Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Үшкүрүк коштогон үч жыл


Жалал-Абаддагы эскерүү иш-чарасынан, 10-июнь, 2013
Жалал-Абаддагы эскерүү иш-чарасынан, 10-июнь, 2013

Жалал-Абадда июнь окуясын эскерүү иш-чарасы Бишкек-Ош жолунун боюндагы каргашада курман болгондордун эстелигинин жанында өттү.

Жабырлануучулар окуянын анык уюштуруучуларын таап, жазалоону талап кылышты. Митингге катышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тынчтыкта жанаша жашоого үндөдү.

Үч жыл мурдагы каргашада уулун жоготкон Зулайка Бакаева жыйында өткөн окуя сабак болсо деген тилегин айтып жатты. Уулунун артында калган жесири менен эки баласына өкмөттөн жардам берилет. Бирок байбиче - "балам тирүү калса эмне" деген арман менен зыркырап, күн кечирип келет.

- Айла кеткенде, өлүкканадан издемей болдук. Келиним “сиз билбейсиз, кимден сурайт элеңиз?” деп мени жибербей, өзү кеткен. Барса, өлүкканада жаткан экен. Бир уул, бир кызы бар. Келиним андан кийин турмушка чыгып, дагы төрөп алды. Көк-Арттан берилген үйдө жашайт. Азыр мен бир үйдө жалгыз турам. Колумдагы балам эле. Башка балдарым ар кайсы жакта, келип-кетип, кабар алып турушат.

Июнь окуясында курман болгондордун жакындары, Жалал-Абад
Июнь окуясында курман болгондордун жакындары, Жалал-Абад
Жалал-Абаддын тургуну, өзбек тектүү Өктөмхан Кулдашеванын уулу ур-токмоктон улам ишке жарабай калган. Ал эл ичи тынч экендигин айтып, кылгылыкты кылгандарга наалат айтты:

- Кырк эки жашка чыккан балам жарым жан болуп калды ушинтип. Былтыр жүз миң сом компенсация беришкен. Биздин мааледегилер ар дайым ынтымакта жашап келгенбиз. Азыр деле ынтымактуубуз. Бул окуя кимдир-бирөөлөргө керек болду. Кылгылыкты кылгандар башкалар болду. Эми бизге, бардыгыбызга тынчтык керек, башка эчтеменин кереги жок.

Ошентип, Бишкек-Ош жолунун боюндагы мындан үч жыл мурда болгон окуянын курмандыктарына тургузулган эстеликтин жанында өткөн бүгүнкү жыйынга жабырлануучулар, тартип сакчылары, коомчулук өкүлдөрү жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Катышуучулардын бири Абакан Абдыгулова окуяда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн күйөөсүнүн орду толбосун айтып, июнь окуясына толук баа бериле электигине токтолду:

- Үч жылдан бери бүдөмүк эле ойлор айтылат; кимдер күнөөлүү, кайсы жактан башталды, ким буюртма берди? Алигүнчө бардыгы көмүскөдө турат. Жылда ушул жерге келгенибиз менен эч кандай деле жыйынтык жок. Айласыздан, көзү өткөндөрдүн урматы үчүн эле келебиз, эскерип, арбагына куран окуганы. Мына алигиче жабырлануучулар санатория–курортко барып дарылана элек. Ал жактан келгиле дейт, келип олтуруп-олтуруп кайра кетебиз, жыйынтык жок.
Эскерүү иш-чарасына премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты
Эскерүү иш-чарасына премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев учурда ар бир улут бири-бирине урмат менен мамиле жасап, карыяларды жаштарды сабырдуулук менен тынчтыкка үндөөгө чакырды.

- Ошол оор күндөрдө сиздер бир колдун ачуусун экинчи кол менен басып, элди тынчтыкка, сабырдуулукка жана ачууга алдырбоого үндөп келдиңиздер! Бирок канчалык өткөндү эскерүү кыйынга турса да, биз андан жашоонун сабагы менен таалимин алышыбыз керек. Сиздердей салабаттуу аксакалдары бар эл эч качан бөлүнбөй, ыркы кетпей, ортосуна чок түшпөй, ынтымакта жашоого милдеттүү.

Каргашада каза болгондордун арбагына куран окутулуп, алар бир мүнөт үндөбөй туруу менен эскерилди. Облустун казысы Талант ажы Орозов кудай алдында бардык улуттагылар бирдей экендигин түшүндүрдү:

- Жер бетинде канча улуттар болбосун, өңү-түсүнө, кайсы тилде сүйлөгөнүнө карабай, баарысы Кудай таала алдында барабар экен. Адамдар бири-бирин сыйлашып, урматташып, бири-бирине үстөмдүк кылбашы керек. Алла-таала субахана –таала башка аятында айтат; “ Чындыгында, момун мусулмандар, Кудай-таалага ыйман келтиргендер – булар баары бири-бирине бир тууган! Араңардагы келишпөөчүлүктөрдү оңдогула,- дейт. Бардыгын достоштургула, ынтымакка чакыргыла, жараштыргыла”,-дейт. Ыймандуу адамдардын баары бир туугандардай болуусу керек.

Июнь окуясында курман болгондордун эстелиги, Жалал-Абад
Июнь окуясында курман болгондордун эстелиги, Жалал-Абад
2010- жылдын 12-13-14-июнунда “Санпа” заводунун жанында каза болгондордун туугандары 12-июнда өздөрү ошол жерге тургузган эстелик боюнда эскерүү митингин өткөргөнү жатышат.

Июнь окуясында облуста 89 адам курман болуп, 447 адам жарадар болгон. Өкмөт тарабынан алардын туугандарына акысыз турак-жай жана бир миллион сомдон компенсация төлөнгөн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG