Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Үрөй учурган кылмыштын бети ачылды


Иллюстрация
Иллюстрация

​Бишкекте адам өлтүрүү боюнча чуулгандуу фактынын бети ачылды. Ички иштер кызматкерлеринин ырасташынча, дене-мүчөлөрү кесилип, аёосуз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы жарандын аялы шектүү катары кармалды.

Алдын-ала маалыматка караганда, үй-бүлө ортосунда чыр чыгып, аялы күйөөсүн жиликтеп салган. Маркумдун дене-мүчөлөрү шаардын ар кайсы районундагы таштанды челектерден табылган.

15-августта борбор калаанын Фучик көчөсүндөгү таштанды салынган челектен азият түспөлүндөгү 30-35 жаштар чамасындагы эркек кишинин башы табылган. Ага чейин өткөн жумада шаардын башка тарабынан, 5-кичирайондогу жана Манас проспектисинин жогору жагындагы таштанды челектен кишинин жиликтелген колу-буту табылган болчу. Аны көрүп калган жарандар милицияга кабарлашкан.

Бул үрөй учурган окуя боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы маалымат берди. Мыкаачылык менен кескиленип өлтүрүлгөн жарандын тек-жайы аныкталып, кылмыштын бети ачылганы кабарланды. Кылмышка шектүү катары маркумдун аялы С.Айдай аттуу келин кармалганын Шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Самат Курманкулов билдирди.

- Алгач баланын өздүгү аныкталды. Ал 1981-жылы туулган Эрлан Оркошов деген жигит, Бишкек шаарынын тургуну болгон. Жеке ишкер. Бүгүн анын келинчеги 1989-жылкы С.Айдай кармалып отурат. Экөөнүн ортосунда эки эркек баласы бар. Улуусу үч, кийинкиси эки жашта. Бүгүнкү күндө толук моюнуна алып, кылмыш башкармалыгына көрсөтмө берип атат. Бул кылмыш кадимки эле үйдөгү уруштан келип чыккан. Окуя 12-августта катталган. Экөө үйүндө эле сүйлөшүп отуруп сөздөн сөз чыгып аялы бычак менен сайып өлтүргөн. Эртеси денени жиликтеп, ыргыткан.

Учурда “мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү келин убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери улантылууда. Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Айдай Медициналык академияны быйыл бүткөн. Ушул убакка чейин өз кесибинде иштеген эмес. Кармалган учурда анын денесинде да көгала тактар бары белгилүү болгон.

Ал эми Оркошовдун досторунун айтуусунда, маркум бир жолу колдонуучу идиш-аяк чыгарган ишкананы жетектеген. Мындан сырткары айыл, дыйкан чарба тармагында да иштерди алып барчу дешет. Ал бир канча жыл Англияда жана Кытайда иштеп келген. Атын атагысы келбеген досунун белгилешинче, үй-бүлө ортосунда чыр-чатак тууралуу буга чейин угушкан эмес.

- Үй-бүлө жакшы эле жашачу. Аялы бир аз кызганчаак болушу мүмкүн, бирок ортолорунда чоң проблемалары бар экенин уккан эмеспиз. Ишкер болгондуктан кечке иштейт, бизнес жолугушуулар тез-тез болуп турчу. Жакында эле бир Кытайдын визасын каттатуу керекпи же жокпу деп сүйлөшкөн элек. Аялын анчалык ура тургандай деле көрүнчү эмес. Биз деле түшүнбөй жатабыз. Ал эми ажырашуу тууралуу маселе такыр айтылчу эмес.

Кылмышка шектелген келиндин жакындары окуя боюнча пикирин айтуудан баш тартышты. Ар кандай иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, “адам өлтүрүү” беренеси менен абакта отурган аялдардын 80% ашууну - күйөөсүн өлтүргөндөр. “Бул үй-бүлөдөгү көп жыл бою уланып келаткан зомбулукту аялдар өздөрү токтотууну чечкендигинин көрсөткүчү”, - дейт “Демократиялык процесстерди иликтөө” борборунун өкүлү, укук коргоочу Таалайгүл Исакунова.

- Биздин изилдөөлөргө караганда, “адам өлтүрүү”, “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” деген беренелер менен соттолуп, абакта отурган аялдардын 87% үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдап жүрүп анан ушул жолго баргандар экен.

Психологдор соңку учурда депрессияда жүргөн адамдар көбөйүп, коомчулукта агрессия күч алганын белгилешет. Буга социалдык-экономикалык турмуштун начардыгы, теңсиздик, системалуу зомбулукка кабылган учурлар себеп дешет. Психикалык саламаттык республикалык борборунун жетекчиси Ураимжан Исмаилов бул боюнча мындай пикирде:

- Айрыкча өспүрүмдөр арасында агрессия көбөйүп жатат. Азыр чет өлкөлүк кино болобу, мультфильм болобу баары агрессия менен коштолот. Башкача айтканда, күчүң барбы сеники туура деген мааниде болуп калды. Аутоагрессия деп койобуз – бул өзүнүн жанын кыйып, жанкечтиликке баргандар. Экстроагрессия деген –башкаларга жасалган зордук-зомбулук. Мисалы, көчөдө күндө бирөө сабалып, ооруканага түшүп жатат.

Оперативдүү кызматкерлер соңку кездери коомдо зордукчул маанай күчөгөнүн, адамдар ачууга тез алдырарын, мындан улам өтө мыкаачылык менен киши өлтүрүү фактылары көбөйгөнүн белгилешет. Өткөн жылы алты айлык боюнда бар келин бычакталган, андан көп өтпөй денеси бычакталып, балталанып бир канчага бөлүнгөн дагы бир аялдын сөөгү табылган болчу.

XS
SM
MD
LG