Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Сузак: Чек ара сызыгы бери жылганбы?


Кыргыз-өзбек чек арасынын суу бөлүп турат.
Кыргыз-өзбек чек арасынын суу бөлүп турат.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кара-Дарыя суусу менен кыргыз-өзбек чек арасынын сызыгы өтөт. Коңшу өлкөнүн өз тарабындагы суу жээктерин бекемдөөсү айыл тургундарын дүрбөлөңгө салууда.

Буга чейин чек ара сызыгы дарыянын нугу менен кошо өзгөрүп, кыргыз тарапка жылып кетти деген маалымат чыккан. Маселе 12-июнь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, өкмөттүк деңгээлдеги комиссия аймакка жөнөтүлгөн.

62 жаштагы ардагер Исамидин Хамракулов Сузак районунун чек арага жакын жайгашкан Ширин айылынын тургуну. Карыя эс тарткандан тартып Кара-Дарыя суусу эки өлкөнү бөлүп турарын, ортодогу сай бейтарап аймак катары колдонулганын айтууда. Анын айтымында, айылдыктар сайдын шагылын тоскоолдуксуз колдонуп турушчу. Бирок өткөн жылы айылдын жанынан 600 метр жерге чек ара зымдары тартылып, жашоочулардын сайга каттоосу токтогон. Исамидин аксакал чек арадагы аймак туура эмес бөлүштүрүлгөн деген пикирде:

- Сайдын ичиндеги шагылды мурда биз ташып пайдаланчубуз. Мен билгенден Кара-Дарыя суусу эки өлкөнү бөлүп турчу. Ошол себептүү, сайдын ичи бейтарап аймак катары эсептелчү. Өткөн жылы айылда чек арага байланыштуу мал уурулук көбөйгөндө, чек ара зымдарын тартабыз деп, ал айылыбыздын жанынан өтүп калды. Мен он күн мурда спутник аркылуу картадан көрсөм, Ширин айылынын жарымы эле Өзбекстанга кирип кетиптир.

Исамидин Хамракулов Өзбекстан өз жээгин сайга жакындатып бекемдөө менен жер тилкелерин кеңейтип, курулуш иштерин жүргүзүшү мүмкүн деген пикирде:

- Быйыл Өзбекстан дамбасын бекемдей баштады.Угушубузга караганда, мына бул сайдын жээгине танкаларын жайгаштыруучу полк курабыз деген экен, бирок айылдыктар көчүүгө каршы болушуптур. Анан суу келип алардын аймагындагы 4-5 үйдү жана чек ара мунарасын жууп кеткен. Эми алар суу жээгин бекемдөөгө катуу киришти.

Кара-Дарыя сайы аркылуу Өзбекстан менен Сузактын 2 айыл аймагы чектешип турат. Алардын бири Атабеков айыл аймагы коңшу өлкө менен 15 чакырым суу аркылуу чектешет. Бирок тургундар көтөргөн маселе туура эмес экендигин айыл өкмөт башчысынын орун басары Мамат Ташиев айтууда. Анын билдиришинче, 1986-жылы түзүлгөн картага ылайык кээ бир аймактарда чек ара тилкеси сайдын Кыргызстан тарабындагы бөлүгүнөн өтөт. Ошол себептүү өзбек тараптын дамба куруусунан улам биз жакты көздөй чек ара сызыгы жылган жок деди:

- Мен өзүм да ошол жерде 30 жылдан бери жашайм. Сайдын эки тарабындагы жээгин эки өлкө азыр өз тарабынан бекемдеп жатат. 1986-жылдагы карта боюнча чек ара сайдын биз тарабындагы жээгинен өтөт экен. Бирок ага карабай өзбек тарап өз чек арасын сайдын аркы бетинде эле кармап турат. Азыр делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүп жаткан комиссия келип, алар менен бирге жүрдүм. Тактап берсе, чек арачылар ошол жерге чек ара белгисин орнотушат. Бирок чек ара биз тарапка кирип кетти дегенге болбойт.

12-июнда бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн соң 13-июнь күнү аймакта адистер тактоо иштерин жүргүзүштү.

Делимитация жана демаркация иштерин алып баруу комиссиясынын курамында Мамлекеттик картография - геодезиялык кызматынын жана Кыргызгипрозен долбоорлоо институтунун адистери бар. Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын башчысынын орун басары Абдумалик Мырзаев Сузактагы аймакта тактоо иштерин алып барышып, айтылган маалымат тастыкталбагандыгын билдирди:

- Өзбекстандын чек ара сызыгы кээ бир жерлерде биз тараптан өткөн. Кара-Дарыя жээгинде автоунаа өтүүчү жол турат. Сайдын жээктери өзбек тарапка тиешелүү, ошол себептүү алар өз аймагына кандай бекемдөө жүргүзсө алардын иши. Ошол эле учурда Кыргызстан да жээктерди бекемдөөнү жүргүзүп жатат.

Өзбек тараптан сайдын жээктеринин бекемдөөсү Кара-Дарыя айыл аймагынын дыйканчылык талааларына да коркунуч алып келүүдө. Анткени коңшу өлкө иштеткен Кемпир-Абад суу сактагычынан эскертүүсүз суу көп кое берип, айылдыктардын айдоо аянтары менен суу тосмолорун жарактан чыгарган. Жергиликтүү бийлик ошол чыгымдарды тактап, өкмөткө сунуш даярдап жатканын айыл өкмөт башчысынын орун басары Султанмурат Темирбаев билдирди:

- Жыл сайын ушул сайга Өзбекстан бизге эскертпей туруп Кемпир-Абад суу сактагычынан көп суу кое берет. Кара-Дарыя сайы өзү 400 кубга гана ылайыкташкан. Сугат маалында жана жаз мезгилинде суу сактагычтан 2 эсе көп суу келип, биздин дамбаларды жана көптөгөн айдоо жерлерди жууп кетип жатат. Азыр чыгымды эсептеп бизге бергиле деди, анан өзбек тарапка сунуш да келтиргенбиз. Азырынча маселе чечиле элек.

Сузак району Өзбекстан Республикасы менен 60 чакырымдан ашык аралыкта чектешип, бүгүнкү күндө 2 чакырым аймак талаштуу болуп чечилбей келет.

XS
SM
MD
LG