Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Рысалиев аралашкан Таластагы жер чатак


Мурдагы ички ичтер министри Зарылбек Рысалиев
Мурдагы ички ичтер министри Зарылбек Рысалиев

Талас облусунун Бакай–Ата районунун тургундары мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бирөөнүн ижарасындагы жерин мыйзамсыз ээлеп алды деп коомчулукка кайрылды.

Мурдагы министрдин тарапкерлери болсо жердин ээси көзү тирүү кезинде бак аянтын өзү Рысалиевге берем деп сөз бергендигин айтууда.

Тил каттан чыккан талаш

Таластагы жер талаш өткөн жылы күз айларында ижара ээсинин көзү өткөн соң башталган. Бакай–Ата районуна караштуу Акназаров айыл аймагынын тургуну Умаркан Жолдошбаев 2006-жылы он төрт жылга өкмөттүн 1,7 гектар жерин алма багы менен кошо ижарага алат. Ал бакка дагы кошумча алма отургузуп, киреше таап жүргөндө былтыр күзүндө 50 жашында күтүүсүз каза болот.

Жолдошбаевдин бир тууган карындашы Кундузкандын айтымында, агасын жерге берип, андан көп узабай жалгыз инисинин көзү өткөн соң ижарадагы жерге мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өзүмбилемдик менен ээлик кыла баштайт.

- Айыл өкмөт башчысы Шамил Султаналиев менин агама күбөлүк берген. Анан аны жокко чыгарбай туруп эле, былтыр Зарылбек Рысалиевге да көк күбөлүк берип койгон. Рысалиев агам тиккен бактардын баарын жулуп салды. Акчасы бар, колунда бар адам эмне үчүн ушул жерге көз артты, билбейм. Биз ошол жерден анча-мынча киреше алып турат элек.

Кундузкан Жолдошбаева
Кундузкан Жолдошбаева

Бир эле жерге эки күбөлүк кандайча берилип калгандыгын териштирүүгө алсак, былтыр Умаркан Жолдошбаев көзү тирүү мезгилинде Рысалиевге “1995-жылдан бери карап келген алма бак куурап баратканына байланыштуу Зарылбек Рысалиев бакты жаңылап берем деп жатат. Мен ошого ишенип жатам” деген тил кат калтырганы маалым болду. Ошол тил каттын негизинде Акназаров айыл аймагынын башчысы Шамил Султаналиев жерге уруксат күбөлүгүн Зарылбек Рысалиевге 2014-жылдын ноябрында жазып берген.

Бул талаш боюнча ишти Бакай-Ата райондук соту териштире баштаганда айыл аймак башчысы Шамил Султаналиев ооруп калгандыгына байланыштуу эс алууга чыккан.

Рысалиевдин шашканы эмнени билдирет?

Учурда жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан кызматтан четтетилген Шамил Султаналиевге окуя боюнча кайрылганыбызда бул талаштын артында жерге ээлик кылууну көздөгөн башка адамдар таасир этүүдө деп жооп берди.

- Бул атайын уюшулган иш. Бул жерге бирөөлөр кызыкдар болуп жатат. Биз Рысалиевге бергенбиз. Кундузкандын байкеси Умаркан өлө электе жазып калтырган кагазы бар экен. Анда “мен Рысалиев менен чогуу ошол жерди иштетем” деп жазылган. Ошон үчүн өлгөндөн кийин бердик да. Эмесе бербейт болчук. Бул иш азыр сотто. Сот өзү билет да кандай чечим чыгараарды.

Азыр айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу, айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Самат Субаналиев бул окуя боюнча иш райондор аралык сотто каралып жатканын, акыркы жолу 14-апрелде атайын комиссиянын Зарылбек Рысалиев менен чогуу барып, талаш жер боюнча акты түзүүгө аракети натыйжасыз болгонун билдирди:

- Кеткен айыл өкмөт (Шамил Султаналиев) бир токтомду жокко чыгарбай туруп эле экинчи адамга - Рысаливеге токтом чыгарып койгон. Рысалиев болсо Мамлекеттик каттоо кызматынан барып, бүт кагаздарын бүтүрүп, кызыл китебине чейин алып алган. Бүгүнкү күндө иш сотто. Бүтө элек. Кечээ комиссия (14-апрелде) Рысалиев менен чогуу ошол жерге барып көрдүк. Рысалиев буга чейинки бактардын баарын жулдуруп тазалап, өзү бак тигип салыптыр. “Сиз токтотуп туруңуз, али сот бүтө элек. Эгер сот Кундузкан Жолдошбаеванын пайдасына чечип койсо, сиз бизге доо койосуз. Силер мага эскерткен эмессиңер” деп айтышыңыз мүмкүн деп эскерттик. Рысалиев айтканыбызды укпай койду. Ал менде бүт кагаздарым бар, документтеримди бүтүрүп койгом деп актка кол койбой койду.

"Мечит салды, өзүнө үй салды..."

Рысалиевдин тарапкерлери болсо мурдагы министрдин алма бакты калыбына келтирейин деген эле түз ою бардыгын айтууда. Акназаров айыл аймагынын өзүн тааныштыргысы келбеген тургуну Зарылбек Рысалиев карасанатайлык кылбаганын, маркум Жолдошбаевге бир топ эле материалдык жардамын берип турганын ачыктады:

- Жолдошбаев Рысалиевге мурда эле сатып жиберген болсо керек. Анан аны документтештиргенге чейин эле Жолдошбаев өлүп калбадыбы. Зарылбек эми колунда бар бала да, айылга мечит салдырды, өзүнө там салды. Тиги Жолдошбаевге кошуна да Зарылбек. Келген сайын андан акча алып турса керек. Ушул жерди сиз эле алыңыз деп айтса керек. Зарылбек бирөөнүн жерин тартып ала турган бала эмес. Андай жолго барбайт ал.

Деген менен Кундузкан Жолдошбаева агасынын ижара жерине байланышкан окуянын артында тааныш-билиштик, паракорлук жана жасалма жол менен документ берүү фактылары турганын, бул боюнча акыйкат чечим чыгарына үмүттөнүп, Жогорку Кеңешке жана президентке кайрылуу жолдогонун айтты.

Кундузкан Жолдошбаеванын айтымында, Акназаров айыл аймагындагы талашка түшкөн өкмөттүн жериндеги бак жылына үч тоннага чейин алма берип турган. Ижара акысын 2015-жылга чейин Жолдошбаевдер төлөп келген.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG