Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:48

Дин

Имам Рашод Камалов райондук сотто акталып бошотулду: маек

Оштогу Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камаловго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 3-февралда Свердлов райондук сотунда жыйынтыкталды. Натыйжада ал толугу менен акталып, сот залынан бошотулду.

Имам Рашод Кары Камалов. Кара-Суу жамы мечити. 2010-жылдын 23-июлу.
x
Имам Рашод Кары Камалов. Кара-Суу жамы мечити. 2010-жылдын 23-июлу.
Текст көлөмү - +
Камалов мырзаны быйыл 18-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери “Манас” эл аралык аба майданында кармап, Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык “көз бойомочулук кылган” деп шектелип жатканын билдирген. Шаардык милиция тараткан билдирүүгө ылайык, Камалов өзбекстандык эки жарандан Сауд Арапстанга виза ачып берем деп ар биринен 6300 доллардан алган деген доого кабылган. Рашод Камалов мындай айыптар негизсиз экенин сот жарайаны тастыктаганын 3-февралда “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Сот коюлган айыпты четке какты

Рашод Камалов
: Билесизби, "көз бойомочулук" кылган деген бул жалган болуп чыкты. Менде андай иштер болгон эмес.

Тергөө маалында менин жумушум боюнча, мечиттеги иштерим боюнча көбүрөөк суроо болду.

Бирок мына кечээ сот болуп, ал жерде мага коюлган айыптар тастыкталбаганы үчүн мен акыры бошотулдум.

“Азаттык”: Сизди ажылык учурунда Өзбекстандын эки жаранына “виза ачып берем” деп 6300 доллардан алган деп айыпташкан эле. Сиз ажылык иштерине аралашкан белеңиз?

Рашод Камалов: Жок, андай иш болгон эмес. Бул атайын бир диний аалымдардын кадырын кетирүү максатында бир доо арыздар атайлап жасалган, уюшулган окшойт.

Бирок, Кудайга тобо, мына мени урматтап-сыйлаган эл-журт бар экен. Үй-бүлөмдөн ар дайым сурап тынчсызданып, мына бошонгондо кубанып тосуп алышты.

Бул атайын бир уюшулган иш экен, кудайга шүгүр, азыр баары артта калды.

“Азаттык”: Демек, соттук териштирүүдө толук акталып чыктыңыз. Бул тууралуу өз оозуңуздан уксак...

Рашод Камалов: Ооба, бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ишим каралып, күндүзгү саат 11-12 ортосунда “мени күнөөсү жок, акталды” деген бүтүм чыгарып, койо берип коюшту.

Имамдын абактагы акыбалы кандай болду?

“Азаттык”: Сиз камакта болгондо сизге кандай мамиле кылышты?

Рашод Камалов: Эми мен муну айтпасам деле бүткүл дүйнө коомчулугу бизде түрмөгө түшкөн адамдарга тартип коргоо орган кызматкерлери кандай мамиле кылаарын ансыз да билет.

Ошондуктан менин өзүмө кандай мамиле жасалганын айтпай эле койоюн. Анткени мен мечиттин имамы катары бир ишке ашыра турган бир пландарым, ниеттерим бар. Өзүм жашаган жердеги адамдарга, жаш балдарга исламды үйрөтүп, динди туура кабылдоого окутушум керек.

Ошол ишиме тоскоолдук болбош үчүн башымдан өткөндөрүмдү айтпай эле койсом жакшы деп ойлойм.

Ош менен Жалал-Абаддагы өз ара элдешүү жараянына молдолордун катышы

“Азаттык”:
Оштогу, Жалал-Абаддагы былтыркы июндагы окуялардан кийин кыргыздар менен өзбектерди ынтымакка чакырууда диниятчылардын ролу өзгөчө болуп жатат дешет. Сиз өзүңүз мечиттин имамы катары элдерди ынтымакка чакырууда кандай иштерди жасап жатасыз?

Рашод Камалов: Биз буга чейин да мамлекет башчыларына, жетекчилерге айтып келатабыз. Түштүктө ортосун ушундай коогалуу окуялар аралаган эки элди ынтымакка, биримдикке чакырууда, элдештирүүдө бир гана исламдын сөзү өтөт деп. Сунуш кылып да келатабыз.

Бирок азыркы бийликтегилер кандайдыр бир кыянат иш болсо, ушуну мусулмандар кылды деп күнөөлөп, аларга каршы күрөшкө бир грант, чет элдик акчаларды алуу максатын коюп алгандай.

Мен жакында Жалал-Абадга, Ошко Курман айттын алдында даваатка барып келдим, кыргыз-өзбектердин арасында болуп келдим. Кудаага шүгүр, мусулмандар ичинде бир-бирине жамандык тилеген ой жок.

Бирок бийлик “мунун артында экстремисттер, имам-молдолор, террористтер жасап жатышат” деп, мунун айынан чоң грант алганга аракет кылып жатканы көрүнүп турат.

Түштүктө мусулмандардын арасында террорчулар барбы?

“Азаттык”: Түштүктө ислам динин жамынган экстремисттик маанайдагы топтор бар экени айтылууда. Аларга каршы сиздер, диниятчылар, кандай аракет көрүп жатасыздар?

Рашод Камалов: "Террорчу" деп жалпы элге карасанатайлык кылып, жаман иштерди жасагандарды атайт. Менин аларга карата жеке оюм – буларды уюштурулган аракет деп билем.

Теракттар Пакистандабы, Америкадабы, айтор, кайерде болбосун, өкмөттөн бир нерсени талап кылгандардын аракети деп ойлойм. Кыргызстанда бийликтен эмнени талап кыла аласың?

Мен азырга чейин Кыргызстанда кайсыл бир террорчулар бийликтен конкреттүү нерсени тилеп, же “мусулмандарга каршы мындай аракеттерди жасап атасыңар, ошон үчүн теракт жасап жатабыз” дегенин уга элекмин.

Ошон үчүн Кыргызстанда террорчулар бар дегенге мен ишенбейм.

Былтыркы коогалаңга имамдардын болжолдуу тийешеси

“Азаттык”: 
Түштүктөгү коогалаңда айрым мечиттердин имамдары да аралашып кеткени айтылып жүрөт. Ал имамдарга карата пикириңиз кандай?

Рашод Камалов: Мен буга кошулбайм. Мечиттин имамы андай ишке барбайт. Бирок мен тигил же бул адам аны кылган эмес, ал жакшы адам деп толук ишеним менен айта албайм – ар бир адамдын ичинде эмне бар экенин бир Кудай билет.

Албетте мусулмандардын ичинде жакшысы да, жаманы да бар. Бирок чыныгы мусулман адам, ислам дининде жүргөн адам бирөөнүн канын төккөнгө катышпайт.

Ошол эле учурда башка бирөөгө кордук жасалып жатканын көргөн мусулман ага жардам бербесе, Кудай алдыда өзү жардамсыз калат. Куранды билген, ыйман келтирген чыныгы мусулман өзбекпи, кыргызбы, тууганыбы, чоочун кишиби анын каны төгүлүшүнө чакырбайт.

“Азан чакырылыптыр” деп уктум. Мен аларды террорчулар, же адамды өлтүргөнгө чакыргандар деп атабайм. Мен аларды уктап жаткан элди ойготуп, “үйлөр өрттөнүп жатат, коркунуч бар” деген максатта азан чакырган жакшы адамдар деп ойлойм.

Имамдык ишмердүүлүк

“Азаттык”: Эми сиз мындан ары эмне иш менен алек болосуз?

Рашод Камалов: Мен (Кара-Суу шаарындагы) борбордук мечиттин башкы имамы катары негизги ишимди - элге Кудайдын динин, ислам динин жайылтууда бар аракеттеримди уланта берем.

“Азаттык”: Кара-Сууда кыргыздар менен өзбектер ортосундагы мамиле азыр кандай жана кооптондура турган кандай жагдайлар бар?

Рашод Камалов: Кудайга шүгүр, Кара-Сууда өзбекпи-кыргызбы бирдей жакшы жашап келатабыз. Бири-бирибизге кыз беришип, кыз алышып, ынтымакта жашап жатабыз.

Бирок, тилекке каршы, Ошто (былтыр) андай окуялар болду. Анын жарасы адамдардын жүрөгүндө баары бир калат.

Ал адамдардын жүрөгүнө азыр дары керек, эки улуттун ортосундагы дартты айыктырууда азыр исламдан башка дабааны көрбөй турам.

Жакындары шейит болгондорго, там-жайы өрттөнүп кеткендерге кыямат кайымда Алла өзү кам көрөт, мээримин төгөт деген ойду жеткириш керек.

Карапайым эл менен көп сүйлөшөм.

Кыргызыбы, өзбегиби – баары эле "бул окуя, тилекке каршы, саясий күчтөрдүн таасири астында болуп кетти. Эми мындай окуя башка болбойт" деген ойду айтышат.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн ыракмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бека каяктан: Ош
22.02.2011 12:10
Бир нерсеси бар учун кармаштыда чынбы? Ошто канчалаган мечиттин ичинен олуктор табылган даже уйлорунун короосунда канча кыргыздар олуктор комулуп жатат азыр ким билет буларга ишенич жок. Эгер мумкунчулук болсо баардык мечиттин имамдарын камаш керек.

кимден: нурик
17.02.2011 13:29
ОО Урматтуу туугандар! Ойлонгула! Эмне деп жатасынар? Ош окуясына тиешеси бар имамдарды коноосуз деп жатасынар. Бир мезгилде торт мечиттен азан айтылгандан кийин гана озбектер кирип келишпедиби. Буну элдин баары билет. Имамдар ислам динин элге тушундуруу менен алек болушу керек. Озбектерди кыргыздарга карши джихат деп ундобой. Уйлорунон курал-жарак, наркотиктерди таап жатышпайбы? Бул эмне имамдардын ишиби? Мусулманчылыкта имамдар элди тынчтыкка, досчулукка ундошу керек.

кимден: патриот каяктан: Алай
16.02.2011 20:20
Азан чакырылыптыр” деп уктум. Мен аларды террорчулар, же адамды өлтүргөнгө чакыргандар деп атабайм. Мен аларды уктап жаткан элди ойготуп, “үйлөр өрттөнүп жатат, коркунуч бар” деген максатта азан чакырган жакшы адамдар деп ойлойм.
ушул соз коп нерсени айтып турат. Рашоддо коп иш бар экен аны андыш керек. Ал куноокорлорду коргоп жатат. Азан 10 туну айтылган кыргыздардын ойунда да жок эле, а бул болсо “үйлөр өрттөнүп жатат, коркунуч бар” деп айтып жатат.Значит алдын ала билген суйлошушкон, уйлорду орттойбуз деп ага даярданган. Уурунун акылы жок дейт ушинтип оздору эле созунон кармалат. Бул ото шектуу адам экен кой терисин жамынган бору турбайбы.ушулардын кесепетинен бейкуноо эл кагылышып жатпайбы

кимден: Бек каяктан: Ош
14.02.2011 11:45
Имам, жалган суйлобо. Ушул силер калп эле Бейиш, Тозок дейсинер да. Чынында озун Тозоктон коркпойсун. Корксон жалган суйлобойт болчусун. Мына биз коогаландын башталышынан аягына чейин оз козубуз менен кордук. Туну азан айтылганда, бир да уй орттолгон эмес эле. Азан айтылгандан кийин тополон башталган. 10-июндун тунундо айтылган азан жана айтылган салюттар, бул тополонду баштагыла деген сигнал болчу. Анан дагы бир нерсе, мына Ош шаарынын Мажирим-Тал деген жеринде спецоперация болуп откон. Ошондо биринчи автомат менен чуркап чыгып мечиттин имамы улуттук коопсуздук кызматынын жоокерлерине ок чыгарган, жана жок кылынган. Андай террорчул диний кызматкерлер жок деп жанынызды жебен.

кимден: Улан каяктан: Кара-Суу
05.02.2011 16:29
Эчкиминг Рашад карыдай боло албайсын.

кимден: Талант
05.02.2011 03:55
Ойлонуп жазгыла тугандар биз жонокой адамдарбиз бук болсо имам бизден фаркы бар бул жазышынар тура эмес.Рашад карыны Ош окуяларында катышканын ким корду?Хасад кылбагыла.Урматту тугандар

кимден: sayeed
05.02.2011 00:32
Тугандар, азан адамдарды намазга чакырат, согушкамес. Эми июнь окуяларында эч кандай азан айтып адамдарды топтобогон. Буну бардыгы калп. Качанга чейн калпка ишенесингер

кимден: Ырыс
05.02.2011 00:06
Рашод Камалов--Имам,бул киши созунон жанылды. Сыр быр,Ош окуясына да туздон -туз катышы болушу мумкун.Бул адамдын аркасынан байкоо жургузулуп турса жакшы болот эле. Мындай адамдар элге эмнени уйротот,озгочо жаш балдарга.Томондогу пикирчиге кошулам эн туура жазылган ой. Эгерде эч кандай куноосу жок болсо камака эмнеге алынмак эле.Бул адамдын аркасы таза эмес,динди жамынып алып озунун тескери саясатын жургузуп бийлике каршы,элдин ынтымагын бузушу мумкун.
Озу айткандай ичинде эмне оюу бар жалгыз кудай билет.
Элимди Жеримди Кудайым озу колдосун!
Пикирге жооп

кимден: Чолпон
05.02.2011 15:40
Факт барбы?Рашад ош окуясында катшканына.
Пикирге жооп

кимден: Талай
05.02.2011 04:10
Сен кордунгбеле Рашад ош окуясында катышканын?Ал адам олдуруга барбайт ал билет адам олдурунун гуносу кандай экенин.
Пикирге жооп

кимден: Талай
05.02.2011 15:29
Аты-жону жазылбаганга мен Рашад карыны жакшы былам бирок ичиге кириб чиккан эмесмин.сен эмнеге мага жооп жаздын мен ырысдан сурогон элем.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2011 11:58
Таалай. Сен аны абдан жакшы билесинби? Ичине кирип чыктынбы?
Шамаал болбосо дарактын башы.... калганын сен улап кой.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2011 21:14
Мен телевизордон курконмин.миктибек ажи муфти чубак ажига сру берген.азан кандай малда айтилат деб.жовоб миндай булгон.намаз малинда душмон келгенде деген.бул деген имамдарди гуносу жок деген.эмнеге силер азанга жавишиб алдигар.ошол малда телевизордон эле чакирбадиби патиретор керек деб.андай булсо аларда терорист экенде.куйдайга куйгила ким гунулу болсо узу сорок килат.ким хизби ким вахабист будиз.

кимден: Канжар каяктан: Карасуу
04.02.2011 19:06
Ассалоому алейкум момун мусулмандар!Мына ошол ош окуясына шекттуу адамдарды озунор актап абактан чыгарып жатасынар.Рашиддин суйлогон создорун байкап корсонор,ош окуясына качышкан адамдарды жашырып жаткандай сезилет!Бул адамдын ичинде коп нерсе бар.Азаттык силерден сураныч ушул кишинин артынан андып корсонор чындык чыгат!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)