Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Партиялар мандат бөлүштүрүүдө


Парламентке кимдер келери азырынча белгисиз
Парламентке кимдер келери азырынча белгисиз

Жеңишке жеткен партиялардын көпчүлүгү талапкерлерин тизмеден чыгаруу менен парламентке барчулардын тизмесин болуп көрбөгөндөй өзгөртүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. Ошентип КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары мандат алары бышыкталды. Парламенттеги 120 депутаттык орундун 38и социал-демократтарга, "Республика Ата-Журтка" 28 мандат, "Кыргызстанга" 18, "Өнүгүү-Прогресске" 13, "Бир Болго" 12 жана "Ата Мекенге" 11 мандат тийди.

БШК сегиз шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таап, бирок шайлоонун жыйынтыгына таасир этпей турганын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов:

- Силер билгендей арыз берүү мөөнөтү өтүп кетти. Бирок ага карабай арыз түшкөн аймактардын баарын дагы текшеребиз. Аныктап, аягында чыгарабыз.

Ошентип эми партиялар ичинде мандат бөлүшмөй башталды. Бирок азырынча аталган партиялар расмий маалымат бергенден карманып турушат.

Маалыматтарга караганда, тизмесин өзгөрткөндөрдүн сап башында “Республика Ата-Журт” партиясы турат. Аталган партия өз тизмесинен жетимиштей талапкерди чыгарды. Муну менен партия шайлоо алдында талапкерлер менен лидерлердин ортосундагы келишимди ишке ашырып жатканын көрсөтүүдө.

Келишимде жетиштүү добуш топтой албагандар өз каалоосу менен мандат алганга чейин тизмеден чыгары кудайды жана балдарын бетке кармаган ант менен бекемделген. Бул өз кезегинде коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Тизмеде 21-номерде турган талапкер Керим Макеев буларды айтты:

- Башында макулдашкандай эле, тийиштүү добуш албай калгандар арыз жазып эркекче кетип жатабыз. Өзүңөр билгендей ант бергенбиз.

Өздүк булактар маалымдагандай, "Республика Ата-Журт" партиясынан он талапкер тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазбаса да, аларды БШК тизмеден чыгарып салган. Тизмеден өз ыктыяры менен чыкпаган талапкерлер эртең укуктарын коргоо үчүн БШКга кайрылмай болушту.

"БШК тизмеден чыгарып салыптыр. Бүгүн муну териштирүү үчүн БШКга кире албай коюшуптур. Эртең дагы кайрылышат", - деди атын атагысы келбеген адам.

Шайлоого үч ай калганда түзүлүп, күтүүсүз жеңишке жеткен “Кыргызстан” партиясы 45 талапкерин тизмеден чыгарды. Он сегиз мандатка ээ болгон партия парламентке кайсы өкүлдөрүн жиберери азырынча белгисиз. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан 16 адам чыкканы маалымдалды.

“Бир Бол” партиясы эки талапкерин чыгарганы айтылып жатканы менен расмий маалымат бериле элек.

Акыркы болуп өткөн “Ата Мекен” партиясы эки талапкерин чыгарды. Алар тизмеде номур бешинчи турган мурунку премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышындагы депутат, тизмеде он экинчи болуп турган Асия Сасыкбаева экени айтылууда. Бийликтин КСДП партиясы тизмедеги №21, №45, №53 талапкерин тизмеден чыгарды. Алардын шайлоо алдында тизме эч өзгөрүлбөйт деп айтканы бар.

Мандат алар алдында партиялар тизмесинин өзгөртүлүшү коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты.

Негизи мыйзам боюнча партия шайлоодон кийин тизмесин өзгөртө албайт. Бирок талапкер өз каалоосу менен арыз жазып чыгып кетүүсүнө мыйзам жол берет. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова мындай көрүнүштү сынга алды:

- Партиялар тизмесин өзгөртпөшү керек эле, бирок азыр өзгөртүп жатышат. Мыйзам бузулган жок, мыйзамды айланып өтүү ыкмасын партиялар өздөштүрүп алды десек болот. Муну мыйзамдын чийкилиги десек болот. Себеби партиялардын так тизмесин шайлоого чейин билишибиз керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо тийиштүү упай алган партиялардагы мандат алчу талапкерлердин ысымы бүгүн айтыларын маалымдаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG