Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Мусулман жаңы жылды майрамдабаш керекпи?


Депутат Турсунбай Бакир уулу студенттер менен жолугушууда жаңы жыл майрамын белгилебөөгө үндөдү.

Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу өзүнүн Файсбуктагы баракчасында студенттик жатаканага барганында мусулмандар жаңы жылды майрамдабаш керек, анткени ал тууралуу Куранда эч нерсе айтылган эмес дегенин жазып чыкты. "Азаттыкка" маегинде депутат жазганын далилдеп, а түгүл өлкөдө белгиленип келаткан 23-февраль, 8-март, 1-май өңдүү майрамдарды да белгилебей, бир гана Курман айт менен Орозо айтты майрамдаш керек деп билдирди.

Жаңы жылды бутпарастар ойлоп чыгарган деген оюн Турсунбай Бакир уулу Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин №1 жатаканасында жашаган студенттер менен жолугушууда айткан экен.

- Анткени бул мусулмандардыкы эмес. Орустардын, христиандардын Библиясында да жаңы жыл жөнүндө эчтеке жок. Муну адамдар өзү ойлоп чыккан, бул динге эч кандай байланыштуу эмес. Ал эми өзүн мусулман санап, бирок жаңы жылды майрамдагандар толук мусулман эмес. Алар мусулманмын деп туруп атүгүл христианчылыкка да тиешеси жок, башка динге да тиешеси жок майрамды өткөрсө, анда эмнеси мусулман? Ошол үчүн алар билип алыш керек: жаңы жыл биздин майрам эмес, аны белгилебеш керек.

Бул жолугушууга катышкан студенттер Кайрат Жолдошов мындай пикирде:

- Эң биринчи эле келгенде майрам деген эмне деп башталып, анан жаңы жылга байланыштуу козголду бул тема. Тосууга болобу-болбойбу, мусулманга тиешелүү майрамбы? – ушундай суроолор козголду да. Эми мусулман болгондон кийин ал биздин майрам эмес. Мусулмандарда эки эле майрам бар: Курман айт жана Орозо айт. Жаңы жыл ысырапкерчилик дейм да. Негизинен көпчүлүгү антип ойлобойт, баары тособуз деген ою бар. Анткени дин жагында жүргөн адамдар тоспойбуз деп ойлошот, а калган көпчүлүгү үй-бүлөлүк майрам деп ойлошот.

Иш-чараны университеттин жатаканасында Өзбек ажы Чотонов жетектеген “Дил мүрөк” адеп-ахлак борбору уюштурган. Студент Элдияр Калмуратовдун айтымында, “Дил мүрөк” уюму буга чейин эле ар кандай темалар боюнча жатаканада талкуу өткөрүп жүрөт.

- “Дил мүрөк” биздин жатаканага келип, жакшы болгула, жакшы жолго түшкүлө деп акыл-насаат айтып жүрөт. Булар мурун да келип ата-эне жөнүндө тема козгогон экен, бирок биз катышкан жокпуз. Ар-бир келгенде булар бир теманы алат, жаштардын оюн, пикирин билет. Бир күнү ата-эне жөнүндө, бир күнү ичикилик, бир күнү хижаб – ушундай темалар козголуп турат, эми динге басым жасалды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басмасөз катчысы Керез Жукееванын сөзү боюнча, Турсунбай Бакир уулу депутат катары университеттин студенттери менен жолугушуу өткөрүүгө жана кандайдыр бир маселе боюнча оюн билдирүүгө укуктуу. Бирок мамлекеттик окуу жайлар динден сырткары болгондон кийин кайсы бир динди пропагандалоого жол берилбейт деп кошумчалады Жукеева:

- Жолугушууда эмне жөнүндө сөз болгонун тастыкташ үчүн министрлик сөзсүз түрдө Арабаев университетинде окуу иштерин алып барган жетекчилиги менен сүйлөшүш керек. Динден сырткары мамлекеттеги окуу жайы болгон соң сөзсүз түрдө дин өз алдынча иш жүргүзүш керек. Пропаганда болбош керек. Кайсыл бир динди кабыл алабы, ишенеби – ал жарандын өз укугу да. Ошол эле кезде ал өзүнүн милдеттерин да унутпаш керек.

Ал эми Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин жетекчилиги бул окуяга карата карама-каршы комментарийлерди берди. Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Мелис Оңолбаев бул жолугушуулар университет жетекчилиги менен макулдашылганын жана студенттерди тарбиялоого багытталганын айтты.

- Мусулманчылыктын баалуу, адеп-ахлактуу идеяларын кабыл алууга биз уруксат беребиз жана ошого колдоо көрсөтөбүз. Сиздер билесиз да исламда ыймандуулукка тарбиялоочу баалуулуктар өтө көп.

Ошол эле убакта университеттин биринчи проректору Тууганбай Коңурбаев бул жолугушуу тууралуу кабарсыз экенин жана окуу жайда динге байланышкан үгүт иштерине жол берилбесин белгиледи:

- Мамлекеттик окуу жайларда ар бири келип, жеке оюн айтып, аны өзүнчө бир идеологияга айлантып жатканы туура эмес деп ойлойм. Бул биринчиден, мамлекеттин алсыздыгынан кабар берет. Жаңы жыл тосуу кыргыз элинде өзүнчө бир салтка айланып келаткан көрүнүш. Башка көз караштар менен жаңы жылды тоспогула деп жүргүзүп аткан саясаты туура эмес экенине көзүм жетип атат. Алар көрүнгөн жерде көрүнгөн сөздөрдү айтууга укугу жок.

Биринчи проректор Турсунбай Бакир уулу менен жолугушуу боюнча жыйынтык чыгарарын кошумчалай кетти.

Теолог, тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова кыргыздар негизинен өзүн мусулман санап, бирок баш-оту менен берилбей келгенин, жаңы жылды салттуу майрам катары кабыл алаарын айтып, бирок соңку жылдары исламдашуу күч алган шартта жаңы жылга да көз караш өзгөрүшү мүмкүн деген пикирин билдирди.

Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин студенттери менен жолугушуу өткөргөн Карабек уулу Улугбек талкуулар башка да университеттерде өтө турганын кабарлады.
XS
SM
MD
LG