Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Дынько: Лукашенко Бакиевдерди бербей турганы анык


Бакиевдердин ишинен улам кыргыз-беларус алакасында кризис жаралды. Кыргызстандын Минсктен өз элчисин чакыртып келиши, анын артынан Бишкекте беларус элчилигинин бүгүн демонстранттар тарабынан таш бараңга алынышы эки тараптын карым-катнашына дагы көлөкө түшүргөндөй болду. Соңку жараяндар беларус бийлигинин Бакиевдер боюнча чечимине кандайдыр бир таасир бере алабы? Минскилик журналист, “Наша Нива” гезитинин башкы редактору Андрей Дынько "Азаттыкка" маек курду.

Дынько: Менимче алар Минсктин чечимине эч таасир тийгизбейт. Минск мындай кырдаалдарда адатта бир жагынан экономикалык кызыкчылык жана экинчи тарабынан өзүнүн ички саясий мотивдерин гана жетекчиликке алат.

Биз билгенден Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы экономикалык мамиле анчалык деле маанилүү эмес. Андыктан беларус бийликтери өздөрү үчүн кандайдыр бир олуттуу зыянды көрбөй тургандай. Ошол эле учурда Бакиевдерге берилген башпаанек Александр Лукашенко үчүн ички саясий оюндагы маанилүү элемент. Ал бул аркылуу өз кубатын көрсөтүүдө, ыңкылаптарга же ыңкылапчыл көрүнүштөргө, ички саясий түзүлүштү демократиялаштыруу аракеттерине каршы туруучу катары беделин бекемдеп жатат.

“Азаттык”: Мурдагы президент Курманбек Бакиевди расмий Минск саясий жүйөдөн улам куугунтукталып жатат деп эсептейт экен. Бирок анын иниси, Кыргызстанда оор кылмыштары үчүн айыпталган Жаныбек Бакиев боюнча мындай аргументти келтире албаса керек. Жакында анын Минсктин борборунан тартылган сүрөтү ачыкка чыгып кеткенден кийин "ак, же көк" деген комментарий болгон жок. Беларус Тышкы иштер министрлиги өз кезегине Беларус Башкы прокуратурасынан кичүү Бакиевдин иши боюнча маалымат сураганы гана кабарланды. Минск кичүү Бакиевди эмне үчүн калкалап жатат?

Дынько: Анткени өз кишилер берилбейт. Эгер Минск Курманбек Бакиевге кепилдик берген болсо, бул кепилдик анын үй-бүлөсүнө да жайылтылат. Бул беларус бийликтери үчүн принцип маселеси.

“Азаттык”: Кыргыстан Бакиевдерди өткөрүп алуу үчүн КМШнын системасы, анын аткаруу комитети аркылуу аракеттенерин да билдирүүдө. Анын үстүнө, кыргыз бийликтеринин айтымында, Минск кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп алуу маселеси боюнча КМШнын конвенциясын көз көрүнөө бузуп жатыптыр. Эгер Кыргызстан КМШнын Аткаруу комитетине кайрылса, Минскке балким Москва таасир эте алабы?

Дынько: Бул жерде бир парадокс болуп жатат: бир жагынан Кыргызстан менен Беларус документтер боюнча жогорку деңгээлде интеграцияга жетишкен өлкөлөр тобуна кирет. КМШда эле эмес, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда да баш кошушкан. Кыргызстандын азыр Беларус негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу да сөз жүрүп жатат. Анткен менен Кыргызстан жана Беларустун чатагы карым-катнаш абдан тыгыздай көрүнгөн бул топтогу интеграциялык оюндарда мааниге ага мүчөлөрдүн эмес, Москванын пиар кызыкчылыгы ээ экендигин, ал эми калгандарынын кызыкчылыгы кардиналдуу түрдө айрымаланарын көрсөтүүдө.

Ал эми Орусиянын таасири тууралуу айтсак, менимче, Орусия үчүн Кыргызстанга караганда, Беларус геосаясий, экономикалык жана биринчи кезекте Москвада абдан баалашкан идеологиялык жактан да кыйла маанилүү.

Андыктан менин ишенимде Москва Бакиевдерге жылуу мамиле кылбаган күндө деле, бул кырдаалда кийлигишпейт.

“Азаттык”: Кыргызстан менен Беларустун мамилесиндеги соңку окуялар, расмий Бишкектин нааразылыгы беларус маалымат каражаттарында талкууланып жатабы, бул маселе беларус парламентинде көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Дынько: Беларус парламенти бул беш фракциясы, көз карандысыз депутаттары бар Кыргызстандын парламенти эмес. Ал Кыргыз ССРнин 1985-жылдагы Жогорку Кеңеши сыяктуу. Илгерки эле принциптер менен куралат, мындайча айтканда ардактуу өкүлчүлүк, жалаң Лукашенкону жактагандардан гана турат. Көз карандысыз маалымат каражаттарында талкууланууда.

Мамлекеттик маалымат каражаттары ошол эле 1985-жылдардагыдай. Алар мындай маселелерди көз жаздымда калтырышат. Анткени Беларуста мамлекет башчысынын чечими талкууланбайт. Мамлекет башчы Бакиевге башпаанек берүү жөнүндө чечим кабыл алдыбы, демек калганы аны аткаруу үчүн жасалат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG