Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Ф. Кулов: "Ар-намыс" талапкерин кайра тандайт


Парламентте азчылыкты түзгөн «Ар-намыс» партиясы президенттик шайлоого талапкерин көрсөтүү курултайын кайра өткөрмөй болду.

Буга президенттикке талапкерди тандаган ишембидеги IX курултайдын чечиминин жокко чыгарылышы себеп болду. Мындай чечимге каршы тарап жетекчилик каалаган талапкер өтпөй калган үчүн ушундай кадам жасалганын билдирет.

Төрага Феликс Кулов «Азаттыкка» берген интервьюсунда курултайды кайра өткөрүү чечимин уюштуруу иштеринин начардыгы менен түшүндүрдү.

- Феликс мырза, партиянын акыркы курултайынын жыйынтыгы боюнча ар кандай маалымат чыгып жатат. Тактоо киргизишиңизди каалайт элек.

- Биз тогузунчу курултай өткөрдүк. Анда бир эле маселе – президенттик шайлоого талапкерди тандоо болчу. Курултайда Анарбек Калматов, Акылбек Жапаров жана Төрөкан Жылдызбеков талапкердигин көрсөтүп, жашы жетпегендигине байланыштуу Жылдызбеков кайра алып койду. Тилекке каршы курултайдагы чоң кемчилик – даярдык чукул, болгону үч күн жүрүп, ага жараша уюштуруу комитети жетиштүү иш жүргүзбөй калыптыр. Жыйынтыгында делегаттарда нааразылык болду, анткени, бардыгы жетишип келе албай калышты. Ошондуктан, курултайды жокко чыгарып, он күн ичинде делегаттарды толук курамында кайра чогултуу чечимине келүүгө аргасыз болдук.

- Курултайда депутат Калматов 90дон ашык добуш менен алдыга чыгып, жеңүүчү болду деген маалымат эмнени түшүндүрөт? Добуш берүү болду беле? Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкты беле?

- Болжол менен Кулматов 90дой, Жапаров 70тей добуш топтошуп, жыйырма добуштай айырма чыкты. Бирок эң башкысы добуш берүүдөн кийин териштирүү башталды. Маселен, депутатыбыз Маматов керек болсо мага да чакыруу бербей койдуңар деп чыкты. Башка райондордон келген бирин-экин делегаттар да ушинтип чыгышты. Ушундай катачылык бир топ нааразылыктарды жаратты. Ошондуктан, жанагыдай чечим кабыл алууга аргасыз болдук.

- Калматов "курултайды кайра өткөрүү партиянын эмес, Феликс Куловдун жеке чечими болду, ал Жапаровду ачык колдоп атат", деп журналисттерге билдирди. Сиз буга эмне дейсиз?

- Ооба, мен бул курултайда Жапаровду колдодум. Эмне үчүн? Жапаровдун программасы ынанымдуу болуп, тилекке каршы, Калматовдо андай программа жок экен, ал жетиштүү даярданбаптыр. Акыйкаттык үчүн мен Жапаровдун программасын колдойм дедим. Биздин программа мыкты болсун деген талабыбыз бар. Экинчден, биз күжүрмөн партиябыз, көп сыноодон өткөнбүз, коркоор эч нерсебиз жок, ачык болушубуз керек. Мен ар кимдин көңүлүн алгым келбейт деп, Жапаровду колдоорумду ачык айттым. Буга чейин бардыгынын укуктары бирдей болсун деп, оюмду айткан эмесмин.

- Бул окуя партиянын бөлүнүп-жарылышына алып барбайбы?

- Андай болбойт. Анткени биз добуш берердин алдында курултайды жетиштүү деңгээлде өткөрө албаганыбыз үчүн мен - партиянын жетекчиси катары эки талапкердин, делегаттардын алдында күнөөлүүмүн, эгер мага ишеним көрсөтпөсөңөр жетекчиликтен кетүүгө даярмын деп билдирдим. Эл менин жетекчиликте калышымды колдоду. Андан соң делегаттардын бардыгы келгенден кийин он күн ичинде жашыруун кайра добуш берүү болот деп жарыяладым.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG