Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Кыргызстан базарын иммигранттардан коргомокчу


Оштогу эң ири Кара-Суу базарында да соода-сатык менен алектенген Кытай жарандары бир топ.
Оштогу эң ири Кара-Суу базарында да соода-сатык менен алектенген Кытай жарандары бир топ.

Өкмөт чет элдик ишкерлерге Кыргызстанда соода кылууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун талкууга койду.

Өкмөт аны бир жагынан мамлекеттик коопсуздукка байланыштырса, экинчиден базарлардагы жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Кыргызстанда негизинен Кытай, Түркия, Иран жана Пакистан жарандары соода иштери менен шугулданат.

Чектөөнүн чен-өлчөмү

Тышкы иштер министрлиги жарыялаган токтом долбоорунда 1-январдан тарта чет элдик жарандардын чоң-кичине базарларда, контейнерлерде, күркөлөрдө соода-сатык кылуусуна тыюу салуу сунушталууда. Ал эми соода борборлорунда, супермаркеттерде соода кылган чет элдиктер 10 пайыздан ашпашы керек.

Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин башчысы Куштар Айтматов сунушталып жаткан токтомдун маңызын түшүндүрүп, ал чектөө соода кылгандарга гана тиешелүү болорун айтты:

- Биз азыр муну коомдук талкууга койдук. Ал токтом кабыл алынса, Кыргызстандын жарандарына да соода кылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Токтом долбоорунун негиздемесинде, чет элдик жарандар миграциялык мыйзамдардын жеңилдиги, чек аралардын ачыктыгы жана көзөмөлдүн чабалдыгынан улам Кыргызстанда мыйзамсыз эмгектенип, ишкерлик жүргүзүп жатканы белгиленген. Бул көрүнүш улана берсе, бир жагынан жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыгы корголбой, экинчи жагынан, иммигранттардын, өзгөчө кесиби же даярдыгы жок каратаман иммигранттардын саны өсөт деген кооптонуу бар экени айтылат.

Негизи Кыргызстан жыл сайын 10 миң чет элдик жаранга ишкерлик жүргүзүүгө квотанын шартында уруксат берет. Бирок Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, иммигранттар алда канча көп жана алардын так санын билүү мүмкүн эмес.

Мыйзамсыз жүргөн кытайлар көп

Экономист, талдоочу Азамат Акелеев соода кылууга тыюу салуу тескери натыйжаларга, маселен коррупциянын күчөшүнө, товарлардын кымбатташына жана тартыштыгына алып келиши ыктымал деп эсептейт. Андыктан ал мыйзамсыз миграция менен күрөшүүнүн башка жолдорун сунуштайт:

- Миграция боюнча кызматтар иштеши зарыл. Тыштан келген жарандар, ошол эле Кытайдан келгендер мыйзамсыз жүрүп жатышат. Биринчи ушул жагын караш керек.

Расмий маалыматтарда чет өлкөлүктөргө берилген 10 миң квотанын 80-90 пайызы кытайларга туура келет. Бирок Кыргызстанда кытайлар алда канча көп, ал түгүл 100 миңге чамалаш деген сөздөр парламентте да айтылган болчу.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэндин жума күнү журналисттер менен жолугушууда билдиргенине караганда, Кыргызстанда 20 миңдей гана кытай бар. Кытай жарандарынын басымдуу бөлүгү Дордой жана Кара-Суу базарларында соода кылат.

“Дордой” ассоцациясынын президенти Аскар Салымбековдун белгилешинче, чет элдиктердин соода кылуусунда өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына жана коопсуздугуна каршы келбегендей чен-өлчөм болушу керек. Бирок ал такыр тыйып коюуга каршы:

- Алар келе беришсин, бирок чен-өлчөм болуш керек. Кайсы жерге же аймакка канча адамга уруксат берилет дегендей шарттар болушу керек. Бизге пайдалуу болгондой, ошол эле кезде аларга да зыян болбогудай кылып, чен-өлчөмүн эсептеп чыгыш керек. Биз терең анализ жасабай туруп эле кээде баарын тыйып салып жатабыз.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушу тапта 54 мамлекеттин жарандары Кыргызстанда ишкерликтин ар кандай түрү менен алектенет. Саны боюнча биринчи орунда турган Кытай жарандары соода-сатык кылат жана айрым бөлүгү кызмат көрсөтүү, тоо-кен, курулуш тармагында жана айыл-чарбасында эмгектенет.

Кытайдан кийин турган Түркия жарандары курулуш, соода, билим берүү, кызмат көрсөтүү тармактарында алектенет. Андан соң курулуш, тоо-кен, кеңеш берүү багыттарында иштеген кореялыктар арбын. Кийинки орунда Иран жана Пакистандын жарандары. Алар да Кыргызстанда негизинен соода кылышат. Банк, байланыш кызматында жана өндүрүштө иштеген орусиялыктар саны боюнча пакистандыктардан кийин турат.

XS
SM
MD
LG