Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Үңкүр-Тоо: кербендиктер кооптонууда


Кербендиктер өкмөткө чек ара жана башка маселелерге байланышкан талаптарды коюшту.

Күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов Жалал-Абадга болгон сапарында Үңкүр-Тоо маселеси боюнча Кербенде эл менен жолукту.

Ал арада сентябрдын аягында өзбек тарап такталбаган аймакка желегин сайып кеткен Кыргызстандын телемунарасы көчүрүлөт деген имиш тарады.

Сентябрдын аягында такталбаган жерге өзбек чек арачылары кирип келген окуядан бери кербендиктердин санаасы тынчый элек.

23-октябрда вице-премьер-министр Токон Мамытов менен жолугушууда жергиликтүүлөр “Кыргызстандын телемунарасы турган Үңкүр-Тоого Өзбекстандын желегин сайып кетүүнү кантип түшүнсө болот” деген суроо узатышты.

Жыйында чек ара боюнча чечкиндүү жаңылыктар айтылбаганын Кербендин тургуну, Аксы райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрага орун басары Жанарбек Надырбеков билдирди. Ал өкмөткө үч талап коюлганын айтты.

- Биринчи талап - Чек ара кызматын Ошко көчүрүү. Анткени түндүк тараптагы чек ара маселеси дээрлик чечилип бүттү. Экинчи талап – Өзбекстан жана Тажикстан менен такталбаган чек ара маселелерин тезинен чечүү. Кыргызстан эгемендүүлүк алган 22 жылдан бери чек ара маселеси такыр алдыга жылган жок. Үчүнчүсү – Кумтөр көйгөйүн чечүү. Ушул сыяктуу элдин нааразылыгынан Акаев тушунда Аксынын 6 жигити курман болгон. Андыктан мен жеке өзүм жана калган жергиликтүүлөр да эч кимдин буйругусуз Жети-Өгүздүн элин колдойбуз.

Ал арада эл арасында Үңкүр-Тоодогу Кыргызстандын мунарасы көчүрүлөт деген кеп тараган. Вице-премьер-министр Токон Мамытов ал чындыкка коошпосун, өзбек тарап менен жада калса сүйлөшүү башталбаганын кабарлады.

- Сүйлөшүүлөр эми башталганы жатат. Эл арасында “тиги жер берилиптир, бул тарап берилет экен” деген кептер тараптыр. Анын баары жалган. Берилмек тургай, 2006-жылдан бери эч кандай тактоо иши боло элек. Жолугушууда жергиликтүүлөр 22 жылдан бери алгылыктуу иш жасалбай атканына өкмөткө, бийликке сын айтышты. Мына ошол маселелерди акырындан чечиш үчүн келгенимди билдирдим. Жакында өлкөлөр аралык сүйлөшүүлөр башталарын билдирдим. Андан сырткары маселени чечээрде жергиликтүүлөр менен кеңешкиле деген пикирлер болду, аны талкууладык.

Кербендин айрым тургундары Үңкүр-Тоого келген өзбек аскерлерин чыгаруу боюнча 30-сентябрдагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн чоо-жайына кызыгышты. Кеп кайрадан Жанарбек Надырбековдо.

- Бийликтен “өзбек чек арачылары чыгарылды, маселе чечилди” деген жооп алдык. Бирок ал кантип чечилгени белгисиз. Ошто жабык талкуулашты. Кандай шарттарды коюп, кантип соодалашып чечкенин бир Кудай билет. Эртең Өзбекстандын аскерлери кайра келип, тоого чыгып албайт деген кепилдик жок.

Үңкүр-Тоодо абал тынч

Чек ара кызматы Аксыдагы Үңкүр-Тоо такталбаган аймак болгондуктан өзбек тарап ансыз да кирбеш керек эле, андыктан алар эч кандай шарт койгон жок дейт. “Эмнеге кирип келишкенине мен жооп бере албайм” деди Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

- Эки тараптуу макулдашуу боюнча такталбаган жерлерге эч ким өзүнүн аскер күчүн койо албайт. Ошондуктан эч кандай шартты коюп сүйлөшкөн жок. Чек ара такталганга чейин бул абдан кылдат каралчу маселе экенин эки тарап тең жакшы түшүнөт. Андыктан ал жердеги коопсуздук үчүн чек ара аскерлерин чыгарышты. Макулдашылгандай биргелешип кайтарууну улантууга өтүштү.

Быйылкы жыл менен өзбек тарап Үңкүр-Тоого үчүнчү жолу кирип келди. Бул тууралуу аталган №24 станциянын жетекчиси Ажибек Урустемов билдирди. Ал учурда тоодо эки тараптын тең чек арачылары жок экенин, станциянын кызматкерлери иштеп жатканын айтты.

- Азыр кадимкидей үч кызматкерибиз иштеп жатат. Жалпысынан кырдаал жакшы эле. Өзбек аскерлери кирип келгенде ал тарапка биз чыга албай калганбыз. Станцияга айрым тетиктерди алып барыш керек болуп калат, ал жерде суу жок болгондуктан суу ташыш керек болду. 29-сентябрда кызматкерлерди алмаштырыш керек эле, 3-октябрда алмаштырдык. Үч кызматкер эки айдан алмашып иштешет.

Жалал-Абаддын Аксы районундагы Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган 2 чакырымдан ашык тилкесинде жайгашкан. Аянты 45 гектар. Ал жерде Кыргызстанда көрсөтүлгөн 5 телеканал жана 2 радиоканалды алып берген станция бар.

Станция жетекчилигинин айтымында, 1967-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келатат. Сентябрдын аягында өзбек чек арачылары кирип келип, өз өлкөсүнүн желегин илишкен. Алар он эки күн тургандан кийин эки мамлекеттин чек ара башчыларынын жолугушуусунан соң алынып кеткен.

1,5 миң чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасында 300дөй чакырым тактала элек тилке бар.

XS
SM
MD
LG