Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Борбордук Азия

Түркмөнстан эгемендиктин 18 жылдыгын белгиледи

Turkmenistan -- Ashgabat. Celebration performances in the Olympic Stadium, 28Oct2009

Turkmenistan -- Ashgabat. Celebration performances in the Olympic Stadium, 28Oct2009

30.10.2009

1991-жылы 27-октябрда Түркмөн ССРинин Жогорку Кеңеши элдик курултайдын негизинде “Түркмөнстандын көз карандысыздыгы жана өлкөнүн түзүлүшү жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ошол күндөн тартып түркмөн эли 27-28-октябрь күндөрүн мамлекеттик башкы майрам катары белгилеп келет.

1999-жылы Түркмөнстан өзүнүн президенти Сапармурат Ниязовду өмүрү өткөнчө президент деп шайлап, бир топтору муну демократияга коошпогон чечим деп катуу сындап чыккан. Ал эми 2006-жылы Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун көзү өткөндөн кийин анын ордун вице-премьер Гурбангулы Бердымухаммедов ээлеген. Жаңы президент келгенден кийин өлкөгө демократия баш бакты деген менен, айрым саясат талдоочулар азыр деле авторитардык режим күчүндө экенин айтышууда.

Түркмөнстандын эгемендик майрамына карата Кыргызстанда билим алган түркмөн студенттери жана кыргыз жаштары эки өлкөнүн айырмачылыктары жана эгемендүүлүктүн баасы туурасында айтып беришет:

Сейит: - Эгемендүүлүк - ал өзүбүздүн алган... сизге түшүндүрө албай жатам. Түркмөнстанда диктаторлук болуп кеткен да. Түркмөнбашы каза болгондон кийин бир аз демократия кирди окшойт. Кыргызстан менен айырмасы - түркмөндөр бизден бай жашайт.

Жаркынай: - Түркмөндөрдүн эгемендүүлүк күнүн билбейт экенмин. Алардын башкаруу системасы кандай экенинен да кабарым жок. Ал бизде башкаруу жакшы эле, президент Курманбек Бакиев азамат! Аны сыйлайбыз.

Бакыт: - Түркмөнстан Азия өлкөлөрүнө кызыгуу жараткан эмес. Ал өлкө менен байланыш деле боло бербейт. Экономикасы артта калган өлкөлөргө кирсе керек. Чындыгында, Түркмөнстанга кызыкпаптырмын.

Турсун: - Түркмөнстанда нефти, тузу бекер экен. Бизде суу турат жарыкты өчүрүшөт. Борбор калаабыз Бишкекте жарык жок болуп аткандан кийин башка жакты билбейм. Негизи азыркы бийликтегилерди кайра репрессия жүргүзбөсө ушунтип отурганыбыз отурган. Мен шайлоосуна да, башкасына да ишенбей калдым.

Кемал: - 27-октябрь Түркмөнстандын көз карандысыздыкты алган, эгемендүүлүк майрамы. Ушул учурдан пайдаланып жалпы түркмөн калкын майрамы менен куттуктайм.

Сердар: - Бүгүн Түркмөнстан эгемендик алган күн. Биз бул майрамды жыл сайын белгилейбиз. Түркмөндөр үчүн Нооруз жана эгемдүүлүк алган күн эң негизги майрамдардан болуп эсептелет.

Юнус: -
 Мен дагы кирип келген эгемендүүлүк майрамы менен бүтүндөй калкымы чын жүрөктөн куттуктайм. Ошондой эле Бишкекте окуп жаткан түркмөн студентерди, досторуму да учурдан пайдаланып куттуктап кетем.


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
     
Пикир
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)