Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

"Сүйүнчү бербейсиңби?!"


Мен жакында ата болдум. Жараткан берген бул бакытка ыраазымын. Ошол эле учурда төрөтканадагы өзүм күбө болгон терс көрүнүштү да айтпай кетсем болбос.

Тун уулум Кара-Суу аймактык ооруканасында жарыкка келди. Келинчегимдин толгоосу катуу болду, аябай кыйналды. Эненин мындай абалы ымыркайга да таасир этет экен. Уулум төрөлөрү менен дароо дарылоо бөлмөсүнө жаткырдык.

Апам экөөбүз барганбыз, мен ичимен “бала деген ыйлап түшчү эле, эми жакшы болуп кетсе экен” деп санааркап жаттым. Ичиң уйгу-туйгу болуп жатканда, сиркең суу көтөрбөйт эмеспи. Төрөтканадагы ак халатчандардын ары өтүп, бери өтүп “жуубайсыңарбы ай, кана сүйүнчү?” дей бергени безге тийди.

Балалуу болуп атса, кайсы эркек жок демек эле, эки-үчөөнө бердим. Аны да жөн албай, чын көңүлүң менен берчи деп коюшат. Баарынан да санитар аялдын “сенин аялың төрөгөн бөлмөнү тазаладым го, мага эмне бербейсиң” деп кыйкырганы ыза кылды. Балам менен жубайымдын кыйналганы бир тең, ак халатчандардын мындай мамилеси бир тең болду.

Менин түшүнүгүмдө балалуу болгон эркек сүйүнчүнү өзү бериши керек. Ой-боюна койбой “бол, бол эми, сүйүнчү бербейсиңби?!” деп демитүү кайсы жакшылык болсун. Анысы аз келгенсип, төрөгөн аялдан майда-чүйдөгө чейин акча сураша берет экен. Мисалы, дары-дармекке, кол аарчыган кагазга, самынга, медициналык кол капка ж.б. Ал эми кишиге кылган мамилеси өзүнчө сөз.

Бул тууралуу досторума айтсам, “балалуу болуп атсаң сүйүнчү пулуңду бересиң да, төрөтүү да оңой иш эмес” дешет. Туура, балаң үчүн бересиң. Бирок ал чын көңүлүңөн чыгышы керек го. Эмнеге сенден мурда озунуп, болгондо да догурунуп сурашат? Эгер аман-эсен төрөткөнүн милдет кылса, анда алар жаңылышат. Ошон үчүн мамлекеттен айлык алып жатышат да.

Менин оюмча, төрөтканада иштегендердин ар бир туулган баланын атасынан карызын өндүргөнсүп, сүйүнчү сураган адатын токтотуу керек! Мен муну каада - салтка жабышкан, биздин кыргызчылыгыбызга бекинген коррупция деп түшүнөм. Сүйүнчү пул алууну Кылмыш – жаза кодексиндеги кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу жана пара алуу беренесине катар коюш керек деп эсептейм. Бул дагы коррупциялык схема. Бир күндө ондон ашык бала жарыкка келген төрөткананын кызматкерлери өндүргөн сүйүнчү пулду эсептеп көргүлө. Балким ушул сүйүнчү пул схемасында миллиондор айланып жүрбөсүн.

Албетте мен ак халатчандарды бир жактуу пикир менен “соккум” келбейт. Баары ушундай дегенден да алысмын. Бирок мындай проблеманы коомдук пикирге айландырып, чара көрүү керек деп эсептейм.

Арген Нуров, Ош шаары
XS
SM
MD
LG