Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Камиланын өлүмүнө таксист себепкерби?


Камила Дүйшөбаева
Камила Дүйшөбаева

​Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын коомчулукта чуу жараткан өлүмү атайын жасалган эмес, кокустан болушу ыктымал деген версияны айтып чыкты.

Дээрлик бир жылдан бери бул иштин бети ачылбай келатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул ишке байланыштуу 500дөй киши суракка алынып, миңдей киши көрсөтмө берген.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун белгилешинче, Камиланын таксиде көп жүргөнүн, акчасын төлөбөй койгон учурлары болорун көрсөтмө бергендер айтышкан. Ошондон улам кезектеги ушундай окуя өлүмгө себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

- Телефондогу байланыштардын бардыгын тактадык. Көп маалыматты коомчулукка жарыялаганга мыйзам жол бербейт. Экспертиза өткөргөндө анын өлүмүнө өтө чукул муунтуу себепкер болгону аныкталган. Андан башка денесине залал келтирген, жаракат алган же зордук-зомбулуктун башка белгилерин экспертиза көрсөткөн жок. Ал кезинде акчасы жок такси жалдап, жетер жерине жетип жүргөнү тууралуу маалыматты көптөгөн күбөлөр тастыкташты. Кезектеги ошондой окуяда таксист менен экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр өлүмгө себеп болушу мүмкүн, мойнундагы шарфы менен жулкуп жиберген деген да божомол бар.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

Буга чейин министр Мелис Турганбаев Малайзиядан адистер тартылганын жана жаңы жагдайлар боюнча ишти кароо башынан башталып жатканын белгилеген болчу. Андан көп өтпөй апрель айында кылмышка шектүү адам табылган жок деген негизде иш убактылуу токтогону айтылып, ИИМ аны кайра төгүнгө чыгарган. Ушундан улам коомчулукта резонанс жараткан бул иштин айланасында түкшүмөл ойлор көбөйдү.

Маркумдун атасы Эшмамбет Дүйшөбаев ишти жабууга жана башка өңүткө бурууга кызыкдар чоң күчтөр болушу ыктымал деген пикирин билдирген.

- Кокустан болсо анда эмнеге изин суутканга аракет кылып, мүрзөнүн арасына таштап коюшат? Билбейм, балким Турганбаев бул ишти бирөөнүн мойнуна илгени жаткандыр. Чоңдордун туугандарыбы, балдарыбы же өздөрү барбы деп ойлойм. Учурда өлтүргөн адамды таап алыш оңой эле, баарын таап эле жатышпайбы. Булар эмнеге таба албай жатышканын билбейм. Таксиге түшүп, көп болсо 200-300 сом төлөбөй койсо өлтүрүп койгон ал кандай адам экен? Бул иш жаңы прокурор Индира Жолдубаеванын да көзөмөлүндө турат.

Күбө катары суралгандардын катарында коомчулукка белгилүү болуп калган айрымдардын аттары аталган. Анын ичинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жакын тууганы Калый Салянов, Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев да бар болчу. Бирок кийинчерээк милиция алардын бул чуулгандуу ишке катышы далилденбегенин билдирген.

Жоопсуз суроолор көп

Коомчулуктун көз кырында турган иш боюнча министрликтин соңку версиясы талкууга жем таштады. Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова узак убактан бери создуктуруп, коомчулук көтөргөн суроолорго жооп бербеген божомолдун чыгарылышын сынга алды.

- Бул, албетте, кандайдыр бир объективдүүлүккө кызыкдар адамдар күтүп жаткан жыйынтык эмес. Криминалистикада киши өлтүргөн адам жансыз денени өзүнө тааныш жерге алып барып таштайт экен. Шектүүлөрдөн ким ошол аймакка жакын жашайт же жакшы билет? Ушуга да көңүл бургула деп министрден өзүм да суранган элем. Малайзиялык эксперттер боюнча маалыматтарды, алардын байланыштарын сурап, жазуу түрүндө да, оозеки да кайрылып жооп алалган жокмун. Азыр министр муну негизги эмес, версиялардын бири катары каралып жатканын билдирүүдө. Бул эң акыркы божомол катары калбаса экен дейм. Ишти дагы улантыш керек. Болбосо эл арасында ушул версияны эң негизги кылып көрсөтүүгө аракет кылган, кызыкдар чоң күчтөр бар деген пикирлер жаралууда. Башка дагы кандай версиялар каралып жатканын ачыкташ керек. Негизи эле акчасын төлөбөй койгону үчүн жүргүнчүнү өлтүргөн учур канчалык тез-тез катталат? Мен мындай тууралуу азырынча уга элекмин.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле.

Мурдагы министр Абдылда Суранчиев маркум Камиланын жүрүм-турумуна байланыштуу Жогорку Кеңештеги билдирүүсү коомчулуктун катуу сынына кабылган. Кандай болгон күндө да маркумдун жакындары бул иш боюнча объективдүү чечимдерди чыгарат деп үмүт кылууда.

XS
SM
MD
LG