Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:41

“Төргө мен деле татыктуумун!” (Автору табылбай жаткан кайрылуу)


Бишкектеги "Ак Үйдүн" сыртында. 2010-жылдын 8-апрели.
Бишкектеги "Ак Үйдүн" сыртында. 2010-жылдын 8-апрели.

Кыргызда "космонавт болом" деп кыялдангандарга караганда "президент болсом" деп үмүт байлагандар арбыныраак. Алардын бири өзүнүн жалпы улутка кайрылуусунун долбоорун автобуска жанталашып кирип жаткан маалында чөнтөгүнөн түшүрүп алган экен...

Бишкекте аялдамада туруп, жаңы эле автобуска жүткүнгөнүмдө бир бейтааныш мырза аптыгып чуркап келди да, мени жөөлөп өткөнүн таназарга албай, озунуп автобуска кирди.

Анын эсеби деле туура болуп чыкты. Ал кирээр замат автобустун эшиги шак жабылды да, бозоруп сыртта калгандардын тизмесин өзүм баштап калдым.

Бир маалда артымда турган студент эңкейип, жерден кагаз алып мага сунду:

- Сиз түшүрүп алдыңыз окшойт.

- Жок, меники эмес эле. Жанагы шашып кирген аксакалдыкы го? Ка-ап, эми ага кантип жетебиз?

Кагазды карасам, кат сыяктуудай. Кийинки автобуска чейин эрмектейин деп окуй кеттим.

Түкүнчө гезиттин редакциясына.

Мүмкүн болсо, болочок президентиңердин ушул куш тилиндей катын жарыялап койсоңуздар! Каттын эч бир жерин кыскарта көрбөгүлө, айланайындар!

Калем акысына өзүңүздөр чай ичип коюңуздар
”.

Андан соң кайрылуунун тексти жазылыптыр:

Кагылайын эл-журтум!

Мен быйыл күздө президенттикке талапкер болууну чечтим.
Кудай кубат берип, шайланып калсам, кой үстүндө торгой жумурткалайт.
Тим эле жыргатам!

Көп өлкөлөр менен визасыз каттамдарга жол ачкан келишим түзөм. Ошондо жумушсуздук өзү эле азайат, иш таппагандар чет өлкөлөргө визасы жок эле кете беришет.

Ал үчүн коңшулар жана таасирдүү сырт өлкөлөр менен жакшылап мамиле түзүү керек.

Казакстандын азыркы мамлекет башчысына Ысык-Көлдөгү совет доорунан бери казактар каржылаган эс алуу жайларын узак мөөнөткө (49 жыл + 49 жыл) жеке пайдаланууга бекер эле тапшырам, бирок келишимге “ушул убакытта өзүңүз президенттиктен кетсеңиз, бул мүлктү дароо кайра кайтарып алабыз” деп да бир шарт киргизип койом.

Андан тышкары Казакстанга спорттук мелдешке кеткен курамаларыбызга, өзгөчө топ хоккейинин тобуна, “туугандарга атайылап жеңилип бергилечи” деп шыбыштап коюп турам.

“21:0 эсебинде жеңилсеңер деле эчтеке эмес, керек болсо Нураке канча жыл бийликте турса, ошончо санда топту өзүңөргө өткөрүп койгула”, - деп алдын-ала насаат айтам.

Орусияны колго алуу үчүн Жириновскийге орден берем. Анан ал мени мактай баштайт.

Анан курулуп жаткан ГЭСке Медведев же Путиндин атын койом, анан орустар бул ГЭСтин курулушун уятынан эле сатуулашпай каржылай башташат.

АКШны колго алуу үчүн “Осама бен Ладен Ала-Тоого келсе эле камакка алабыз!” деп улам террочуларга сес көрсөтүп жарыялап турам.

Кытай менен өндүрүш жагын талкуулап, “мейд ин Кыргызстан” (“Кыргызстанда өндүрүлгөн”) деген жардыктарды арбын жиберем. Оболу бизде киши саны канча болсо, тавар белгисин ошончо санда гана жиберип турам го.

Анан алар бул жардыкты чаптап, өз таварларын тыш дүйнөгө каалашынча сата беришет. “Мейд ин Чайна” дегенге караганда биздики экзотика эмеспи, оңоюраак өтөт ко дейм!

Өзбекстанга болсо “мындан ары эч пахта өстүрбөйбүз, өзүңөр эле монополист болгула, туугандар!” деп кайрылам.

Тажикстанга болсо: “Куда-сөөк эмеспизби! Бири-бирибизге кош атуулдукка уруксат берип койолу. Чет өлкөдө жүргөн мигранттарыбыз каалаган паспорту менен ишке орношо беришсин” деген сунуш киргизем. Мунусу өтпөй баратса, тигиниси өтөт да.

Ал эми “түндүк-түштүк” деп бөлүнгөн жосунсуз жорукту жеңүү үчүн оболу Кыргызстанды географиялык түндүк-түштүккө бөлөм.

Ошондо Түштүк Кыргызстанга Ысык-Көлдүн түштүгү, Нарын, Ош, Баткен кирет.

Калганы (Ысык-Көлдүн түндүгү, Чүй, Талас, Жалал-Абат) Түндүк Кыргызстан болуп калат.

Губерниясы жок болуп туруп өзүн губернатор деп атагандарды да “кызматыңарды тактагыла” дейм. Же алар дубанга аким болушат, же губерниясы бар мамлекеттерге барып атына заты ылайык кызмат иликтешет.

Кыргызстанды чыгышынан батышына карай тепчип өтчү темир жолду куруу жагын да ойлоштуруп койдум.

Оболу “Темир жол курабыз!” деген мекенчил маанайдагы ырга сынак жарыялайм. Анан анын обонуна жалпы жумурияттык сынак жарыяланат.

Сынакка калыс болуп тандалган аттуу баштуу акындар, сынчылар, композиторлор, музыка таануучулар бири-бирин укпай, ич-ара сындашканга эле эки-үч ай кетет.

Анан бул улуу курулушту баштоо үчүн чоң той өткөрүп, калайык батасын алабыз.

Анан курулушка жарамдуу адистерди каттап киребиз. Кээлери "чет өлкөгө биротоло кетип калыптыр" деп катталат.

Улуу жумушту дурустап башкаруу үчүн өкмөт башчынын бир далай ыйгарым укугун кайра президентке тартып беребиз.

Жакшы иш үчүн жапатырмак каражат топтойлу деп салыкты көтөрөбүз.

Көп акча чогултабыз. Анча-мынчасын өз эрки менен “кошоматка кой сойгон нөөмөтчү чал” болуп берген көшөкөрлөргө таштап коюп турабыз.

Аңгыча келээрки ыңкылаптын кезеңи да келип калат.

Алдын-ала айтып койойун, мен төрдөгү президенттик отургучту өзүм менен кошо ала качам, болбосо көрүнгөн киши келип маңкая отуруп, ички-тышкы сыналгыдан көрүнүп, өзү жалгыз ыңкылап кылгансып мактана беришет экен.

Бирок оболу мен шайланып алайын, кагылайын эл-журт!

Мага бир кедейкандык мүмкүнчүлүк берип койгула, теңир жалгагырлар!


Андан ары барак тытылып калыптыр.

Кайрылуунун ээси ким экенин тактай албай, “Күлкү кербенинин” окурмандарына жөнөтүп жатабыз. Ээси келсе, бээсин беребиз.

Башка болочокку талапкерлерден өтүнөөрүбүз, бул бечара бейтааныш автордун көз майын коротуп жазган идеясын уурдап өз атыбыздан жүзөгө ашырып албагандай бололук!

* * * * * *
Кайрылууну таап алгандардын бири - Т.Чоротегин.
XS
SM
MD
LG