Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Режиссер Руслан Акун: Кыргызды таанытам


Азыркы кыргызстандык ким? Батыштын либералдык нарк-насилин тутунган, бир канча тил, анын ичинде технологиянын тилин жатка билген кыз-жигитпи? Беш маал намазга жыгылып, бир гана исламдын мыйзамдары акыйкаттыкка жеткирет деп ишенген жаранбы? Же Жараткан берген күнүмдүк жашоого каниет кылып, колунан келген ишин кынтыксыз аткарып жүргөн момун жанбы? Жакшы жашоо үчүн башын тобокелге байлап, жер кезип жүргөн мигрант мекендешибизби?

“Азаттык” азыркы кыргызстандыктын бейнесин тартууга белсенүүдө. Кабарчыларыбыз ар жерде ар кандай тагдырды башынан өткөрүп жаткан ЗАМАНДАШЫБЫЗ тууралуу баяндар түрмөгүн сунуш кылат.

Рубрикабыздын биринчи коногу - режиссер Руслан Акун. Руслан азыр “Салам, Нью-Йорк” тасмасын кыргызстандыктарга тартуулаганы жатат. Буга чейин “Бишкек, мен сени сүйөм” тасмасын тарткан.

Нарындагы биринчи “боевик”

Кичинекей кезимден эле киного кызыкчумун. 8-класста бир "боевик" жазгам, кишилерди тартып, аларды көп баракка чыгарса, анимацияга окшоп калчу.

Классташтарым такыр китеп окучу эмес, бирок ошол “чыгармамды” каталарына карабай окуп чыгышкан.

Мектепти 2002-жылы Нарындан бүтүргөм.

Кыргыз тили - ушак жана саясат

Үч тилде эркин сүйлөйм – кыргызча, орусча, англисче. Азыр түркчө үйрөнүп жатам. Себеби дүйнөнү көп кыдырып, бир нерсеге күбө болдум - түрктөр да өз учурунда бизге окшоп эле дүйнөгө чачылып кетишкен. Ошентсе да алар өз тилин унутпай, маданиятын сактап келишкен.

Макаланын аудио варианты бул жерде:



Түрктөрдүн көбү чакан бизнеске тың келишет. Алардын да көп кереги тиет экен. Биздин эле тасманы тартып жатканда да жардам беришти. Алардын тилинде эле кафесине кирип барсаң, жакшы кабыл алышат. Чет өлкөдө алар бизге боор тартат.

Кыргыз тилин билсең, түркчө сүйлөсөң, ошол эле Татарстанда, Түкмөнстанда өзүңдү эркин сезесиң. Анткени постсоветтик өлкөлөрдө тилекке каршы орус тили унутулуп баратат.

Кыргыз тили боюнча “жарма патриотторго” кошулбайм. Чынын айтканда, кыргыз тили - заманбап маселелерди талкуулаганга ыңгайсыз тил.

Мен бул суроого абдан кызыгам – кантип өнүктүрсөк болот? Жооп таба элекмин. Ошол эле жапон тили кедей дыйкандардын тилинен эле технологиянын тилине айланган. Жылдан жылга кыргыз тили ушак менен саясаттын тилине айланып баратат.

Салам, Нью-Йорк!

Албетте мен тасмамды кыргыз тилинде тарттым. Бирок биздин башкы каарман Брайтон-Бичке түшүп калганда, ал жерде орусча сүйлөйт, ата-энеси, курдаштары менен кыргызча баарлашат, анан англисче үйрөнөт.

Тасмада айтайын деген бир ой – заманбап кыргыздын элеси. Ал эне тилин мыкты билиши зарыл, анан орусча жана англисчени да мыкты өздөштүрүшү керек. Эгерде биз англисче жана орусча жакшы билсек, кыргыз тилибизди да өнүктүрөбүз.

Бир жолу Нарынга барып калып, инилеримди, туугандарымды карасам, баары эле окубай калышыптыр – мектепке барбай коюшат, “2” алышат. Ошол эле учурда жер төлөлөрдө спорт менен машыгышат. Ошол көрүнүш тасма тартууга түрткү болду.

Кыялың болсо, ошого тайманбай жет. Жашоодо өз сценарийиңди аткар, бирөөнүн таңууланган жолу кереги жок. Бирок эң башкысы, өз жашооңо өзүң жооптуусуң.

Биздин башкы каарман Нью-Йоркко ырыскы эмес, билим издеп барган. Максатыңа жеткен соң эмне кыласың?

Чет өлкөдө жүргөндөр гана эмес, айылдан Бишкекке келгендер деле өздөрүн тааныйт. Патриоттук сезимдер, социалдык көйгөлөр да чагылдырылган.

Тасма тартууга катышайын деп көптөр кызыгышат, келишет, анан эртеси кайра келишпейт (күлүп). Бул – кара жумуш, өтө оор.

Бишкек-Нью-Йорк

Мен үчүн дүйнөдө эң сонун эки шаар бар. Биринчиси - Бишкек, экинчиси - Нью-Йорк.

Каныбызда болсо керек, биз кыргыздар жаңы нерсени тез эле илип алып, бат ыңгайлашып кетебиз. Ошондуктан жаңы нерселерге умтулуп, башкалар кылымдарды басып өткөн жолду, тез эле басып өткөнгө мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстан – бактылуу жана эркин адамдардын өлкөсүнө айланат деп катуу үмүттөнөм.

Салт vs глобалдашуу

Салтка келгенде эки жүздүүлүк колдонулат. Саясатка, уруу-уруу болуп бөлүнгөнгө келгенде эле салтты жамына калабыз. Тойдо “конверт” берип, тост айтчу белек?

Келгиле, анда жакшы салттарды эстейли. Мисалы, кыргыздар бир табак талканын айылдаштары менен бөлүшкөн – ал да салт. Артка тарткан нерселерден арылбасак, эң аянычтуусу - улут катары жок болуп кетишибиз деле мүмкүн.

Саясатчылар болсо кыргыздын сонун сөздөрүн алып, маанисин кетирип салышты.

Мен патриотмун, бирок саясат аркылуу эмес, өз чыгармам менен таасир бергим келет. “Кыргызча сүйлө” дегендердин көбү өздөрү кыргыз тилинде мыкты сүйлөй алышпайт.

Мусулманмын, бирок намазга жыгылбайм

Мен өзүмдү мусулман деп эсептейм, бирок башкалар антип эсептебеши мүмкүн. Беш маал намазга жыгылбайм, бирок чоң энем куранды үйрөткөн. Адамдын дили таза болушу керек. Намаз үчүн “намаз оку” дегендерге эмес, Кудай алдында гана жооптуумун.

Көп жолдордун ортосунда тургандай болуп жатам. Кыска метраждуу бир тасмам бар, ошону бүтүрүшүм керек.

Корейлер жакында “Гангнам стайлы” менен дүйнөнү жарышты. Мен да кыргыздарды ошентип эл аралык деңгээлде тааныткым келет. Анан билимдин жетишпей бара жатканын сезе баштадым. Окуйм.

“Салам, New York” тасмасынан үзүндүнү бул жерден көрүңүз.

Тасманын саундтреги бул жерде. Каныкей, “Садагам”
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG