Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Сексуалдык сабаттан чыккан алым-сабак


Өспүрүмдөрдүн сексуалдык кат-сабатын ачууга багытталган китепчелер.
Өспүрүмдөрдүн сексуалдык кат-сабатын ачууга багытталган китепчелер.

“Репродуктивдүү ден соолук альянсы” бейөкмөт уюмунун өспүрүмдөрдүн сексуалдык кат-сабатын ачууга багытталган китепчеси талашка түштү.

Ал китепче өспүрүмдөрдүн адеп-ахлагын бузат жана улуттун келечегине коркунуч туудурат деген коомдук уюмдар бийликке кайрылуу жолдошту. “Репродуктивдүү ден-соолук альянсы” болсо тескерисинче сексуалдык катнаш тууралуу маалымат алган балдар өздөрүн ар кандай жыныс оорууларынан жана күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактай алат деп ишенет.


Балдарды никесиз катнашка үндөөбү?


Сексуалдык мамилелерди баяндаган колдонмону сындагандар китепче адеп-ахлактык эрежелерге жана адамзаттын үй-бүлөлүк баалуулуктарына каршы багытталган деп эсептешет.

Мындай пикирди Бишкектеги орус православ чиркөөсү, мусулмандар муфтияты, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору, “Эркин эл”, “Мурас”, “Амал” жана “Столица” партиялары дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында билдиришти.

“Эркин эл” партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков бул китеп мектептерде 10 жаштагы окуучулардан тарта окутулуп жатканын айтат.

- Бул бейөкмөт уюм 2000ден ашуун жаш улан-кыздарды өз катарына ыктыярчы кылып алышып, аларды бул китептин негизинде окутуп жатышат. Ал эми ошол 10-14 жаштагы ыктыярчы улан-кыздар кайра барып, китептеги сексуалдык катнаш жөнүндөгү маалыматтарды өздөрүнүн курбуларына үйрөтүп жатат. Булардын иш жүргүзүп жаткан ыкмасы ушундай.


Китепчелердин бирин барактаганда....
Китепчелердин бирин барактаганда....

“Репродуктивдик ден соолук альянсы” бейөкмөт уюму тарабынан 2004-жылдан бери жыл сайын серия түрүндө, сегиз ар башка темада китепчелер чыккан. Анда эркек, аялдын дене түзүлүшү, күтүүсүз бойго бүтүүдөн коргонуу, жыныстык оорулардан сактануу эрежелери, спирт ичимдиктеринин зыяны жана СПИД тууралуу да баяндалат. Ошону менен бирге бул китепчелердин 4сү сексуалдык мамилелерге арналган. Анда өспүрүмдөрдүн сексуалдык мамилелеринин жолдору, адаттан тыш сексуалдык катнаштар, аларды кантип жасоо тууралуу да маалыматтар камтылган. Коомдук уюмдардын да өзгөчө китептин ушул бөлүмүнө дооматтары күч. Алар анда өспүрүмдөрдү никесиз жыныстык байланышка үндөгөн жашыруун үгүт бар экенин айтышууда.

Орус православ чиркөөсүнүн өкүлү Феодор Вахтанг бул китепче терс жагынан 2000-жылдары мектеп программасына киргизилип, бирок катуу сынга кабылган Борис Шапиронун китебин артка калтырды деп баалады:

- Буга салыштырмалуу Шапиронун китеби баланын оюнундай эле болуп калат. Албетте анда да адеп-ахлактык терс көрүнүштөр бар болчу. Биздин христиан дининде сөз кылынбай турган, ачык айтылбай турган ыйык нерселер бар.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да аталган китепти айыптаган чечимин чыгарган. Ал эми “Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов китептен үзүндү келтирди:

- Төртүнчү китептин сегизинчи бетиндеги 10-параграфты караңыздар. “Биринчи жыныстык катнашка кантип даярдануу керек?” деген тема бар. Анда иш жүзүндө жыныстык катнашты кантип жасоо керектиги баяндалган...

Китепчеге каршылардын пикиринде, жыл сайын чыгарылып, жалпысы сегиз бөлүмдөн турган бул китепчелер Кыргызстандагы 500 мектепке таратылган экен.


Тогуз жылдан бери эми көрүштүбү?


Бирок “Репродуктивдүү ден соолук альянсы” уюмунун жетекчиси Галина Чиркина айтылган дооматтарды негизсиз деп эсептейт. Ал 2004-жылдан бери өспүрүмдөргө маалымат иретинде чыгып келаткан китепчени бүгүн гана көрүп калышканына таң калганын жашырбайт. Анын айтышынча, китепке буга чейин өзгөчө көңүл бурулбаганы эле анын кандайдыр бир терс мазмуну жоктугун билдирет.

Өспүрүмдөрдүн сексуалдык кат-сабатын ачууга багытталган китепчелер.
Өспүрүмдөрдүн сексуалдык кат-сабатын ачууга багытталган китепчелер.

Ошону менен бирге ал китеп жаштарга ар кандай суроолорго жооп алууда, күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактанууда жана зыяндуу көрүнүштөрдөн алыс болууда зор маалыматтык курал болгонун белгиледи. Галина Чиркина кошумчалагандай, китеп мектептерге таратылган эмес, болгону кызыгып, сурап кайрылганда гана окуучуларга, мугалимдерге берилип турган. Китеп 14 жаштан жогоруларга багытталган экен.

- Биз өспүрүмдөр арасында бойдон алдыруу, боюна бүтүп калуу жана жыныстык оорулар арбын экенин моюнга алышыбыз керек. Бул биздин “Алянстын” күнөөсүнөн болуп калган жок да. Ал өспүрүмдөрдү чоң киши катары тарбиялоодо мамлекеттин сапаттуу окутуусунун жоктугунан болууда. Кыргызстанда жаш балдардын кээде эң жөнөкөй кызматтарды, маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Паспортун, катталган дарегин сурап кыйнашат. Ал эми бул китептер болсо дарыгерге, мугалимине, ата-энесине сексуалдык катнашка байланышкан суроолор менен кызыгып, кайрылган окуучуларга арналган.

Галина Чиркина китепчеге карата сын-пикирин айткандар бүгүнкү чыныгы турмуштун эмес, диний көз караштын негизинен бүтүм чыгарып жатышат деген да оюн кошумчалады. Китепченин чыгышына Германиянын эл аралык кызматташуу коому, European Network, Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү федералдык министрлиги демөөрчүлүк кылган. “Репродуктивдүү ден соолук альянсынын” ошондой эле "Жаштарга ынак мамиле” деп аталган клиникасы да бар. Анда кеңеш берүүдөн тышкары бойдон алдыруу сыяктуу медициналык жардамдар көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG