Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Качкыналиев кайда качты?


Калыбек Качкыналиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Калыбек Качкыналиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотууга катыштыгы бар 27 аткаминердин бири, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев өлкөдөн чыгып кетти.

Бирок Калыбек Качкыналиев өлкөдөн качан чыгып кеткени белгисиз. Тиешелүү органдар ага издөө да сала элек.

"Биз буйрукту гана аткардык"

Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Руслан Нурбековдун маалыматына таянсак, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин Кыргызстандан чыгып кеткенине көп болгон. Бирок айыбы угузула элек болгондуктан, прокуратуранын Качкыналиевге издөө салуу боюнча азырынча ниети жок.

- Калыбек Качкыналиевге СИЗОго 75 жолу мыйзамсыз каттаганы боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө Качкыналиев жок, тергөө токтоп турат. Аны тапканга аракет кылып жатабыз. Айыбы угузула элек, жадагалса сурала да элек. Прокуратура аны таап туруп, анан бир чечимге келет.

Руслан Нурбеков бир жыл ичинде Качкыналиев 2010-жылдагы талап-тоноочулук беренеси боюнча соттолгон Абдулла Юсуповго 75 жолу жолукканын, бул мыйзамга каршы келерин мындан мурдараак “Азаттыкка” тастыктаган.

Рыскулбек Тыныбек уулу №1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбеков менен бирге “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапкан” деген беренелер боюнча соттолуп, мунапыстын негизинде акталган мурдагы абак кызматкери. Аталган кылмыш ишине өткөн жылдын сентябрында интернетке жарыяланган чуулгандуу видеотасма себеп болгон. Видеодо №1 тергөө абагында Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана дагы эркинен ажыратылган үч адам жайыл дасторкон үстүндө 2013-жылдын 8-августунда бирин-бири Айт майрамы менен куттуктап жатканы көрсөтүлгөн. Майрамдык маанайга бөлөнгөн камерада өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоев да болгон.

Тыныбек уулу мына ушул мыйзамга каршы келген жолугушуу Рысалиевдин кеңешчиси Качкыналиевдин буйругу менен ишке ашканын айтууда.

- 2013-жылдын 7-августунда Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗОго кирип, Абдулла Юсупов жана Дастан Оморов менен жолугуп чыккан. Ага чейин деле бир нече жолу жолуккан. Ал киши келгенде генерал Рысалиевдин буйругу менен келдим деп айтчу. Качкыналиев мага келип “эртең 8-август, Орозо айтта Юсуповдун камерасына өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоевди алып кирип кой” деп буйрук берди. Биз буйрукту аткардык. Жолугушуу оперативдик иш-чаралар үчүн керек деди. Ошентип Кожоев Юсуповдор менен 3 саатча бирге болуп, манты жешкен.

Мурдагы абак кызматкери Тыныбек уулу Кожоевди Юсуповдун үстүнө өзү киргизгенин, бул маалыматты ошол кездеги СИЗО башчысы Марс Жусупбеков эки күндөн кийин гана укканын кошумчалады. Качкыналиев абак кызматкерлерине көрсөтмө берип жатып кеңешчинин оозеки буйругу генералдын жазма буйругуна барабар экенин эскерткен.

Качкыналиев пияз эгип жүрөбү?

Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиев өзүнүн жана айтылуу кеңешчиснин дарегине айтылган дооматтарды карандай калп деп эсептейт. Ал Жусупбековду түрмөгө отургузган видеотасма компромат үчүн эмес, Абдулла Юсуповдун жеке коопсуздугу үчүн тартылган деди.

Генерал Рысалиев өзү актап жаткан ккеңешчисинин азыр кайда экенин так билбегени менен талаада пияз, дарбыз эгип жүрсө керек деп боолгоп жатат.

- Качкыналиев мага чейин эле ЖАМКда кеңешчи болуп, мурда төраганын биринчи орун басары болуп иштеген киши. Ал азыр пенсияга чыккан, эч кимге кереги жок. Мен билгенден анын кайын журту Орусияда же Казакстанда пияз, дарбыз эгип иштешет. Өлкөдөн чыгып кеткенин билбейм. Кызматтан кеткени байланыша элекпиз.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кримтөбөл Азиз Батукаевди "Манас" аба майданына чейин узатып, түрмөдөгүлөр менен пикирлеш болгон Калыбек Качкыналиевдин сот жообуна тартылышына тоскоол болчу таасирдүү күчтөр бар деген пикирде:

- Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине Рысалиевдин түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталды. Анткени анын кеңешчиси Качкыналиев Батукаевди аэропортко чейин узатып барган. Качкыналиев Юсупов менен байма-бай жолугушуп, тыгыз байланышта болгон. Биздин фракция комиссия түзүп, баарын аныктады. Мына жакында эле Батукаевди боштондукка чыгарган сот чечимин жокко чыгарды.


Текебаев Качкыналиевдин өлкөдөн чыга качышы анын аты аталган иштерде күнөөсү бар экенин далилдейт деп ишенет.

Серепчилердин баамында, Калыбек Качкыналиевдин өлкөдөн чыгып кетиши Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгышына тийиштиги бар делген 27 аткаминердин айрымдарына карата каршы көрсөтмө берилбей калышын шарттайт.

XS
SM
MD
LG