Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Шакабага айланган төө буурчак


Фейсбукта чыккан тамаша сүрөттөрдүн бири
Фейсбукта чыккан тамаша сүрөттөрдүн бири

Премьер-министр Темир Сариевдин төө буурчак тууралуу айткандары социалдык тармактарда түрдүү шакаба-тамаша кептерди жаратты.

Өкмөт башчы өткөн аптада кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча эл аралык жыйында тамактануу маданиятын өзгөртүп, витаминдүү тамак-ашка басым жасоо керектигин айтып, төө буурчакты мисал келтирген эле.

“Өкмөт башчы Темир Сариев кыргызстандыктарды эт ордуна төө буурчак жегенге өткүлө деп айтты” деген мазмундагы каңшаар кеп төө буурчактын мекени деп эсептелген Таласка да жетти.

Талас районунун Манас айылынын тургуну Төрөбай Көкөбаев төө буурчак айдаганы менен аны тамакка пайдаланбаган жүздөгөн жергиликтүү тургундардын бири:

- Быйыл бир гектар жерге төө буурчак айдагам. Эки тоннага жакын түшүм алдым. Арзандап, 30 сом болуп баратканда эле сатып жибергем. Эми эттин ордуна төө бурчакты кантип жемек элек? Этке көнүп калгандан кийин этсиз тура албайбыз да. Ата-бабабыз жебеген төө буурчакты биз жемек белек? Эми анча-мынча салатка кошуп жейбиз, бирок жалаң төө буурчак менен отурсаң сууктап, оозуңа кара суу келбейби. Бул жакта чынында төө буурчак эле эмес, картошканын өзү деле желбейт.

Темир Сариев төө буурчак тууралуу өткөн аптада Бишкекте кенже курактагы балдарды өнүктүрүү маселелерине арналган жыйында сөз кылган эле. Анда эттин ордуна төө буурчак жегенге үндөгөн деле эмес:

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча биздин балдарга витамин жетишпейт. Ошол эле учурда өзүбүздө өскөн жашылча-жемиштер чирип жатат. Биз тамактануу маданиятыбызды өзгөртүшүбүз керек. Төө бурчакты алалы. Этке караганда 10 эсе арзан. Бирок биологиялык баалуулугу эт менен бирдей. Бирок биз төө буурчак жебейбиз. Ошондуктан биз балким тамактануу маданиятын өзгөртүп, балдар да, чоңдор да тамшанып жей турган, ошол эле кезде улуттук өзгөчөлүгү бар тамак-аштардын түрүн ойлоп табарбыз. Биз ушул жаатта аракет кылышыбыз керек.

Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, өкмөт башчынын сөзү атайлап бурмаланып жатканына токтолду:

- Премьер-министр балдарга кам көрүүнү күчөтүү, дегеле жарандардын өз саламаттыгына кам көрүүсүн жакшыртуу максатында витаминдүү тамак-ашка өтүү тууралуу чакырык жасаган. Анда кайсы бир улуттук тамакты алмаштыруу жөнүндө сөз болгон эмес. Колдогу мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен жакшы тамактанууга өтүү, тамактануу маданиятын өзгөртүү, рационду дагы жакшыртуу боюнча сөз болгон.

Таластагы төө буурчак
Таластагы төө буурчак

Саясат талдоочу Турат Акимовдун баамында, мындай жагдайга жол берилбеши үчүн жетекчилер сунуш айтуу менен эле чектелбей, аны чечүү, алдыга жылдыруу жолдорун да көрсөтүшү керек. Ал эми төө буурчакты тамакка колдонуу боюнча эң ириде адистердин пикири маанилүү:

- Темир Сариевдин айткандары прагматикалык жактан туура эле. Бизде миңдеген адам түрмөдө отурат, окуучулар, аскерлерибиз бар. Аларды багыш керек. Ошолордун баарына мамлекеттик буйрутма түрүндө тамак-ашына төө буурчакты кошуп туруу боюнча киргизип коюш керек. Бирок мамлекет ошол төө буурчактарды дыйкандардан алабы, алса канчадан алат деген маселе бар. Ушул жактан алып караганда айткандары туура. Бирок төө буурчактын бир кемчилиги бар – аны эркектер көп жегенге болбойт. Мунун баарын кылдат жасаш керек. Бала-чакабыздын баарын төө буурчак жегенге отургузуп койсок кандай болот, ошону да караш керек. Ошон үчүн негизинен импортко эле кеткени жакшы. Биз малдын майындагы, этиндеги протеинге көнгөн элбиз да, мындай протеин азайып калса элибиз оорукчан да болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн муну тыкыр иликтеп туруп сунуштоо керек.

Кыргызстанда буга чейин да өлкө жетекчилердин айрым бир сөздөрү шакабага айланып кеткен учурлар болгон.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тезек терүү тууралуу айткандарын коомчулук эмдигиче эсинен чыгара элек.

Жогорку Кеңештин “Бир бол” партиясынын депутаты Акылбек Жапаров вице-премьер-министр болуп турган кезде 2008-жылдары малдын тек-жайын жазуу демилгесин көтөргөндө, келеке катары кабылданып коомчулуктан колдоо тапкан эмес эле.

XS
SM
MD
LG