Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:35

Саясат

Жаңы президентти тынч уктатышпайт

Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыктарына жана келерки президенттин ички жана тышкы саясатына карата талдоочулар ойлорун айтууда.

Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы жарнак тактасы, Арашан айылы, 26-октябрь, 2011-жыл.
Текст көлөмү - +
Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары алдын ала божомолдордун көбү туура чыкканын айгинеледи. Мисалы, өлкө түндүгүндө добуш берүүгө келгендер саны абдан көп болду жана Алмазбек Атамбаевди басымдуу көпчүлүгү колдоду. Ал эми түштүктө добуш берген шайлоочулар саны салыштырмалуу азыраак болуп, негизги талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевге бөлүнүп кетти.

Ош шаарындагы талдоочу Санжар Тажыматов маселен, түштүктө добуш берүүчүлөрдүн негизги бөлүгүн мигранттар түзүп, Орусияда жана Казакстанда жүргөндүктөн, азыраак болду деген ойдо:

- Электораттын уюткулуу бөлүгү сыртта болгондуктан, өз жерлеринде добуш бере алган жок.

Ал эми саясат таануучу Руслан Ташанов жүздөгөн адамдардын тизмеге кирбей калышы сандык катышка таасир тийгизди деп эсептейт:

- Буга чейинки шайлоолордо Түштүк электораты абдан активдүү болуп келген. Бул жолу анчалык байкалбады. Көптөгөн шайлоочулар тизмеде жок болуп чыкты.

Тизмеге байланыштуу депутат, “Ата Мекен” партиясынын жол башчысы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маегинде буга чейинки бийликтер сыртта жүргөндөрдүн добушун өздөрүнө “кириштеп” келгени менен түшүндүрдү.

Түштүктө аз сандуу этностук топтордун, айрыкча өзбек шайлоочулар жандуу катышканы белгиленүүдө. Талдоочулар бул сапар интернационалдык ураанга добуш беришкенине көңүл бурууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын өкүлү Медер Талканчиев добуш берүү маалында саясый жана укуктук жактан мыйзам бузуулар сейрек кездешкенин айтып, бирок Боршайком техникалык абдан көп мүчүлүштүктөргө жол бергенин сынга алды.

Орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов Кыргызстан шайлоолору кемчиликтерине карабастан, негизинен региондо демократиянын өрнөгүн улантканын жазып чыкты.

- Добуш берүүгө документтерин унутуп келген талапкер Камчыбек Ташиев менен премьердин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановду шайлоо бекетине киргизбей койгондун өзү эле мыйзамды сыйлоо салты орун ала баштаганын күбөлөйт.

Азыркы шартта Борбор Азияда эле эмес, дүйнөнүн басымдуу бөлүгүндө сыдыргыга салгыдай таптаза шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес экенин Дубнов кошумчалаган.

Эми Алмазбек Атамбаевдин жеңиши каршылаштары тарабынан таанылып, ырасмий тастыкталгандан кийинки анын ички жана тышкы саясаты кандай болот?

Бишкектик талдоочу Мелис Жунушалиевдин пикиринде, Атамбаев сырттан, айрыкча Орусиядан алган саясый, экономикалык колдоосун эми актоого аргасыз болот. Атап айтканда, орусиялык долбоор саналган Бажы биримдигине келаткан жылы өтүүгө тийиш.

- Дегеле орусиялык багыт Атамбаевдин тышкы саясатынын бөркү болуп калмакчы. Андан тышкары коңшу мамлекеттер менен алака-катышты жандантам деп сөз берип жатат.

Ошону менен катар Атамбаев Евробиримдик, АКШ менен карым-катнашы тууралу бир беткей пикир айтпай келатканы маалым. НАТО мүчөсү Түркия менен ынак мамилесинен улам гана Батыш дүйнөсү менен кыйыр болсо да мамилеси бар деп боолголоо мүмкүн. Ушул кезге чейин Бишкекте орун алган АКШнын базасына байланыштуу туюк билдирүүлөр менен чектелип келген эле, шайлоо жыйынтыктары чыга баштаган кезде АКШ базасынан пайдадан зыяны көп деген оюн ачыктады:

- Аскерий база тууралу айтсам, мурда Иракка кол салынган, эми Иранга кол салышса, ал жактан жооп кылып ракета атышса, база эмес, бүт Бишкек кыйрабайбы. Ошондуктан, жарандык гана аба майдан жетиштүү, - деген Атамбаевдин сөзүн мисал келтирип жатышат.

Бирок, серепчи Мелис Жунушалиевдин оюнча, Кыргызстанда ким бийликке келбесин, Евробиримдикти жана АКШны эч качан көңүл сыртында калтыра албайт. Анткени, аларсыз алдыңкы технология да, инвестиция да алуу мүмкүн эмес.

Ал эми Атамбаевдин ички саясатына келсек, улут жана регион аралык ынтымакты чыңдоо шайлоо алдындагы программасынын өзөгү болду. Былтыр жайдагы кыргыз-өзбек ортосундагы кандуу кагылыш Кыргызстанды экономикалык жактан аксатып гана тим болбостон, дүйнө коомчулугу алдында бетине чиркөө болуп калды.

Борбор Азияда парламенттик демократия багытын, дегеле реформаларды улантууга Атамбаевдин кудурети жана эрки жетеби?

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев реформаны андан ары улантуудан башка чарасы жок экенин эске салууда.

- Көпчүлүктүн добушу Атамбаевге берилген аванс, эгер ал манчыркап жатып алса, тетири кетсе, кыргыз коому бийликти ордуна коёрун былтыркы апрель окуясы тастыктады.

Ырасында Кыргызстанда саясый плюрализмдин кеңири орун алышын, анын каршылаштары эми баскан-турганын аңдып, ар бир кемчилигин чукуп тураарын, дегеле бул өлкөдө бийликти көзөмөлдөөгө кудурети жетип калган жарандык коом уюткуланып калганын эске алганда жаңы президент алты жылда тынч уктабай турганын божомолдосо болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Adina каяктан: USA
04.11.2011 15:06
Ai kudai, kak budto Madumarov mn 4oguu jawagandai suiloisunor eee? Kudai saktasyn. Insap ber Allahym kyrgyzyma! Atambaev ne kyitatty eken, takyr tushunboim. Tilengeni tilengen ak4a surap baarynan. Al ak4alar kaida kaldy? Any kantip toloit kudai bilet...A 64% eto prosto pozor!!! Jindi da iwenbet bul jyiyntykka. Ki4ine iwene turgan kylyp aldasa bolmok....Men uchun Madumarov prezident! Kim surasa uwu jooptu beruudon tajabaim!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Ош
02.11.2011 12:19
Списокко кирбей калгандын баары добушун Ташиев менен Мадумаровко бермек деп ким кепилдик бере алат? Мен дагы списокто жок экенмин,бирок мен Атамбаевке берем деп барганмын, мага окшогондор дагы миндеп саналат. Мурдагы шайлоолордо жок болсок кошумча тизмеге киргизип добуш бердиртип койот эле.Анан кечирээк шайлоо аяктаар мезгилде кошумча список аркылуу карусель башталчу, былтыркы парламенттик шайлоодо айрыкча ата-журтчулар жасагандай.Былтыры наблюдатель болуп туруп ата-журтчулардын карусель кылганын коруп тобо чачым тик турган. Бирдеме десен акырын курткасынын ичинен "бирнерсени" корсотуп коркутчу. Азыр жоксунбу жок! Менин баарынан тан калганым бул эки киши (КТ, МА) ушунчалык озумчул болуп туруп кантип олко башында иштемек эле. Улам улам жолду жаптыртып, кычыраган кыш алдыда турганда жонокой элди жудотту.Жакшы адамдар болсо оздорунун амбициясын таштап элди ойлойт эле.Ансыз дагы былтыркы окуялардан кийин тоболоп колубуз менен журогубузду кармап аран журобуз. Булар эмне биз отпосок Кыргызстан жок болсо болсун деп жатышабы. Мына эл эгер утушса кимдер келмек экен бийликке коруп алгыла. Тажаалдыгы бакиевдерден дагы отот го булардын, оздорун эле ойлоп. Кечээ Темирбек Асанбеков айткандай- " ради стабильности я вынужден признать" - деп. Силерге согуш болсо деле баары бир экен да? Кудайга дагы жакбай жатат окшойт кылыгынар, токтобой жамгыр жаап жатат,эшикке чыгара койбой. Эсинер барда этегинерди жаап элди ойлогула. Силер бул кылыгынар менен саясий упай топтобой эле озунорду жек корсотуп жатасынар.

кимден: Cезим каяктан: Ош
02.11.2011 11:33
Жаны президенттин уктаганга укугу жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.11.2011 20:46
Атамбаев корсотуп кайдай иштеш керекти оозун жапчы мобул Бакиевтин куйруктарын.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Бишкек
01.11.2011 15:51
Эмне адахам же ташиев болсо баары укмуш болмок беле??? булардан ким экенин билип туруп эле жактай бересинерби??оой жон жашайлычы ай!! Жаны кыргызка сени колдойбуз!!

кимден: Жалама каяктан: Кант
31.10.2011 21:05
Ой шумдугун кургур, журналистерин деле козу ачык болот окшойт. Огунку Айкын саяст деген гезит Атамбаевдин Отунбаевага жалдырап турган суротун коюп туруп "Роза эже Президенттигинизди мага эле откоруп бербейсизби?" деп туруп чыгарды эле. Билген экен да. Ошондо эле Отунбаева тынч эле берип койгондо, мынчалык акчалар сапырылбай эл керегине жарап кетмек экен. Шумдук эле акчалар чачылды го. Ошого бир чоон фабрика куруп же копуро салып же мини ГЭС куруп койгондо сонун эле болмок экеен.

кимден: жаны кыргызка каяктан: бишкек
31.10.2011 18:11
Олко кыйналып турганда жаны президенттин уктоого моралдык укугу жок. 20 жылдан бери шайлоону жакшы откордук деп алдап келебиз. Мы имеем того правителя, которого заслуживаем. Атамбаевге озу айткандай Кудай колдоп сабырдуулук жана акылмандык керек. Олкону кризистен чыгаруу программасын башка кандидаттар менен бирге иштеп чыгуусу керек.

кимден: жылдыз каяктан: москва
31.10.2011 17:09
айнанайын кыргыз туугандар эгер атамбаевтен башкасы болсо да ушундай соз кылмакпыс озу бизге кандай адам болушун калайсынар качан чет мамлекеттен бироону алып келип президент кылып койгондо кана тынабыз ага чейин эч кимиси бизге жакпайт

кимден: Зем каяктан: Жалалабат
31.10.2011 16:47
Мен мындай болушун кутподум эле, Алла озу орду ордуна коет буйруса, Сабыр кылайлы!

кимден: suymonkul каяктан: bishkek
31.10.2011 16:33
dostor!
ak it bolobu, kara it bolobu en negizgisi el u4un iwtep berse boldu!
eger, wayloo taza ottu dep eseptesek jeniluu da jeniw da bizdiki!!!
e4 kim kunooluu emes!!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине