Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:02

Куралга үйүр жаштар көбөйдү


Нарындын Жумгал районунда 17 жаштагы бала аткан октон каза тапкан 23 жаштагы Эрнат Назарбек уулунун өлүмү иликтенүүдө.

Кылмышка шектелген бала учурда райондук милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта. Өз ара пикир келишпестиктен чыккан окуя өткөн жуманын бейшембисинде Кабак айыл өкмөтүнө караштуу Бостон-Кайыңды жайлоосунда болгон.

Жумгалда өспүрүм аралашкан киши өлтүрүү иликтенүүдө

Милициянын билдиргенине караганда, маркум башына тийген октон каза тапкан. Кылмышка шектелип жаткан өспүрүм колдонгон курал эч жерде каттоого алынган эместиги такталды. Милициянын маалыматында 16 калибрлүү мылтыкты беш жыл мурда анын атасы сатып алган экен. Курал райондук милиция бөлүмүнө тапшырылды. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси - адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду.

Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Медина Султаналиева буларды айтат:

- Окуя 19-сентябрда болгон. Кабак айыл өкмөтүнүн Бостон-Кайыңды жайлоосунда 1991-жылы туулган жергиликтүү тургун Назарбек уулу Эрнаттын жансыз денеси табылган. Бул фактынын негизинде адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду.

Бул кылмышка шектелген ошол эле айылдын тургуну, 1997-жылы туулган Эрлан Кенжебек уулу азыр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Октон каза тапкан Эрнат Назарбек уулунун сөөгү дүйшөмбү күнү жерге берилди.

Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Шейшеновдун айтымында, айылдаштар Эрнат менен Эрландын ортосунда олуттуу деле чыр болгон эмес:

- Каза тапкан баланын сөөгүн түндө алып келип, бүгүн жерге койдук. Ал уй алып келейин деп жайлоого барган экен. Экөөнүн ортосунда олуттуу деле маселе жок. Жайлоого барган баланын итин бирөө атып кетип, анан тигил баладан көргөн окшойт. Ушул сыяктуу эле чатак болгон.

Жаштардагы зордукчул маанай

ИИМдин буга чейин берген маалыматына ылайык, соңку учурда курал колдонулган кылмыштар көбөйдү. Мындай кылмыш иштер болор-болбос нерседен, кайым айтышуудан да тутанат. Айрыкча чатакта курал колдонгон жаштар көп. Айрым байкоочулар куралга үйүр жаштар көбөйүп жатканына камтама болуп жатышат.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук уюмунун Оштогу кеңсесинин жетекчиси Асел Жуматаева да ар кандай маселени муштум менен чечкен, зордукчул маанайдагы жаштар көбөйгөнүн айтат.

- Кыргызстанда жаштар өзүн-өзү тарбиялай турган идеология жок. Коомдо адамдык баалуулук жок калды. Жаштар агрессивдүү маанай менен жүрүшөт. Чырды дайыма күч колдонуп чечкенге маш болуп калышты. Бул абдан жаман көрүнүш.

Буга чейин ушул жылдын июль айында Жалал-Абад шаарында жаштар арасындагы чатакта травматикалык тапанча колдонулган эки факт катталган. Быйыл жыл жаңырган түнү Бишкектеги кафелердин биринде жаштар арасында чатак чыгып, анда “Алтын үн” ыр фестивалында баш байге алган 17 жаштагы Темирлан Мукашевди травматикалык тапанча менен көзгө атып кетишкен.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG