Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

"Пегасус" - чыны аз, калпы көппү?


"Пегасус" авиакомпаниясынын учагы.
"Пегасус" авиакомпаниясынын учагы.

Балким бардык жүргүнчүлөр мендей тажрыйбага туш болбогондур. Баарына ыраазы болгондору аз эместир. Бирок мен башыман өткөндөрдү жазып коюуну туура көрдүм. Анткени аба каттамдарындагы атаандаштык курчуп бараткан шартта кардарларды туура тейлөө, интернет барагында жана башка маалымат булактарында убада кылынган кызматтарды сапаттуу сунуштоо - ар бир компаниянын кадырына, кардарлардын көбөйүшүнө жана андан ары капчыгын калыңдатып, же бизнесин алдыга жылдыруунун ачкычы эмеспи.

Мен өз ыктыярым менен "Пегасус" компаниясын тандаган эмесмин. Кинофестивалдын коногу катары уюштуруучулар сунуштаган билетке макул болгом, аларды ашыкча беймаза кылгым келген жок. Экинчи жагынан "Пегасустун" кызматын журналист катары сынап көрөйүн деп чечтим. Эми конкреттүү фактыларга өтсөк.

23-сентябрда Прагадан эки сааттай кеч учуп чыктык. Учак Прагага кеч конгондуктан ушундай болду деп жазылып турду. Бишкекке уча турган каттамга кечигип калаарыбыз абада баратканда эле белгилүү болду. Бирок ага карабастан Стамбулдагы аэропорттун транзиттик бөлүмү бизге шашылыш Бишкекке билет жазып берди. "Самолет бизди күтүп атабы?" деген суроого "жүгүргүлө" деген жооп угуп, шашылыш аэропорттун экинчи тарабына чуркадык. Бул ирет мен жалгыз эмесмин, Бишкекке бараткан дагы беш-алты киши, арасында улгайган аял бар. Элеп-желеп болуп жетип келсек, Бишкекке узатчу дарбаза бекем кулпуланып калган экен. Ал жерде дагы ондон ашуун жүргүнчүлөр - Тель-Авив, Рим, Бонн жана башка жактардан учактын кечигип келгенин айтып тургандар менен чогулуп калдык.

Андан ары эмне кылабыз деген суроого жооп табыш учун "Пегасустун" өкүлүн табууга бир сааттай убакыт кетти. Акыры тапкан эжекебиз паспорт-билеттерди жыйнап кетип, ушул бурчтан чыкпагыла деген боюнча бир жарым сааттан кийин келди. Отургуч жок, жерге ар ким ар нерсе жайып жайгаштык. Саргартып күттүргөн эжекебиз кайтып келгенде чарчап-чаалыккан бизге айткан жаңылыгы: "Эми чек арадан өтүп "Пегасустун" билет саткан офисине баргыла" дегени болду. Паспортторду көргөзүп, сырттагы офисине барсак бизге окшоп учагына кечиккен, кайда барабыз деп карайлаган 40тай киши кезекте турган экен. Алардын артына туруп, түнкү 11ден өткөндө терезеге баш багып абалды түшүндүрсөк, "күткүлө" деп жооп беришти. Айтор, түнкү 12ден өткөндө чыдамыбыз кетип, Бишкекке кетпей калган 20дан ашуун киши "Бишкек! Бишкек!" деп кыйкырып киргенде гана "Пегасустун" өкүлү сыртка чыгып, бизди түнкү 1.30да эки кичи автобуска салып, мейманканага жеткирди. Ачка, өзөрүп беш сааттай аэропортто "Пегасустун" өкүлдөрүн "ойготуп, бизге жардам бердиртүүгө" жасаган аракетибиз аягына чыкканына ыраазы болдук акыры. Кечки тамак, же компаниянын интернет барагында жазылгандай компенсация төлөп берүү эч кимдин оюна да келбеди.

Баарынан кызыгы эртеси Стамбулдан Бишкекке учканда башталды. Мен алдын-ала интернеттен кечки тамакка заказ берип, акчасын төлөп койгон элем. "Үч эле кишиге заказ түшкөн, сизге бере албайбыз" деп баш чайкашты. Билетимде жазылып турат деп көргөзсөм, Бишкекке барганда кайра төлөтүп аласыз деп алакан жайышты. Менин бир эмес, эки бортайым менен билетимди көргөзүп ачуулана сүйлөшүп атканымды биз менен катарлаш отурган "Пегасустун" финансы маселелери боюнча вице-президенти Серхан Улга мырза өз көзү менен көрүп, "компенсация аласыз, кам санабаңыз" деп жылмайып комментарийледи. "Кааласаңыз, азыр акча төлөп тамак сатып алыңыз" дешет, "эмне үчүн эки жолу төлөшүм керек?" деп сурасам "бизде тартип ошондой, сиздин атыңыз биздин тизмеде жок" дешет. Менин компаниянын сайтында жазылган маалыматка ишенип, ыңгайсыз акыбалда калганым үчүн кечирим сурап, катаны оңдоого аракет кылуу "Пегасустун" кызматкерлеринин үч уктаса түшүнө кирбеген көрүнүш экен.

Айтор, менин башымдан өткөн ачуу сабактан улам буга чейин кардарларды тейлөө, кызмат көргөзүү жагынан таанылып-такшалган эле компаниялар менен учкан оң экен деген тыянакка келдим. "Пегасустун" айткан-дегенине, интернет сайтында жазган убадаларына ишенбегиле.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG