Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Текебаев: "Центерра" атайылап убакытты созууда


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Кыргыз өкмөтү “Центерра” менен кезектеги сүйлөшүүнү токтотту. Кумтөрдө 50/50 үлүштөгү ишкана түзүү жараяны жыйынтыксыз болуп жатканын айткан өкмөт Кыргызстан үчүн пайдалуу жол сунуштамай болууда.

"Азаттыктын" суроолоруна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жооп берди.

"Азаттык": Өмөттүн бул чечимин сиз кандай баалап жатасыз? Чынында эле 2014-жылдагы келишимди андан ары жылдыруу боюнча өкмөттүн эч аргасы калган жокпу?

Текебаев: “Центерра” 50/50 деп сунуш кылып, бирок иш жүзүндө андай болбогон келишим биздин Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берген эмес. Ошондуктан мурун Жогорку Кеңеш да ага макул болбой келген. Азыр Темир Сариев жетектеген өкмөт да “Центерранын” бул сунушу “биздин кызыкчылыкка жооп бербейт, биз жаңы шарттарда келишим түзүшүбүз керек” деп мурунку сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарганга аракет кылып жатат. Өкмөттүн чечиминин сырын, максатын биз жакында парламентте угабыз деп турабыз.

“Азаттык”: Өкмөттүн сүйлөшүүдөн баш тартуусун буга чейин айтылган 67%, андан кийинки 50/50 деген үлүш тууралуу эми кеп да болушу мүмкүн эмес деп түшүнүшүбүз керекпи?

Текебаев: Биз бир нече жыл мурун эле улутташтырууга барышыбыз керек эле. “Центерранын” тактикасы баарыбызга белгилүү. Анын сыры ачылган. Эптеп сүйлөшөбүз деп убакытты созууда. Үч жыл созду, дагы үч жыл созсо ал жерде алтын деле калбай калат. Биз өзүбүз үчүн өтө кымбат, маанилүү болгон үч жылды өткөрүп жибердик.

Бүгүн да биз макул эмеспиз деп өкмөт менен мышык-чычкан ойноп, созгонго аракет жасоодо.

Кыргызстан эң чоң акционери болгонуна карабай, аны менен эсептешпей, кызыкчылыгын эске албай кошумча акцияларды чыгарып, биздин үлүшүбүздү бир топко азайтып жатышат...

Мунун баары “Центерранын” бизге ниети түз эмес экендигинин далили. Алардын “эптеп эски эрежелер менен иштей берсек, бир нече жылдан кийин алтын да калбай калат, Кыргызстан менен ошондо башкача сүйлөшөбүз” деген ниети бар.

“Азаттык”: Сиз жогоруда айткандай, өткөн аптада Торонтодо “Центерранын” директорлор кеңешинин кезексиз жыйынында акциялардын кошумча эмиссиясы тууралуу сөз болуп, 4,6 миллион акция боюнча чечим кабыл алынды. Бирок кыргыз тарап ага каршы добуш бергенин, чечим кабыл алууда регламент бузулганын айтып жатат. Эгер чынында эле чечим кабыл алынган болсо, Кыргызстан аны өзгөртө ала турган жолдору барбы?

Текебаев: Көрдүңөрбү, Кыргызстан ошол жерде эң чоң акционер болуп туруп эч нерсеге укугу жок. Ал эми майда акционерлер жыйналып алып, тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алып коюуда. Кыргызстандын үлүшүн 0,1% же 0,2% болсо да азайтканга жасаган аракети ошондон. Жарымынан көп болбосун, үчтөн биринен көп болбосун, тосмо коюучу чекке жетпесин деген аракети...

“Азаттык”: Эми ошону өзгөртө ала тургандай биздин механизмдерибиз барбы?

Текебаев: Биз аларды айыпка жыгып, өзүбүздүн соттун чечими менен жаратылышка келтирген зыяны боюнча жүз миллиондогон долларлык айыптарды моюнуна илишибиз керек. Ошонун эсебинен чыгарып алуубуз керек.

“Центерра” азыр мурункудай жердин алдынан алтын казбай, мөңгүлөрдү талкалап, “үстүнөн чапчып алам, ошондо пайда көп түшөт экен” деп бизге “көзү түшүп” турат. Ушинтип бизге “көзү, иши түшүп” турганда болушунча көбүрөөк пайда алганга аракет кылышыбыз керек.

“Азаттык”: “Суу кодексине” өзгөртүү киргизилбесе келерки жылдан тарта Кумтөрдө иш токтоп калат деп айтылып жатты эле. Өкмөт ал мыйзам долбоорун кайра иштеп келгени алып кетти, эми кандай болот?

Текебаев: “Кумтөр” компаниясы мыйзамды бузуу менен эле иштеп келатат. Мөңгүнүн үчтөн бирин талкалап бүттү. Мыйзамы жок эле.

Мөңгүнү талкалабаган мыйзам кабыл алып бер десе биз даярбыз.

Ошол жерде Тажыбаев аттуу профсоюздар мүчөсү бар. Алар жумушчулардын маселесин козгобой эле “Центерранын” адвокаты болууда. Кечээ да мыйзамды алып бербесеңер (“Суу кодексин” өзгөртүү тууралуу- ред.) ишти токтотобуз деп чыкты... Былтыр да ошол жерде иштегендердин айлыгы азаят деп чыккан, ал бүтүндөй Кыргызстанды шантаж кылып, өз пайдасына жыкканга аракет кылып жатат.

Андай профсоюздарды, ЖМКларды акчасын төлөп сатып алып “Центерра” Кыргызстанда өз кызыкчылыгын көздөгөн саясатын жүргүзүүдө.

“Азаттык”: Демек, жыйынтыктап айтканда, сиз маселени чечүүнүн жолу катары улутташтырууну көрүүдөсүз?

Текебаев: Улутташтыруу деле убагында болбосо, бир-эки жылдан кийин анын зарылчылыгы да болбой калат. Ал жерде алтын калбай калат. Кеч улутташтырган болсок, түшкөн пайда келтирилген зыянды жаппай турган абалга келип калабыз. Дагы 1-2 жыл талашсак, улутташтыруунун зарылдыгы болбой калат.

Эгер биз алар өзүлөрү түзүп алган эреже боюнча иштесек, бизди ар дайым ута беришет. Биз ал эрежеден чыгып, “Күч атасын тааныбайт” деп суверендүү мамлекеттик укугубуздан пайдаланышыбыз зарыл. Соту, прокурору өзүбүздөн болуп...

Керек болсо алар Кыргызстандын экологиясына зыян келтиргени үчүн иш козгоп, жаңы мыйзамдарды кабыл алып, туш тарабынан курчап, айласын кетирип туруп макул кылыш керек.

Жөн сүйлөшөм десек он жыл созот, ага чейин алтын калбай калат.

“Азаттык”: Өкмөттүн чечимин ошол сиз айтып жаткан кадамдарга баруунун алгачкысы деп түшүнсөк кандай?

Текебаев: Аны азыр айтыш кыйын. Ал өкмөт Жогорку Кеңешке келгенде билинет.

XS
SM
MD
LG