Бейшемби, Октябрь 02, 2014 Бишкек убакыты: 04:16

Атайын баракчалар / Шайлоо

Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпайт

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери, ушундай эле аталыштагы парламенттик фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев алдыдагы президенттик шайлоого катышпай тургандыгын өз партиялаштарына 22-сентябрдын кечиндеги бейформал жолугушууда жарыя кылды.

x
Кыргызстандагы таасирдүү саясатчынын чоң саясий оюндан чыгышына эмне түрткү болду жана ал президенттик жарыштын тыянактарына кандай таасир этиши мүмкүн?

Коомдук-саясий чөйрөдө “реформанын атасы”, “тажабаган талапкер” деген өңдүү аттар ыйгарылып жүргөн белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев алдыдагы ири саясий оюндан эмнеге чыккандыгын 23-сентябрда тараткан билдирүүсүндө ачыктады.

Бейформал жолугушууга катышкан партиялаштарынын бейрасмий билдирүүлөрүнө караганда Текебаевди президенттик жарышка катышууга караганда 7-апрелден кийин башталган реформаларды, демократиялык дөөлөттөрдү сактап калуу, андан ары өркүндөтүүгө салым кошуу көбүрөөк кызыктырат.

Уран Ботобеков
Мунун себебин саясат таануучу Уран Ботобеков парламенттик башкарууну сактап калуу кызыкчылыгы менен байланыштырды:

- Элдин оозуна алынган, өтөт деген талапкерлердин баары кайрадан конституциялык реформа жасайбыз дегенди айтып атышат. Атамбаев баш болуп, Мадумаров деле. Менимче, реформанын атасы катары Текебаев өзү баштаган реформаларды сактап калуу максатында ушундай чукул кадамга барды.

Текебаевдин талапкердиктен кетишинин бир өңүтүн эксперттер шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу менен байланыштырышат. Талдоочу Марс Сариевдин айтымында:

- Текебаевдин шансы жок деп айтам, мүмкүнчүлүгү аз болчу. Ушуну сезген үчүн Текебаев ушундай кадамга барып отурат.

Шайлоо алдында демократиялык күчтөр бирикпесе, реванштык күчтөр үстөмдүк кылып кетиши ыктымал деп эсептеген талдоочу саясатчы Текебаевдин чечимин ушул маселеге да байлайт.

Дагы бир талдоочу Темир Жумакадыров реваншчылар талапкерлердин арасында бар деп эсептебейт жана тыштан болуучу ыктымал аракеттердин азгырыгына кирүү саясий пайда бербесин алар түшүнүшөт дейт.

Марс Сариев
Талдоочу саясатчынын оюндан чыгышын логикалуу кадам катары санайт. Анын пикиринде саясатчы өзү түзгөн парламенттик системаны сактап калууга, саясий макулдашууларга барууга жана ал максаттарды ишке ашыруу үчүн шайлоону бөлүп-жарбай, атаандаштыкты күчөтпөй тынч өткөрүүгө кызыкдар:

- Президенттик шайлоого катышуучулардын бири менен кандайдыр бир саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кандайдыр бир макулдашууга жетиши мүмкүн. Талапкерлерден карап көрсөк, мен ойлоп жатам, Атамбаев болушу мүмкүн. Ошол сүйлөшүүлөрдүн негизинде талапкердигин алды болуш керек деп ойлойм.

Талдоочу Ботобеков Текебаевди принцип, идея үчүн жашаган саясатчы деп эсептейт. Ага жараша парламенттик башкаруунун автору утурумдук кызыкчылык үчүн кимдир-бирөө менен ачык альянска барарына анча ишенбейт. Талдоочу бул кадамды саясатчы жеңишке жетерине толук ишенбеген үчүн президенттик шайлоодон кийинки саясий күрөшкө даярдык көрүү жана өз турумун бекемдөө максатында гана жасады деген ойдо.
Менимче, реформанын атасы катары Текебаев өзү баштаган реформаларды сактап калуу максатында ушундай чукул кадамга барды.
Уран Ботобеков

7-апрелден кийинки конституциялык реформага ылайык президенттин ыйгарым укуктары азайганына карабастан алдыдагы шайлоого аттуу-баштуу саясатчылар жапа тырмак баратышат. Бул көрүнүш эл аралык байкоочуларда Конституцияны кайрадан алмаштыруу дымагы болуп жүрбөсүн деген да бүшүркөө жаратууда.

