Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Атамбаевдин Назарбаевге көрсөткөн сыйы


Атамбаев Казакстан Президенти Назарбаевге I даражадагы "Манас" орденин ыйгарууда. 6-июль. 2015-жыл
Атамбаев Казакстан Президенти Назарбаевге I даражадагы "Манас" орденин ыйгарууда. 6-июль. 2015-жыл

Президент Атамбаев Астанада Казакстан лидери Назарбаевди туулган күнү менен куттуктап, “Манас” орденин тапшырды.

Ошондой эле эки мамлекет башчылары соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташуулар боюнча сүйлөшүү өткөрдү.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө жана байтакты Астана күнүнө арналган салтанаттарга катышып келди.

Иш сапардын алкагында Атамбаев Назарбаевдин 75 жаш курагы менен куттуктап, "эки өлкө ортосундагы мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, элдердин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн" деп I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

Ошондой эле эки мамлекет башчылары ЕАЭБга кирүүдөгү чек араларды ачуу маселесин да талкууга алышканын президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди:

- Жолугушууда кыргыз-казак соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана ЕАЭБге кирүүдөгү чек араларды ачуу маселесин да талкууга алынды. Ошондой эле Атамбаев Назарбаевди туулган күнү жана Астана шаарынын күнү менен куттуктап, казак президентине I даражадагы “Манас” орденин ыйгарды. Өз кезегинде Назарбаев да сыйлык үчүн чоң ыраазычылыгын билдирди.

Президенттердин жолугушуусун утурлай айтылып жаткан ЕАЭБга кирүүсүн шарттаган келишимдерди казак парламенти тарабынан ратификациялоо маселесин тездетүү боюнча сөз болгон эмес.

7-ноябрь, 2014-жыл
7-ноябрь, 2014-жыл

Ал арада айрым саясатчылар казак-кыргыз президенттеринин жолугушуусу тууралуу пикирлерин билдирип чыгышты. Алардын бири депутат Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына Атамбаев президенттикке ат салышып жаткан мезгилде "Каркыра жайлоосун казактардан кайра кайтарам” деп сөз бергенин эске салды.

Жээнбеков кыргыз-казак мамилелеринин учурдагы абалы да жакшы эместигин белгилейт:

- Казак президенти Кыргызстан үчүн жыргатып деле эч нерсе жасай элек. Негизинен авторитардык мамлекеттерде бир өлкө башчысы экинчисине орден берүү бул адаттагы көрүнүш. Атамбаев шайлоого ат салышып жаткан мезгилде “мен президент болсом Казакстанга барып, Назарбаевге чөгөлөсөм да Каркыраны кайтарып келем” деп айткан болчу. Мына беш жыл өттү, Каркыра кайтарыла элек. Тилекке каршы саясатчылар эл уккусу келген сөздөрдү айтымыш болот, бирок иш жүзүндө ал реалдуу аткарылбайт жана ал аткарууга да мүмкүн эмес нерсе.

Астана шаары
Астана шаары

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн эң негизги өнөктөш өлкө Казакстан экенин белгилеп, бийлик стратегиялык ири боордош кошунасын аттап өтүп, Орусия же АКШга ыктаганын токтотушу керектигин айтат:

- ЕАЭБде биздин сөзүбүз деле өтпөйт. Бирок көп жерден Кыргызстанды жалгыздатып коюшу мүмкүн. Биз мамлекеттүүлүктү алдырып койбош үчүн Казакстандын артынан барышыбыз керек. Казак менен кыргыз эртең эле ЕАЭБге бири бирибизге карама-каршылык кылып койсок өтө жаңылыштык кылган болобуз. Биздин ЕАЭБге киришибиз кагаз эле бетинде, чыныгы ачкыч - бул казак бир туугандардын колунда.

Башында Астана шаарынын күнү 10-июль белгиленчү. 2006-жылдан бери казакстандыктар байтакты күнүн президент Назарбаевдин туулган күнү менен кошо майрамдап келет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG