2009 01:55
Акбар РФ сен чын эле Сариевдин туугуны окшойсуң.

кимден: mar
07.07.2009 19:58
Князев, Авдеева деген немелер "Манасты" согуштук эмес ташууларга берген үчүн кыргыздын жети атасына чейин жектеп атты эле, эми Россия өзү территориясын согуштук кылып америкага бергенде эмнеге орусияны жектешпейт? Булар ким үчүн жан тартып, кимдин кызыкчылыгы үчүн күйүп бышат?

кимден: Акбар каяктан: РФ
07.07.2009 00:16
Т.Сариев да ушул лидерлер курактуу.Ойлон кыргыз!

кимден: кыргыз каяктан: Бишкек
06.07.2009 22:09
Афганистанда, Чеченстанда, 20-жылдары Мадаминбектин атын укканда ичи өтүп жургон орус генералсөрөйлөрү кыргыздын чечимине нараазы болууга эч кандай укугу жок. Алар аттан түшсө да ээрден түшпөй жүрүшөт. Грузияны басып алуу менен орустар эч качан башка элдерге дос болбостугун дагы бир жолу далилдешти.

кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
06.07.2009 19:00
Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгондон кийин, эмнеге Орусиядан кабатыр болушу керек? Түшүнбөйм бизде президент жана ак үйдө иштеген өзүбүздүн адамдарыбыз бар! Өзүбүздүн жумушубузду, өзүбүз эле аткарганга күчүбүз жетет.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)