Президент Роза Отунбаева болсо бул күндөрү АКШда өткөн “Кыргызстан-  президенттик шайлоонун босогосунда” деген талкууда Конституцияны 2020-жылга чейин эч ким өзгөртө албастыгын белгиледи.

Ошол эле мезгилде жарышка түшүп жаткан саясатчылардын бир даары Конституциялык реформа зарыл экендигин айтып жүргөну да анык.

Өмүрбек Текебаев  1995- жана 2000-жылкы президенттик шайлоолорго талапкер болгон. Ал жетектеген “Ата Мекен” фракциясы  Жогорку Кеңеште бүгүн парламенттик азчылыкты түзөт.

Бурулкан Сарыгулова

"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жолдуу каяктан: Бишкек
29.09.2011 16:52
Текебаевдин маңдайына журт башчылыгын жазган эмес, эл ырыскысын да көтөрө албайт. 20 жылдан ашуун убакытта ал өзүн көрсөттү, эч качан улуттук лидер боло албайт. Депутаттыгына ыраазы болсун. Жалпы кыргыз элине өзүм билемдик кылып баш мыйзам жазды эле теңирден тетири азыр кыйналып жатабыз. Кыргызга улуту үчүн күйүп жанган адилет,ыймандуу, булганбаган лидер керек.
Пикирге жооп

кимден: Улутбек
29.09.2011 21:33
Жолдуу - максатыңа жетпей жолдо калган калган "лузер" окшойсуң,

Бизге КЫРГЫЗдун тукуму жана ага сыймыктанган түптүү улуттун Текебаевдей майтарылбас УУЛУ президент болушу керек!!!

Айтканың менен жоругуң жолдо калсын, Жолдуу. Жолсуз кыйналып жүргөнүңдүн себеби - Текебаев жазган Конституцияда деп ойлосуңбу?! Баракелде акылыңа

кимден: Балдызы
29.09.2011 06:21
Текебаев эч кимдин кызыкчылыгын жана эч ким менен суйлошкон жок Эн биринчи себеп,- выборго коптогон акча каражат керек, эгер билгенинер болсо ошол чон каражаттын жоктугунан шайлооого биринчи ирет чоон каражат керек ,жана Бакиевдин куйруктары дагы эле бар экенин билсенер керек...

кимден: Мыктыбек каяктан: Ордо
27.09.2011 23:21
Тундук дейбизби, туштук дейбизби, баарибир Кыргызстандыктарга Омурбек Текебаев торага болушу зарыл болчу. Бирок, мен эми Текебаевдин акыркы кадамдарынан улам президенттик шайлоого катышпайм деп чечтим. анткен, тактыга талпынгандарыдын арасынан татыктуусу жок.

кимден: Аскен каяктан: Бишкек
27.09.2011 17:30
Мен жогорудагы Керез мырзага кошулам. Омурбек мырзаны шайлайын деп жаттым эле, эми кимди шайлайм!? Балким экинчи турга коет деп умуттоном!

кимден: Динара каяктан: Бишкек
27.09.2011 16:26
Текебаев баарыбир отпойт болчу, туура эле кылыптыр акчасын коротпой азамат. Отпой турганын билгендщер ушундай кадамга барышы керек.

кимден: Кыке каяктан: Бишкек
26.09.2011 10:09
Омурбек Текебаевге учурунда президент болууга Акаев, бакиев тоскоолдук кылып келди эле. Экоо да кетти. Мына эми Текебаевге тоскоол болчу эч ким жок болгондо, эмне учун оз талапкерлигин алып койгону тушунуксуз.

кимден: СЫНЧЫ каяктан: КЫРГЫЗСТАН
26.09.2011 06:17
Текебаев барибир отмок эмес. текебаев бийлике тонкоруш артынан келди аны эл шайлаган жок ! Жогорку кенешке да ата-мекен партиясы
Эн томанку орунга баш шайлоо комитети сариев мырзанын жардамы менен 5-орунга илешкен. Соз барго уйундо дубалын, да жардам берет деген. Президент болуп калышына козу жетпеген текебаев озу билип кандидатурасын алып салды. Омурбек мырза эми озуно калкан кылып атанбаев м/н отунбаевага кошулат. кошулбаска аргасы жок, атанбаев мугалимдердин, врачтардын, губернатор, аким, айыл окмотордун, аскерлердин, добушун алганга арекет кылат. эгерде атанбаев президент болуп калса, отунбаева премер министр текебаев спикерлике илешет. ТАШИЕВ президент болуп калса отунбаева премер министр бабанов спикер болуп калышы мумкун. КЫРГЫЗСТАНДА баары МУМКУН.

кимден: Улан каяктан: Санкт-Петербург
25.09.2011 13:58
Текебаев ото акылдуу саясатчы,позициясы туруктуу саясатчы, башка кимди айта аласынар, баары эле "Кун тийген жердин кукугу" болуп келатышат го. Элибизге тан калам,баягы эле жеп жутарлырды колдоп ,мактап ийгенинде. Кийин окунуп калбасак болду.
Пикирге жооп

кимден: Бараталы
27.09.2011 20:52
Сен Текебаевди жакшы билсен айтчы кана, Текебаев эмне иш кылды Кыргызстан учун ушунча жылдан бери, же обязательно президент болуп анан кылыш керекпи?

кимден: Назгул каяктан: Ош
25.09.2011 12:18
Мен Омурбек мырзанын так, оз опикирине ээ болгон инсан катары баалайм,ал замандын оош-кыйышына карабай,туруктуу позициясын сактап кала алды,демек президенттике татыктуу инсан эле.

кимден: askat каяктан: leylek
25.09.2011 11:15
омуке
еми билди егер катышканда 1пр ц да алмак емес
Пикирге жооп

кимден: керез
25.09.2011 23:32
Ооба Лейлек барибир тушунбойт кимдин ким экенин деп озун койгон жок.Туштук туугандарды уят кылбайын деп.А биз аркалыктар жердештике болунбой.Текебаевти туштук болсо да акылдуу билимдуу инсан катары аябай сыйлап добуш бермекбиз.Кучтуу политик.Ушул инсандын эмгегин туштук туугандар барктабай койду атиң........................
Пикирге жооп

кимден: Рахат каяктан: Базар-Коргондон
28.09.2011 00:47
Талат Бишкектен.сиздер кайдан билесиз Керездин кандай атала турганын?Текебаев Керездин атасы болгондо гана куйуп-жанышы керек беле силер учун ээ?Куйуп-бышса,куйуп-бышканга татыктуу адам биз учун бул киши,Лейлек Разакковдун мекени болсо эмне экен, Лейлектиктерге тил тийгизбешибиз керекби ээ?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.09.2011 16:32
Керез туура айтат
Пикирге жооп

кимден: Талант каяктан: Бишкектен
26.09.2011 23:13
Оболу сенин атындын жазылышы "керез" эмес Керээз.Экинчиден Лейлек Раззаковдун мекени.Учунчудон бутундой бир жумурай журтту озуно окшош бир кенкелес аркылуу жаман аттуу кылганын канчалык кара озгой, трайбалист экендигинди корсотуп турат. Ал эми Текебаев сенин Атан эмес куйуп-жангыдай.Талапкерлигин алабы,коёбу сага отчёт бербейт,туурабы?Созунду аябай терен ойлонуп,анан айтып жур,болбосо дагы бир куну кокус тилинден жанылып калсан турбай каласын.
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине