Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Мэр депутаттарды "чымчылады"


Албек Ибраимовго башкалаанын "камчысын" тапшыруу аземи. 27-февраль, 2016-жыл
Албек Ибраимовго башкалаанын "камчысын" тапшыруу аземи. 27-февраль, 2016-жыл

Албек Ибраимовдун Бишкек мэри болуп шайланганына бир айдан ашты. Бул аралыкта ал айрым “тамашалуу” демилгелери менен коомчулукта талкуу жаратты.

90 жаштагы аалым, Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курмановдун атасы Карпек Курманов өз жанынан миллион сом чыгарып, узуну 250, туурасы 6 метрлик жолго брусчатка төшөгөн. Ал кылган ишин капчыктуу ишкерлерге үлгү болсо деп үмүттөнөт. Шаар бийлиги аксакалдын эмгегин баалап, жаңы көчөгө анын атын берүүнү сунуштап, демилгени коомдук талкууга койду. Мэрия кимде ким аты жок көчөгө асфальт төшөсө же көпүрө курса, ысым ыйгарууга даяр экенин билдирип келет.

Албек Ибраимов шаардык кеңештин жыйынында ар бир депутат өз чөнтөгүнөн миллион сомдон чыгарса, бюджеттеги 45 миллиондук “жыртык” бүтөлөрүн айтып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Анын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова жаңы мэрдин сунушу кымбат баалуу жол тандабас минген бай депутаттарга кыйытылган какшык экенин айтты.

- Мэр депутаттардын кымбат баалуу машинелерин көрүп атайын эле тамаша кылган. "Миллион сомдон чогулталы" дегени какшык. Эми депутаттар менен жаңыдан иштешип жаткандыктан маселени тамашалап жеткиргенге аракет кылды. Негизи эле абдан тамашакөй киши экен.

Бир ай өтөбү же үч ай өтөбү Ибраимов шаарда эч нерсе деле өзгөртө албайт. Анткени ал атаандашсыз негизде шайланган.
Мавлян Аскарбеков

45 миллион сом менен бюджет толбосун айткан шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов Ибраимовдун сөзүн тамаша катары гана кабыл алган. Ал жаңы мэр мурдагы калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун каталарын ондоо менен алек болуп жатканын айтат.

- Шаарга жаңы идеялар деле керек эмес. Бир гана иштеш керек. Бирок Ибраимов жакшы эле аракет кылып жатат. Ал азыр Кулматовдун кетирген каталарын оңдоо менен алек.

Жаш саясатчы, жарандык активист Мавлян Аскарбеков атаандашсыз негизде шайланган мэр кыйратып деле иштебейт деген ойдо. Ал мэр канчалык кооз идеяларды айтса да, баары бир ишке ашпайт деп Ибраимовдон үмүтүн эчак үзгөн.

- Бир ай өтөбү же үч ай өтөбү Ибраимов шаарда эч нерсе деле өзгөртө албайт. Анткени ал атаандашсыз негизде шайланган. Бир нерсе өзгөртүүгө деле аракет кылбайт. Анда жаңы идеялар, реформа жасайын деген ой деле жок.

Албек Ибраимов 27-февралда калаа башчысы болуп шайланган. Аны шайлоого катышкан 43 депутаттын 42си жактап добуш берген. Бишкек тургундары болсо Ибраимов шаар турмушунан алыс жетекчи деп каршылык билдиришкен. Ал кыргыз тилинен жазган дил баянынан 20 чакты ката кетирип, интернет коомчулуктун таландысына калган. Ал кийинчерээк кетирген каталарын Т9 программасына көнүп алганы менен түшүндүргөн.

Өз акчасына жол оңдогон карыя.
90догу илимпоз өз каражатына жол салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

XS
SM
MD
LG