Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Өкмөт Давыдов мөңгүсүн бузуу оюнан кайта элекпи?


Кумтөр. Кен казуу үчүн мөңгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет.
Кумтөр. Кен казуу үчүн мөңгүнү ушинтип талкалап, башка жака ташып кетишет.

21-декабрда парламент комитети Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карамак. Бирок өкмөт депутаттардан Суу кодексин талкуулоону токтото турууну суранды.

21-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карамак болуп, күн тартибине киргизген.

Бирок бүгүн өкмөт депутаттардан Суу кодексин талкуулоону токтото турууну суранды. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин Агрардык комитети Суу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кароону кийинкиге калтырды. Өкмөт мыйзамды кароону кийинкиге жылдыруу сунушун эксперттик топ долбоорду даярдап бүтө электиги менен негиздеген. Өкмөттүн өкүлү Ислам Мойдинов долбоор качан каралары азырынча белгисиз экенин айтты. Аталган мыйзам мөңгүлүү жерлерде кен казуунун жол-жобосун аныктайт.

Убактылуу токтомдун мөөнөтү бүтүүдө

Өкмөт сунуштаган бул документте өзгөртүү ушул жылдын этегине чейин кабыл алынбаса, Кумтөр кенинде иш токтоп калары айтылган. Давыдов мөңгүсүн бузууга жол ачкан, коомчулукта нааразылык жараткан бул мыйзам долбоору ушул жылы жайында, өткөн чакырылыштагы парламентте кызуу талаш -тартыштардан кийин кабыл алынбай калган эле.

Азыр Кумтөр кени өкмөттүн убактылуу токтому менен иштеп жатат жана анын мөөнөтү ушул жылдын этегинде аяктайт. “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын маалымат кызматынын өкүлү Нуржан Алымканованын “Азаттыкка” билдиришинче, компания ишин кийинки жылы улантуу боюнча тиешелүү чечимдерди күтүп жатат:

- “Кумтөр Голд Компани” 2016-жылга алтын кенин иштетүүгө лицензияларды жана уруксаттарды алыш үчүн болгон документтерди тиешелүү мекемелерге, органдарга тапшырды. Азыр өкмөттөн жана парламенттен жооп күтүп жатат. Компания мыйзам чегинде иштеши үчүн коюлган бардык талаптар жана милдеттенмелер аткарылат.

Азыр негизги маселе Суу кодексин өзгөртүүдө турат. Кыргыз өкмөтү кодексти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, жайында парламенттин талкуусуна койгон. Анда мыйзам долбоор кабыл алынбаса, Кумтөрдө иш үзгүлтүккө учурайт, экологиялык катастрофа болуп, Давыдов мөңгүсү кенди басып калат деп айтылган.

Кыргызстанда Кумтөрдүн айынан эки премьер-министр кызматтан кеткен
Кыргызстанда Кумтөрдүн айынан эки премьер-министр кызматтан кеткен

Мурунку чакырылыштагы парламент документти эки окууда кабыл алган. Үчүнчү окууга келгенде буга чейин колдоп келген Социал-демократтар фракциясы чукулунан өзгөрүп, алардын сунушу менен акыркы добуш берүүдөн алып салынган эле.

"Социал-демократтар муну парламенттик шайлоонун алдында атайын жасады, шайланып келгенден кийин Давыдов мөңгүсүн бузууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышын баары бир колдоп берет" деген пикирлер айтылган.

Парламенттин өткөн жолку чакырылышында “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен келген, азыр Социал-демократтар фракциясынан депутат болгон Дастан Бекешев мурунку чакырылыштагы парламент добуш берип жатканда каршы болгон.

- Анткени бизге эч кандай корутундусу жок эле кабыл алып бергиле деп келишкен. Бирок “Кумтөр” кабыл алып бербесеңер ишибиз токтоп калат, иштебейбиз деп айта берет. Алар мурун деле ушинтип айтышкан, бирок иштеп жатат. Бул чынында шантаж. Эми мөңгүлөр тууралуу экспертизанын жыйынтыгын парламентке алып келиши керек. Эгер корутунду оң болсо макулдук беребиз, эгер терс корутунду болсо анда каршы болобуз. Негизи жаңы жылга чейин чечим кабыл алышыбыз керек. Бирок жетишебизби, жетишпейбизби, билбейм.

Сариев: Кумтөрдө тарыхый проблема бар

Өкмөт Жогорку Кеңешти Суу кодексин кабыл алуу тууралуу бул ирет кантип ынандырары азырынча белгисиз. Премьер-министр Темир Сариев өткөн айда “Азаттыктагы” маегинде, мөңгүлөр боюнча эксперттик топтун корутундусу жакында жарыяланат деп ишендирген эле.

- Кумтөрдө тарыхый чоң проблема бар. Башында эле ээрге туура эмес отурганбыз. Ошол бүгүнкү күнгө чейин бир жерибизди өйкөп келатат. Азыр сүйлөшүүлөр, тактоолор жүрүп жатат. Мөңгүлөр боюнча эксперттик топтун чечими чыкты, жакында парламентке беребиз. Биз үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартка, андагы алардын сунушуна макул эмеспиз. Анткени алар биз койгон шарттарга макул болбой жатат. Ал жерде бизге өтө олуттуу болгон, экология, кендин кору, иштетүүнүн технологиялары, социалдык багыттар боюнча орчундуу маселелер бар. Теңме-тең, 50-50 боюнча сүйлөшүү бүттү. Биз башка жолдорун издеп жатабыз.

Кумтөр
Кумтөр

Буга чейин парламентте Суу кодексин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда бир катар жарандык активисттер Ак үйдүн алдында нааразылык акцияларды өткөргөн. Анда Давыдов мөңгүсүн азыркы абалга жеткирген үчүн “Центерра голд” компаниясына кылмыш иши козголушу керек деген талап болгон.

Мөңгүлөрдү сактоо боюнча митинг. 29.06.2015
Мөңгүлөрдү сактоо боюнча митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Өкмөт өкүлдөрүнүн билдиришинче, Кумтөр казыла баштагандан бери Давыдов мөңгүсүнүн үчтөн эки бөлүгү жок болгон. Мөңгүнүн алдында сегиз тоннага жакын алтын жатат.

Кумтөр боюнча 2012-жылдагы өкмөттүк комиссиянын корутундусунда мөңгүлөр боюнча экологиялык чыгым беш миллиард сом деп бааланган. "Центерра" кыргыз өкмөтүнө экологиялык доодон баш тартуу боюнча талап коюп келет.

XS
SM
MD
LG