Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Кызыл-Жар кылмышкерлердин уюгубу?


Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадагы 17-февралдагы окуя боюнча иш козголду. Милиция тинтүү жүргүзүп жаткан учурда ооруканада жаңжал чыккан.

Дүйшөмбү күнү аталган ооруканада милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жаткан учурда ооруканадагылар аларга кол көтөргөн. Жаңжал асманга ок атылгандан кийин токтогон.

ИИМ атайын операцияны Кызыл-Жарда дарыланып жүрүп качып кеткен Заур Магомедовго байланыштуу жүргүзгөн. Магомедов 9-февралда Балыкчы шаарында эки милиция кызматкерин атып, из жазгырып кеткендин эртеси Токтогул шаарында милиция тарабынан өлтүрүлгөн эле.

Адистер Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукана көптөн бери эле коррупциялык айла-амалдардан улам криминалдын чордонуна айланып кеткенин белгилешет.

Милиция кызматкерлери Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын кайтарууга алынган бөлүмүн тинткен. ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, андан маңзат табылган. Жаңжал ошол учурда чыккан, аны басуу үчүн эскертүү иретинде ок атылган:

Заур Магомедов
Заур Магомедов
- Маңзатка байланыштуу иш-чараларды жүргүзүү үчүн ошол палатада жаткан бейтаптын бирөөсүн дарыгердин бөлмөсүнө чакырышат. Дарыланып жаткандардын калгандары мындан улам чуу салып, медициналык кызматкерлер менен милицияны барымтага алууга аракет кылып, колуна тийгендерди, эшик-каалганы сындырат. Барымтага алынгандарды бошотуу үчүн милиция кызматкерлери күч колдонууга, курал колдонууга мажбур болуп, эскертүү иретинде асманга үч-төрт жолу ок аткан. Жаңжал ушундан кийин токтогон.

Жаңжалда тогуз адам жараат алган: анын үчөө дарыгер, экөө милиция кызматкери, калгандары болсо ошол ооруканада дарыланып жаткандар. Бул факт боюнча Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстан боюнча Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканда гана акыл-эсин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспетриза жүргүзүлөт жана бул бөлүм кайтарууда турат. “Азаттыктын” күч органдарындагы ишенимдүү булактардын билдиришинче, ушул тушта бул бөлүмдө адам өлтүрүүгө шектелген 12, маңзат боюнча камалган эки адам жатат. Алар дарыгерлерге да, кайтарган күзөтчүлөргө да баш бербейт, түрмөдөгүдөй түшүнүктөр, ички тартип менен жашайт.

Аталган оорукананын башкы жетекчиси Гүлнура Миңбаева буга чейин "Азаттыктагы" маегинде оорукананы кайтаруу иштеринде мандем бар экенин мойнуна алган:

- Биздин оорукана 325 орунга эсептелген. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн бөлүмдө 15 орун бар. Мажбурлап дарылоо бөлүмүндө 60 орун. Өкмөткө кайтарууну күчөтүү керек деген бир топ кайрылуу болгон. Маселе чечиле элек.

Кызыл-Жардагы ооруканага байланыштуу мындан бир жума мурун кылмыш иш козголгон эле. Балыкчыда 9-февралда эки милиция кызматкерин атып из жазгырып кеткен Заур Магомедов аталган ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон. Магомедов шериги Бердимурат Арчаев экөө 10-февралда Токтогул шаарында атайын операция маалында атып өлтүрүлгөн. Бул факт тергелип жатканда Кызыл-Жардан дагы бир бейтап качып кеткени жана бул тууралуу дарыгерлер күч органдарына убагында кабарлабай койгону аныкталды.

Кыргызстандагы “Психикалык саламаттык” бейөкмөт уюму психиатриялык жайларга маал-маалы менен мониторинг жүргүзүп турат. Аталган уюмдун жетекчиси Бурул Макенбаеванын айтымында, Кызыл-Жардагы оорукана эбактан бери эле криминал менен коррупциянын чордонуна айланып калган. Кайтарууга алынган бөлүмүнө кирүүгө дээрлик мүмкүн эмес:

- Түрмөгө баргысы келбеген адамдар, экспертизанын корутундусун сатып алып, ошол ооруканада жашаган учурлар жок эмес. Ал жакка прокуратуранын гана өкүлдөрү менен киргенге уруксат болчу. Ушундан улам биз "бул туура эмес, коррупцияга шарт түзөт" деп такай жазчубуз. Күзөтчүлөр болсо ошол оорукананын айланасын гана кайтарат. Ичинде жаткан адамдар эмне кааласа, ошону кылат. Ал жакка дарыгерлер киреби, же кирбейби биле албайбыз. Атүгүл күзөтчүлөр да ичине киргенден коркчу. Биз бул тууралуу прокуратурага да жазганбыз, шашылыш билдирүүлөрдү да жөнөткөнбүз.

Бирок дарыгерлер мындай дооматты четке кагууда. Республикалык психо-неврологиялык диспансердин башчысы Урайымжан Исмаилов "акыл-эси жайында эмес деген жалган маалымдама берет" деген айып негизсиз экенин айткан эле:

- Көп учурда такталбаган маалыматка таянып алып ушундай дооматтарды кое беришет. Ар бир чыгарылган чечимге үч дарыгер жоопкерчиликти алып, кол коюп берет. Эгер алар туура эмес тыянак чыгарса, кылмыш жообуна тартылат. Ушул убакка чейин мындай кылмыш иш бир дагы дарыгерге козголо элек. Ушак, такталбаган сөз катары эле айтылып келатат. Ушундай куру дооматтардан тажап бүттүк.

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадагы соңку окуяга байланыштуу ал жакка саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева барды. Аталган оорукананы кайтаруу, анда дарыланып жаткандар маселеси өткөн аптада парламентте да көтөрүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG