Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:44

Кыргызстан

"Азаттык" сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган мыкты баян, ой толгоолор үчүн жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Сынактын жеңүүчүлөрү Валентина Житенова, Бүбүсара Калыкова жана Топчугүл Шайдуллаева. Бишкек, 27.12.2011

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
"Азаттык" Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты баян, ой толгоолор үчүн кыргыз жана орус тилинде жарыялаган сынагын жыйынтыктады.

Кыргыз тилинде сынакка катышкандардын ичинен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Уланбек Эгизбаевдин “Келечек колубузда” аттуу ой толгоосу эң мыкты деп бааланып, баш байге – нетбук ыйгарылды.

Солдон оңго карай: Султан Жумагулов ("Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси), Уланбек Эгизбаев, Шайырбек Эркин уулу ("Азаттык" сайтынын улук редактору)
​​Уланбек ушул тапта 3-курстун студенти, аны менен катар университеттик журналдын редактору болуп иштейт. Баш байгенин ээси Уланбек макаласы "Азаттыктын" сайтында жарыяланаар замат аны менен бир топ адамдар байланышып, баяны тууралуу жылуу пикирлерин айтышканын белгиледи.

Мындан сырткары сынакка ҮүӨөМиң деген ат менен "Миллениумда жазылган ыр (Саманчынын Жолун карап)", "Эгемендиктин эпиграммалары ж.б.у.с." деген өзгөчө ырларды жазган окурманыбыз, ошондой эле Топчугүл Шайдуллаева "ОБОНдон чыккан ойлор, же гендерчилер эмне дейбиз?"  деген ой толгоосу, Карамат Токтобаева "Эгемен өлкө, эгемен журт, эки окшоштук", Бүбүсара Калыкова "Эгемендик: кууралы менен жыргалы", Сексенбай Турдукожоев "Эгемен Кыргызстан тууралуу ой-толгоо" жана Бегайым Асеева "Эгемендүү Кыргызстан: XXI кылым жана демократия" деген баяндары үчүн жеңүүчү деп табылып, атайын белектер менен сыйланышты.  

​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)