Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:00

Кыргызстан

Кудай кошкон кошуна

x
Текст көлөмү - +
Бул куру сөз эмес. Мен тай-тай басып, нанды “нана” деген кезимде биз Лейлектин борбору Исфанага көчүп келдик. Үйүбүз сегиз бөлмөлүү “орустун узун үйлөрүнөн” эле.

Чыгыш тарабында Момунжан ака менен Гүлнара апа Дилфуза, Толкун, Шухрат деген балдары менен жашашчу. Батыш жагынан биздин үйдүн эшиги ачылчу. Бирок эки үй-бүлөнү бир шыйпырдын астында 17 жыл баккан бул үйдүн эки учун бири-биринен бөлгөн тосмо жок эле.

Ошол муштумдай кезимде досторумдун кимиси кыргыз, кимиси өзбек экенин деле жакшы аңдаган эмес экенмин. Балалыктын ал дүйнөсүндө улут-улут болуп бөлүнүү жат болчу.

Кечкисин Толкун менен ойноп отуруп, алардын үйүндө уктап калсам, ошол эле жерге төшөк салып жаткырып коюшчу. Эрте менен өзүбүздүн үйдөгүдөй алар менен тамактанып, кайра үйгө келе берчүмүн. Алар да биздикинде көп калып калышчу.

Энем кесме жасап, же манты ороп калса, сөзсүз бир чоң илегенге өзүнчө салып, аны кошуналарга атачу. Аны көтөрүп алып, Момунжан аканын үйүнө алып жөнөчүмүн. Алар да палоо басып калышса, бизди унутушчу эмес.

Дилфуза турмушка чыкканда менин бир тууган эжем үйлөнүү тоюнда анын курбусу болгон. Кыз берип, кыз алган той-топурларда атам менен энем алардын конокторун тоскон жакын туугандарындай аксакалдардын башында турушчу. Толкун, Сүйөркул, Шухрат инилерим болуп баарыбыз чогуу отун жарып, самоорго чай кайнатып, кызмат кылчубуз.

Мектепти аяктап, Бишкекке окууга кеткенимде, үй-бүлөм башка үйгө көчүп кетти. Бирок азыр да Исфанада башка кыргыз-өзбектер менен ийиндеш жашап жүрүшөт. Азыр эми ата-энеме барган сайын, мени “биздин мурдагы үйгө” алып барышын суранам. Ал жерде менин балалыгым калган...

Көп жылдар Кыргызстандан сырт жүрүп, кийин кайра ошол “шыйпырлаш” кошуналардыкына бардым. Момунжан ака Толкун уулун ээрчитип, Орусияга иш издеп кетишиптир. Дилфуза турмушка чыгып, өз алдынча түтүн булаткан экен.

Жоолугун башынан ылдый салынган Гүлнара апа төрдө кенже келининин колунан ысык чай ичип, бир үйдүн балпайган байбичеси болуп отурат. Мени көрө коюп, уулу армиядан келгендей төгүлүп-чачылып көзүнө жаш алып тосуп алды...
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Таалай каяктан: Бишкек
23.06.2011 11:39
Баланын пейлинен таза нерсе жок болсо керек дүйнөдө. Курсагы менен оюндан башканын эч нерсе менен иши жок. Бекеринен эл ичинде "Баланыкындай болгон пейлиңден айланайын" алкабаса керек. Бала деген эмне орус,кыргыз, немис деп болүштүрмөк беле. Менин да балалык Эки ага ини досторум боло турган. Тан заардан каш карайганга чейин үчөөбүз чогуу ойночубуз. Чынын Айтканда алардын ата энеси менен менин үй бүлөомдүн мамилеси анча болчу эмес. Бирок алардын бири бирин жек көргөнү үчөөбүздү бөлүп кете алган жок. Азыркыга чейин алар менен мамилем жакшы. Айылга барсам сөзсүз түрдө алар менен жолугуп моокумубуз канганча сүйлөшүп кайтам. Аларда шаарга келишсе жолукмайынча кайра кетишпейт.

кимден: Хабибилла Азиреткулов каяктан: Бишкек
21.06.2011 07:32
Ассалому алейкум Төрөкул иним!Сендей жылдызы жанган жонокой,кичи пейил инимдин конур үнүн дүйнө жүзү угуп жатканына чексиз кубанып,сыймыктанганымды эч кимден жашыра албай толкунданып келем.Калемиң эми гана курчуп келе жатканына карабай кыргыздын көзгө басаар жигиттеринин бири болуп калганыңа жумурай журттун баары ыраазы!Абдилаат акам менен жеңемдин,эл-журтуңдун багына дайым аман бол.Бала-бакыраң,жакындарын менен бирге чын ден-соолукта,узун,бактылуу өмүр сүрүшүңдү Аллахтан тилеп калам.Түйшүктүү ишиңде албан-албан ийгиликтер болуп,жараткан зоболоңду мындан да бийик кылсын!Булбулдай үнүң кылымдарга жаңыра берсин.Бар бол иним!

кимден: Salkynai каяктан: Italy
15.06.2011 18:44
Juzunuz jaryk eken, kozdorunuz merimduu jigit ekensiz Sizge igilikterdi kaalaimyn baike.
Пикирге жооп

кимден: Irena каяктан: Bishkek
17.06.2011 11:59
Төрөкул, дайыма эле тынчык болсо экен.
Пикирге жооп

кимден: Kemindik каяктан: Bishkek
16.06.2011 20:34
Salkynai suyup kalbadyngyzby degi... baikengizdin bashy bosh emes... Jazylgan nerse jonundo suiloboi ele ushuntip ar nerseni talkuulap kete berebiz ee okurmandar...?

кимден: Оштук каяктан: Ош
14.06.2011 11:58
Мен Оштук озбекмин, 41 километрде менин атамын Мырза деген досу болчу, уй-булоо менен досттошуп журот элек. Биз ал жерде пасека кармайт элек, Мырза ака, анын балдары Ошко келгенде биздикиде жатышат эле. Мырза аканин Адыл деген баласы менин жашымда эле, 10-11 жашымда июн-август айларында 41 километрде журот элем, Адыл менен ойноп. 1990 жылдагы конфликтте атам калып кеткен ошо жерде, бирок айылдагылар сактап калышкан, Ошко аман-эсен вертолет менен келген. Кийин 5 жыл университетте окудум Ошто, 96-2001 жылдары, озбек-кыргыз аралашып окуйт элек, ошол маалда студенттердин арасында этникалык карама-каршылыкты сезбегенмин. Бул эл деген бир-бири менен жашап келген, азыр дагы, кийин дагы жашайт. Бирок, тынчтык болуш учун милиция, прокуратура, сотторду тотальный реформа кылыш керек, ошолор азыр негизги провкатор. Эл куч органдарына ишенбес экен аабал турукту болот, конфликттер болбойт деп эч ким айта албайт.
Пикирге жооп

кимден: oshtuk dosuma
16.06.2011 20:39
tuptuura aitasiz. dosum dagyn ele shuntip mamileni tuz kylyp juro bering. reforma kudai buirusa bolup kalar. adamdyn ozu toiso da kozu toiboit eken degeni chyn eken. toibogon adamdar jetekchilikte tursa ushundai bolo beret. biz kyrgyz-ozbek jer-jerlerde yntymakta bolo bereli.

azattyk sizderge rakmat makala uchun. kyrgyz-ozbekti eki jaka bolup mahalla-mahalla kylbash kk, kaira ushuntip aralashtyrysh kk. baldar biri-biri mn kichinesinen choguu osush kk.

кимден: Орус
13.06.2011 10:08
Не сосед, а сограждане.

кимден: Гулнора
12.06.2011 17:42
бай аке сизге чоң рахмат айтам азаттыктанда суранып калат элем ошондой достукту чындоочу макалаларды көп чыгарсаңар ошону окуп биз жаштарды да бир бирине сүйүү сезими жана кайтадан ашат элэ,узимни номимдан журналист акамизга катта рахмат айтаман
Пикирге жооп

кимден: ГУлнора
12.06.2011 17:46
жана сиз баш теманы өтө туура таап койгонсуз

кимден: Ибраим каяктан: Улуу Британия
12.06.2011 16:58
Төрөкул дос, кыска бирок баарыбызды ойго салган макала болуптур. Мен дагы мектептеги учурумду эстедим. Таласта анчейин көп болбосо дагы, өзбек үй-бүлөлөрү жашайт.

Менин Бахадур Шермухаммедов деген классташым бар эле. Ошону менен биринчи класстан баштап достошкомун. Үйү коңшу айылда болчу. Мектепке автобус менен келчү. Көбүнчө биздин үйдөн түштөнчү. Апам Бахадур досуң келет деп экөөбүзгө тең тамак даярдап кетчү ишине.

Мен дагы ойноголу анын үйүнө барчум. Классташ-досумдун апасы мен барганда атайын даамдуу тамактарын жасачу. Сен айтмакчы эч качан өзбек-кыргыз деп ойлогон дагы эмеспиз би-бирибизди.

Ошто мен байкагандан эки коомчулук квартал квартал, махалла махалла болуп ошондой адамдык мамилелерди өстүрбөй, карым-катыш ойдогудай болбой калганы дагы чырга түрткү болсо керек. Менимче кыргыздар менен өзбектер өзүнчө мектеп, өзүнчө университет же өзүнчө айыл болбой аралашып жашаганда, кичинекейинен классташ дос болуп чоңойгондо, же сен айтмакчы бир шыйпырдын алдында жашаганда эч качан чырдашпайт.

Мен Бахадурду көптөн бери көрө элекмин. Таласта жашайт деп угам. Бирок, көңүлүмдө ал дагы деле менин досум. Ибраим
Пикирге жооп

кимден: Төрөкул Дооров каяктан: Прага
16.06.2011 21:04
Ибрагим, рахмат! Бул жердеги комментарийлерди окуп "көпчүлүктүн балалыгын эске салган экен" деп сүйүнүп калдым. Чындап эле балалыкта тазалыктан башка эч нерсе жок эле. Ойдун, ниеттин, сезимдин тазалыгы гана бар. Чоңойгондо, эмнегедир, эң жөнөкөй баалуулуктарды унутуп калабыз... Экзюперинин "Кичинекей ханзаадасын" кайра-кайра окуп туруш керек окшойт.
Пикирге жооп

кимден: Рысбек каяктан: Париж
14.06.2011 11:32
Туура айтасыз. Озбектер кыргыздар бирге жашасын болунбой, ошондо алар жакыныраак болот, биздин психологияны менталитетибизди тушунот.

кимден: Кыргыз Айым каяктан: Туштук Дарбаза
12.06.2011 13:06
Салам. Унутулуп бара жаткан нерсени эске салдыңыз. Бала чагыбызда дал ушундай элек. Ошол учурду сагындык. Кайра кайрып ала албаганыбызды эстегенде жүрөк сөгүлөт. Ислам дининде да кошунага өзгөчө көңүл бурулат экен. Кошунанын акысы чоң жоопкерчиликти талап кылат. "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык " деген сөздүн мааниси да ошол байыртан элибиз тутунуп келген исламдын негизинен алынган. Төрөкул, эскиргенди эске түшүргөн, унутулганды улай турган макалаларды дагы азаттыктын обосунан жаңырта бериңиз. Сизге Аллах ыраазы болсун.

кимден: Tooluk каяктан: Chet elden
12.06.2011 05:00
Myna ushundai bolotko chynygy agamgerchilik jana insandyk mamile..!

кимден: Найман
11.06.2011 12:38
Жакындарынан айрылгандардын сезими жардам менен жалп болоор бекен?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)