Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Атадан азап: көлдөгөн көз жаш...


Атасынан кордук көргөн кыз ооруканада апасы менен. Бишкек, 14-декабрь, 2012.
Атасынан кордук көргөн кыз ооруканада апасы менен. Бишкек, 14-декабрь, 2012.

"Азаттыкка" өз атасы зордуктаган 4 жаштагы кыз тууралуу маалымат түштү. Төбө чачты тик тургузган бул кабарды угарыбыз менен кыздын апасы менен кабарлаштык. Өз атасынан кордук көргөн көчөт кыз учурда борбордогу ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Алдыда бир операция бар.

Кеп башында дароо айталы: журналисттик этика эрежелерине ылайык каармандарыбыздын ысымы өзгөртүлүп берилет.

Биз барганда Каныкей керебетте жалгыз жатыптыр. Курсагына жамалган түтүк аркылуу заарасы жердеги айнек идишке тамчылап атат. Апасы тышка чыгып кеткен экен. Ал келгиче кызды кепке тартууга аракет кылдык. Бирок секелек атын гана айтып, андан ары сүйлөгүсү келбеди. Чочуркап жатканын байкап, кагазга сүрөт тарта баштадым. Кыз бир топко карап жатты да, анан жанындагы желим баштыктан түстүү калемдерди алып мага сунду. Мышык тартып берейинби? - десем Каныкейдин муңайым көздөрү күлүңдөй түштү.

Жарым сааттан кийин Каныкейдин апасы келди. Ээрчишип ийне сайган бөлмөгө кирдик. Зарина күйөөсү Нурлан менен сегиз жыл мурда баш кошкон экен. Экөө жыл сайын жайкысын Казакстанга барып иштеп келишчү тура. Ошол каргаша болгон күнү Зарина күйөөсү менен урушуп, эжесиникине кетип калат. Күйөөсү артынан мас болуп барып, үйгө алып кетмекчи болот. Каныкей ал учурда сиңдисинин үйүндө болуптур. Аялы келбей койгондон кийин Нурлан балдызын алдап, кызын алып кетет.

- Арак ичип алып, болгон жинин менден чыгарчу. Бирок балдарга катуу тийбейт эле. Ушул быйыл июлдун үчү күнү дагы ичип келип сабаганынан баламды алып, эжемдикине кетип калгам. Артыман барса, эжем жибербей койду, “соолукканда кел” деп. Каныкей сиңдимдин үйүндө жүрчү. Менден чыгып ага барыптыр. Апасы күтүп атат десе кошуп берген экен. Анан ушул окуя болуп кетти...

Күйөөсү кызын алып кеткенин уккандан кийин келин таң аткыча кирпик ирмебей, эртеси үйүнө барат.

- Экөө тең жаткан экен. Күйөөм мас, кызым болсо сулк жатат. Эмне болгонун дароо түшүндүм. Өзүмдү жоготуп коюпмун. Эртеси ооруканадан өзүмө келдим. Ошондон бери кызым экөөбүз ооруканада жүрөбүз. Кызымдын эси чыгып калыптыр. Эркек кишини, айрыкча мастарды көрсө эле алаңдап кетет. Көп сүйлөбөй, түнт тартып калды. Мээси да чайкалган экен. Айтор баарын сүрөттөп айтканга ооз барбайт. Алматыдан жакшы эле карашты. Анан өзүңөрдүн элиңер эмеспи деп бул жакка жиберишти. Кечээ жакында, 6-декабрда айрылган органдарына операция жасашты. Эми дагы 1 же 2 айдан кийин дагы бир операция болгону турат.

Келиндин күйөөсү учурда Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда. Зарина жакында эле анын үстүнөн арыз жазып келиптир. Бирок Алматыга барууга паспорту да, акчасы да жок экен:

- Эки жыл мурда кара куурай чегип баштаган экен. Ошол күнү да үйгө баратып да тарткам, билбей калыпмын деп жатат. Жакында эле Алматыга барып, үстүнөн арыз жазып келдим. Ал жактын тергөөчүлөрү мени эле күтүп турушат. Эми кыз ооруканадан чыкса эле сотко барабыз. Бирок менин да, кызымдын да документи жок. Ансыз кантип чек арадан өтүп, кантип сотко катышам? Суудан кечирип, бактарды аралатып алып өткөндөр деле бар экен. Бирок ага да акча керек да. Азыр 3 жашар уулумду апам карап жатат. Бир туугандарым колдон келишинче жөлөп-таяп жатышат. Бирок качанга чейин аларга жүк болом? Эми ушу документтерди бүтүрүп алганга жардам берүүңүздөрдү суранат элем....

Учурда Каныкей Бишкектеги №3 шаардык балдар ооруканасында дарыланууда. Ага операция жасаган профессор Талант Өмүрбеков буларды айтты:

- Жыныстык органдары, түз ичегиси айрылып кеткен. Бул эң оор жаракат. Алматынын дарыгерлери ичегини тигип, заңды убактылуу башка жагынан чыга турган кылып коюшкан. Өткөн жумада операция кылып баарын калыбына келтирдик. Эми жыйынтыгын күтүп жатабыз. Жараты ириңдебей бүтсө, кызда кийин эне болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде эң башкысы аң-сезим. Зордукталган баланын жан дүйнөсүндө баары бир так калат. Ошол себептүү, бачабаздарга катуу жаза берилиши керек деп ойлойм. Азыр айрымдар бачабаздарды хирургиялык же химиялык жол менен бычууну айтып жатышат. Бирок андан абал оңолуп кетеринен шегим бар. Анткени, балага кол салган кишинин проблемасы башында болот.

“Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова учурда кызга психологиялык жардам аба менен суудай зарылдыгын айтат:

- Биз Каныкейдин абалы менен таанышпыз. Психологиялык жактан жардам көрсөтүп турабыз. Кыз эми жаш. Апасы, туугандары, коңшулары өткөндү эске салбаса, аяр мамиле кылса бара-бара бул окуяны унутуп деле калышы мүмкүн. Бул жерде кеп башкада болуп жатпайбы. Бизде бачабаздар мыйзамга ылайык жазаланбай жатат. Акча берип же сүйлөшүү жолу менен жоопкерчиликке тартылбай калгандар бар. Алар бүгүн кылганын эртең кайталабайт деп ким кепилдик берет?

Ал эми кыздын атасын кандай жаза күтүп жатат? Аны Кыргызстанга алып келип соттосо болобу? Бул суроого ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев мындай жооп берди:

- Жаран кайсы бир мамлекетте жүрүп, кылмыш жасаса ошол жердин мыйзамы менен жоопко тартылат. Каныкейге карата жасалган зомбулук Казакстанда эң оор кылмыш болуп эсептелет. Андыктан алар бул жаранды бизге өткөрүп берүүсү күмөн.

Акыркы жылдары наристелерге карата сексуалдык зомбулук күчөп бараткандай. “Балдардын укугун коргоо лигасы” берген маалыматка таянсак, жыл башынан бери 200гө жакын бала чоңдор тарабынан зомбулукка кабылган. Анын ичинде сексуалдык кордук көргөндөр да бар. Ал эми Каныкей жана анын апасы моралдык да, материалдык да жардамга муктаж...
XS
SM
MD
LG