Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Атамбаевдин Европага сапары карыды


Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары Австриядан башталган
Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары Австриядан башталган

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европанын беш өлкөсүнө сапары 1-апрелде Германияда соңуна чыкты.

Ага чейин Австрия, Швейцария, Франция жана Бельгияда болгон кыргыз мамлекетинин башчысы Берлинде Германиянын президенти Йоахим Гаук, андан кийин федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолугушту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө кызматташтыкты жөнгө салуу жана эл аралык абалга байланыштуу маселелер талкууланды.

Ангела Меркел менен жолугушуу аяктагандан кийин немис жана кыргызстандык журналисттер үчүн пресс-конференция уюштурулду.

Айрыкча журналисттер Кыргызстан президентинин Украина маселеси боюнча позициясына кызыккан суроолорду көбүрөөк беришти. Алмазбек Атамбаев бул маселеде Кыргызстан кайсы бир тарапты жактап же ага кошулбай турганын, тынчтыктын жактоочусу катары Европа менен Орусиянын Украина боюнча позицияларын жакындатуу ниети бар экенин, ошонун алкагында европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, сапарынын өзөгүн түзгөн маселелердин бири да ушу экенин белгиледи.

Немис журналисттердин бири “Берлиндеги жолугушуулар жемиштүү өттү деп жатасыз, Германиянын Крым, Украинанын түштүк-чыгыш тарабы боюнча позициясын колдойсузбу?” деген түз суроо берилди.

Ага жооп берип жатып Алмазбек Атамбаев "башында элдик толкундоолордун негизинде келген бийликти Борбор Азия, ал гана эмес КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Кыргызстан тааныганын, бирок Украинанын жаңы бийлиги орус тилинин макамын алып салуу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу менен чоң саясый жаңылыштык кетиргенин, ошонун натыйжасында өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагында нааразылыктар орун алып, аягы барып чоң кагылышууга алып келгенин" белгиледи.

Ошондой эле президент Крым боюнча позицияны билдирип жатып Кыргызстан кандай гана мамлекет болбосун, анын бүтүндүгүн колго аларын, бирок реалдуулук менен да эсептешиш керектигин, себеби Крымда жашаган калктын көпчүлүгү референдум негизинде өзүн Орусияга кошуу жөнүндөгү каалоосун жарыялаганын, ал чечимди да сыйлоо керек экенин белгиледи.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле Борбор Азия Экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин ортосундагы жалпы кызматташтыкты күчөтүп, түрдүү талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуунун тарапкери экенин, тараптар бул боюнча сүйлөшүүгө отурушу керектигин айтты.

Өз кезегинде Ангела Меркел Орусия Украинага, анын мамлекеттик бүтүндүгүнө байланыштуу маселелерде эл аралык укуктук ченемдерди бузганын айтып, бул багытта эки тарапты ийге келтирүү, сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу, позицияларын жакындаштыруу демилгеси менен чыгып жаткан Кыргызстандын президетинин аракетин жогору баалай турганын, мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн үмүт артарын кошумчалады.

Ошентип президенттин евротурнеси Берлинде жыйынтыкталды. Сапар соңунда кыргызстандык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жыйынтык жакшы экенин, Европа лидерлерин Кыргызстанда жүрүп жаткан демократиялык жана саясий реформалар боюнча ынандыруу мүмкүн болгонун, алдыдагы парламенттик, андан кийин президенттик шайлоону ачык-айкын, акыйкат өткөрүүдө Европа коомчулугунун колдоосу боло турганын айтты.

Президент Евробиримдиктин Кыргызстанга мамилеси мындан ары жакшы жагына өзгөрүшү күтүлөт деген ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG