Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:44

Журтташтар

Google компаниясын багындырган кыргыз

Кыргызстандык 26 жаштагы Тилек Мамутов интернет дүйнөсүндөгү гиганттардын бири - Google компаниясында иштегенине төрт жыл болуп калды.

Google компаниясында иштеген кыргызстандык Тилек Мамутов
Текст көлөмү - +
Кезегинде Борбордук Азиядагы программисттердин ичинен биринчи болуп компанияда иштеп баштаган Тилек Мамутов «Азаттыкка» өз ишмердүүлүгү, Кыргызстандагы интернеттин келечеги тууралуу ой бөлүштү.

- Googlе компаниясынын кайсы тармагында, ким болуп иштейсиз? Күнүгө эмне менен алек болосуз?

- Мен Google компаниясынын Ирландиянын Дублин шаарындагы башкы европалык кеңсесинде иштейм. Мен иштеген бөлүм издөө системасынын сапатын баалоо бөлүмү деп аталат. Мен ал жерде программист жана долбоорлордун менеджери болуп иштейм.

Тилек Мамутов Google компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейдж менен
Күндө убакыттын бир бөлүгүн атайын Кыргызстан жана кыргыз тили үчүн продуктуларды тандоого бөлөм. Мисалы, майрам күндөрүндө издөө системасынын интерфейсине, Google карта, виртуалдык клавиатура, Google Doodle сүрөттөрү, тексттерди автоматтык түрдө айтуу өңдүү бир топ долбоорлорго көңүл бурам.

Акыркы убакта Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлору жана интернет провайдерлери өңдүү компаниялар менен биргеликте бир топ долбоорлорду баштап жатам. Чындап келгенде бул менин милдетим деле эмес. Бирок мен аларды күчтүү мекенчилдик сезиминен улам иштешүүгө чакырып жатам. Убактымдын көп бөлүгүн, жумушка чейинки жана андан кийинки убактымдын бир топ пайызын бул долбоорлорго бөлүп келем.


Күтүүсүз келген чакыруу


- Google компаниясына качан, кандайча барып иштеп калдыңыз? Башында келгенде кыйынчылыктар болсо керек?

- Google компаниясы менин резюмемди 2006-жылы интернеттеги monster.com сайтынан тапкан экен. Мен бул резюмемди бат-баттан жаңылап турчумун. Резюмеге олимпиадалардагы, ар кыл сынактардагы жеңиштеримди, жаңы үйрөнгөн тилдеримди, жаңы тажрыйбаларымды кошуп турчумун. Көптөгөн жаңы билимди алууга менин университетим – Борбордук Азиядагы Америка Университети жардам берди.

Кыргызстандагы изденип жүргөн мезгил
Мен Google компаниясынан кат алганымда алгач ишенген эмесмин. Бул спам же интернеттеги көз боёмочулук болушу мүмкүн деп ойлогом. Качан гана бул нерсе чын экенин түшүнгөнүмдө, ушунчалык сүйүнүп, компанияга кызматкер катары кирүү үчүн аракет кыла баштадым. Компанияга өтүү үчүн бир нече баарлашуу, оозеки сынактар болду. Алардын бирөө телефон аркылуу, экөө Москвада болду.

Булардан кийин мени алгач алышкан жок. Мен албетте буга абдан капа болдум. Бирок көбүрөөк тажрыйба топтоп, жарым жылдан кийин дагы бир жолу тапшырып көрүүнү чечтим. Менин экинчи аракетим ийгиликтүү болду. Мен абдан бактылуумун жана бардыгына кыялдарга ишенүүгө жана канча гана кыйынчылык болбосун алдыга умтулууга кеңеш берет элем.

- Компанияда иштеп кетүү үчүн Кыргызстанда алган билимиңиз жетиштүү эле болдубу? Же кошумча тажрыйба топтоп, билим алууга туура келдиби?

Мен Google компаниясынан кат алганымда алгач ишенген эмесмин. Бул спам же интернеттеги көз боемочулук болушу мүмкүн деп ойлогом ...
- Мен Бишкекте төрөлүп, өмүр бою ушул жерде жашадым. Менин 70-мектепте жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинде алган билимим толук эле жетиштүү болду. Батыштын Гарвард өңдүү мыкты университеттеринен келген менин кесиптештеримдин жанында мен баары бир мыктылардын катарында болуп, бөлүмүмдө көптөгөн белек, сыйлык алганыма таң калдым. Кыргызстанда биз жакшы мугалимдерди, жакшы мектеп жана университеттерди барктап, камкордук көрүшүбүз керек. Жакшы билим берүү үчүн сөзсүз түрдө акча салуу керек. Мугалимдерди көбүрөөк баалап, урматтоо абзел. Азыр Кыргызстанда мугалимдерге караганда саясатчыларды көбүрөөк сыйлашат. Менимче бул туура эмес. 

Google ар кыл улуттардын чордону


- Сизден башка Борбор Азиядан кызматкерлер барбы? Сиз кандай адамдар менен, кайсы улуттагылар менен иштешесиз?

Тилек иштеген жерине Кыргызстандын желегин илип алган
- Мен жаңы иштеп баштаганда Борбор Азиядан эч ким жок болчу. Азыр Google компаниясында Кыргызстандан дагы эки адам бар. Алардын бири Борбордук Азиядагы Америка Университетинен менин досум Медер Кыдыралиев. Ал учурда Австралияда иштеп жатат. Мындан тышкары Казакстандан экөө, Өзбекстандан бирөө бар. Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстандан тилекеке каршы эч ким жок.

Компанияда бардыгы 20 миң кызматкер бар. Менин бөлүмүмдө Антарктидадан башка бардык континенттерден келген 80 адам иштейт. Бир күндө мен кеминде эле дүйнөнүн он тилиндеги сүйлөшкөн адамдарды угам. Алардын көпчүлүгү менен досторум. Мисалы алардын ичинен финляндиялык, германиялык, венгриялык жана литвалык досторум Кыргызстанга менин үйлөнүү үлпөтүмө келип кетишкен. Биз аларга Кыргызстанды, Ысык-Көлдү, тоолорду көрсөтүп, даамдуу тамактарыбызды бердик. Аларга Кыргызстан абдан жакты. Эми алар менен дагы көп саякат уюштуруумду суранып жатышат. Айрымдары балким мени менен Кыргызстанга келип иштей турганын айтышты.

Кыргыз тилдүү интернетти өнүктүрүү керек. Буга «Азаттык» абдан жакшы мисал болуп берет. Менимче  «Азаттык» кыргыз тилиндеги абдан чоң жана мыкты сайт болуп саналат.  ...
Кеңседе мен отурган жерде дайыма Кыргызстандын желеги илинип турат. Бир жолу бизге Google компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейдж келип, биздин желекти жактырып, Кыргызстан жөнүндө кызыгып сурай баштады. Мен дайыма Кыргызстанды реклама кыла берем. Аны дагы келүүгө чакырдым. Ал менен эстеликке түшкөн сүрөтүм бар. Негизи эле мен Google’дун негиздөөчүлөрү Сергей Брин менен Ларри Пейджди абдан сыйлайм. Алар дүйнөдөгү эң бай адамдардан болгонуна карабастан абдан жөнөкөй келишет. Албетте анан калса алар абдан акылдуу. Мисалы, бир жолу Ларри Пейдж жаш кезинде кылаарга иши жок отурганда балдардын конструктор оюнчугунан кадимкидей иштеген принтерди жасап койгон. Бизде таланттуу жана кызыктуу кесиптештерим абдан көп. Аларда үйрөнө турган көп нерселер бар.

- Кыргызстанда интернет тармагын өнүктүрүү үчүн кандай аракеттер жасалышы керек деп ойлойсуз?

- Интенетти арзандатуу керек. Азыр интернет жалаң гана Казакстандан алынып жаткандыктан кымбат болуп жатат. "Кыргыз Телеком" азыр Кытайга чыгуунун жолун караштырып жатат. Эгер мындан натыйжа чыкса бизде интернет алуунун эки жолу болот. Тандоо пайда болуп, баалар түшөт жана ылдамдык жогорулоого тийиш.
Ошондой эле kg доменин бир компания эмес, бир нече компания катташы керек. Азыр бизде каалагандай баа коюлуп жатат.

Окуу жайды аяктаган мезгил (Ортодо)
Мамлекеттин интернеттин өнүгүшүнө тоскоол болбой, ар кандай цензураларды киргизип, интернетти көзөмөл кылууга аракеттенбегени да абдан маанилүү. Интернетти көзөмөлдөгөндүн ордуна, тескерисинче карапайым калкка, компанияларга кайрылып, эмне кылалы деп сурашы керек. Мисалы атаандаштык пайда болушу үчүн өкмөт "Азия Инфого" кайрылып домен маселесин эртерээк чечүү тапшырмасын берсе болот.

Же биздин интернетке чектөөлөрдү койбошу үчүн Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болот. Себеби интернет Казакстандан келип жаткандыктан алар бир топ эле таасир кылышат. Мындан тышкары АКШ, Ирландия өңдүү өлкөлөр өтө төмөн салыктар менен IT компаниялар үчүн «технопарк» куруп жатышат. Бул өлкөдө маалымат технологияларынын өнүгүшүнө чоң жардам берет.

Программисттер мына ушунтип эс алат!
Билим берүү тармагы да интернеттин өнүгүшүнө көп көмөк бериши мүмкүн. Интернет колдонуучулар акчасын жөн гана Facebook же "Одноклассники" өңдүү тармактарга жумшай бербей, аларга реалдуу жыйынтык чыга турган жана пайда табуунун жолдорун үйрөтө турган көп курстар керек. Ошондой эле бизнесмендер интернет колдонгонду үйрөнүшү абзел. Интернет - акча табуу үчүн, кардарларга мыкты кызматтарды көрсөтүү үчүн керек.

Мындан тышкары кыргыз тилдүү интернетти өнүктүрүү керек. Буга «Азаттык» абдан жакшы мисал болуп берет. Менимче,  «Азаттык» кыргыз тилиндеги абдан чоң жана мыкты сайт болуп саналат. Албетте Wikipedia энциклопедиясына да кыргызча маалыматтарды жазып, которуу керек. Бул сөзсүз түрдө кыргыз тилинин өнүгүшүнө жардам берет.


Мен Кыргызстанга кайтып келем!


- Кыргызстанга кайтып келүү оюңузда барбы?

- Мен Кыргызстанды ушунчалык жакшы көрөм жана кайтып келүүнү каалайм. Бирок азырынча кайтып келүү оюмда жок. Анткени азыр менден азыраак пайда болот. Мен кийинчерээк келип же Google компаниясынын, же өзүмдүн компаниямды, же болбосо мисалы билим берүү багытындагы коммерциялык эмес уюм ачкым келет.

- Сиздин Google компаниясында иштегениңизди көпчүлүк ийгилик катары кабыл алат. Мындай ийгиликке жетүү үчүн эмне керек дейсиз, кандай сапаттар?

Иштеп чарчаганда баскетбол жардамга келет
- Менимче, жөн гана эмгектенүү эмес, дайыма жана көп-көп үйрөнүү, акылдуурак болуу маанилүү. Дайыма өзүбүзгө татаал ташпырмаларды коюу керек. Сизден тажрыйбалуу, акылдуу болгон, сиз алардан көп нерсе үйрөнө ала турган адамдар менен сүйлөшүү керек. Туура кадам таштоо абзел. Карьераңызда жардам бере турган адамга гана эмес, бардык адамдарга чынчыл жана жакшы мамиле кылуу керек.

Ошондой эле бул жашоодон эмне каалап жатканыңызды, сиз эмнени жакшы кыла турганыңызды жана сизге эмне жага тургандыгын түшүнүү керек. Буга карата тиешелүү максат коюу абзел. Мисалы мен, программист болууну каалай тургандыгымды, бул ишти жакшы кылаарымды жана аны аткаруу мага жагаарын түшүндүм. Дайыма күтүлбөгөн мүмкүнчүлүктөргө даяр болуу керек. Качан мүмкүнчүлүк келип калганда ал көз ирмемди туура колдонуу керек. Мен да кезегинде Google компаниясынан кат алганымда ушундай кылгам.

- Маегиңиз үчүн рахмат, ишиңизге ийгилик!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Умсунай каяктан: Сочи
21.08.2011 15:11
Азаматсын Тилек! Интервюнду окуп аябай толкунданып турам. Ылайым өмүрүң узун болсун, Аллах тилеген ой-максаттарыңы ишке ашырсын! Кыргызстандын келечеги үчүн сендей жаштар көбөйө берсин!

кимден: zamanbek каяктан: korea
16.08.2011 15:57
Azamatsyn Kyrgyz jigiti Tilek bul menen ele tim bolboston dagy orkundop oso ber.Men ishenem dagy kop-kop iygilikterdi jaratyshyna ishine iygili bar bol tyncn bol.

кимден: Mahabat каяктан: Moskva
10.08.2011 19:45

Tilek Kudai omur jashindi bersin! Saga okshogon kirgizdin uul kizdari kop chiksa eken. Ishine iygilik. Kelechekte Kirgiz el jerine chon salimindi koshosun degen chon umut jarattin mende!!! Bar bol!!!

кимден: Асатилла каяктан: Австрия
04.08.2011 19:32
Азаматсың, Тилек сенин интервьюнду окуп, аябай ыраазы болдум, өркундөп өсө бер КЫРГЫЗЫМДЫН *КУЛУНУ* Силер биздин келечегибиз орун басарларыбыз, эртеңки КЫРГЫЗЫМДЫН жолу силердин колуңарда.....!!!!!!!!!

кимден: Баха каяктан: New-York
02.08.2011 14:26
Азаматсың ишиңе ийгилик бар болгула КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ,

кимден: Саиев Болуш каяктан: Ош шаары
01.08.2011 01:04
Азаматсын, кыргыз жигити!
Мен ар дайым айтып журом, кыргызымдын бирден-бир байлыгы, бул интелектуалдык ото зор жондом!
10-15 жылдын кийин ушундай жигиттер бийликке келгенде Кыргызстан гулдоп осот!

кимден: Замир каяктан: Бишкек
31.07.2011 17:00
молодец кыргыздан коп нерсени кутсо болот ишенем

кимден: Нурсултан каяктан: Бишкек
30.07.2011 21:32
Козумон жаш да чыгып кетти. Азаматсынар жигиттер !!!
Кудай силерге кубат берсин, боордошторум !!!!

кимден: Elnura каяктан: Brno
29.07.2011 11:27
MashAllah, AZAMATSYZ!!! Kudai Sizdi jaman sozdon, jaman kozdon koldop, ui buloonuz menen aman esen bolunuz. Dagy da bolso mega iigilikterdi bagynta beriniz. Kyrgyz eli Sizdei uulu menen syimyktanat!!! Bar bolunuz!

кимден: Мундуз
29.07.2011 11:15
Азамат!!! Өнүксүн кыргыз жигиттери
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)