Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

2016: Кыйынчылыкты сабырдуулук менен жеңели


Кыргызстандын таанымал инсандары узап бараткан 2015-жылдагы ийгиликтер жана өксүктөр тууралуу айтып, 2016-жылы тилеген тилектери, элге каалоолорун “Азаттык” аркылуу бөлүштү.

Садык Шер Нияз, режиссер

- 2015-жылы кино багытында чоң жылыштар болду. 2015-жылы Кыргыз Республикасында тартылган беш тасманын “А” группасындагы фестивалдарга катышуусу чоң жетишкендик. Маданиятыбыздын бир тармагы болгон кино кадимкидей көтөрүлүп, эл аралык стандарттагы тасмалар тартылып, эл аралык абройлуу фестивалдарга катышып, байгеге ээ болгону кино тармагынын деңгээли көтөрүлгөнүн далилдеп турат.

Садык Шер Нияз
Садык Шер Нияз

Жыл жыйынтыгында президенттин буйругу менен “Курмажан датка” фильминин оператору Мурат Алиевге, башкы каарман Элина Абай кызына жана коюучу режиссеруна (постановщик) Даңк медалын ыйгарышты. Бул дагы чоң ийгилик. Коомубуздагы дагы бир жакшы окуя - парламенттик шайлоонун митингсиз, демонстрациясыз, тынч өткөнү.

2016-жылы да бизди оңой эмес кырдаалдар күтүп турат. Бирок биз сабырдуулук, толеранттуулук менен белди бекем бууп, бийликтин бардык өкүлдөрү бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып иштешсе, элибиз кыйынчылыктардан чыгып кетет деген ойдомун. Бардык кыргызстандыктарды жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Бексултан Жакиев, Эл баатыры

"Ата-бабадан калган пейилди жоготпойлу"

Бексултан Жакиев
Бексултан Жакиев

- Узаган жылда Кыргызстанда ошондой эле эл аралык маселелерде дагы бир катар жылыштар болду. Жаманчылыкты көп айтып жакшыны байкабаган ичи тар жаман адат таап алдык. Анткен эл өспөйт. Ийгиликтерди тилеп, эмгектенип жүрсөк оңолобуз. Кыргыз өзүнүн тарыхында далай кыйын учурларды башынан өткөргөн. Элибиз таптакыр жок болуп кетүү коркунучуна кептелген учурлар болгон. Бирок элибиз илгерки ата-бабадан келе жаткан пейилинин кенендигин, ыйманынын тазалыгын сактап жакшылыкка келген. Эгерде биз ата-бабадан калган таза пейилибизди унутпасак, таза ыйманыбызды сактасак, анда биз тезирээк оңолобуз. Жамандыкты сындоо керек. Сынсыз өсүш болбойт. Бирок уу кошпой сындаш керек. Маселен, күнөөсүз адамдарды күнөөлөп, айып коюп каралоону жүзүкаралык дейт. Арабызда ушундай жаман жорукту жактагандар болуп жатат. Кыргыз дээринде мыкты эл болгон. Өткөн доорлордогу кыйын учурларды, жеңип жүргөн учурду жана жеңилген учурду дагы эстеп, тарыхты билип жашасак, улуттук ар-намысыбыз күчтүү болот. Улуттук ар-намысты ойготуш үчүн маданиятыбызга көңүл бөлөлү. Маданиятыбызды жоготпой сактап калсак, ааламдашуу доорунан кутулаар жолубуз ушул. Жаңы жылыбыз менен куттуктайм. Бактылуу, таалайлуу, ынтымактуу, биримдиктүү эл бололу.

Кубанычбек Кулматов, Бишкек мэри

"Жаңы жылың менен Бишкек!"

Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

- Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди келе жаткан Жаӊы жылыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бир нече сааттан кийин 2016-жыл жаӊырып кирет. 2015-жыл өлкөбүз, шаарыбыз үчүн жакшы жылдардан болду. Биз 2016-жылга жаӊы үмүт менен кирип жатабыз. Сиздер менен бирге борборубузду жакшы шаарга айлантабыз деген ойдомун. Урматтуу шаар тургундары! Сиздерге бекем ден соолук, ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалайм! Жаӊы жыл берекесин төккөн жылдардан болсун! Жаӊы 2016-жылыӊыздар менен! Бишкек жаӊы жылыӊ менен!

Сабыр Жумабеков, академик

"Кыргызстандыктарга чың ден соолук каалайм"

- 2015-жыл мен үчүн, менин жамаатым үчүн жакшы жыл болду. 13 миңге жакын адамга операция жасап, бутуна тургуздук. Ошончо элден бата алуу биз үчүн чоң бакыт.

Сабыр Жумабеков
Сабыр Жумабеков

Андан тышкары биздин жамааттын эки кызматкери илимдин доктору, алты кызматкер медицина илиминин кандидаты наамын жакташты. Ортопедия жаатында дүйнөлүк 12 ачылыш жасадык. Европа мамлекеттеринде илимий иштерибизди презентация кылдык. Кыскасы, Кыргыз Республикасын, илимибизди даңазалоого жакшы жыл болду. Жеке өзүмө байланыштуу окуялардан айтсам, 2015-жылы уулум үйлөндү.

Кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бардыгына чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөдөгү бакыт, тынчтык каалайм.

Адахан Мадумаров, саясатчы

"Келечектен үмүт үзбөйлү"

- 2015-жылы Кыргызстандагы эң чоң саясий окуя парламенттик шайлоо болду. Шайлоо кандай өткөнүн азыр талдап, баа бербей эле коёлу. Өткөндүн баарын жакшы деп, келечектен үмүт кылалы. Узаган жылдын терс жактарын айтып, майрамда көңүл чөктүрбөй эле коёюн.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

2016-жылда тынчтык болушун каалайм. Азыр тынчтыктан өткөн байлык жок экени айкын болуп калды. Оош-кыйыш заманда токчулук жана молчулук болсун! Касиеттүү кыргыз элин жараткан бөөдө кырсыктан сактасын!

Азимбек Бекназаров, саясатчы

"Чыныгы эгемен мамлекет бололу"

- Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча жардыкка Алмазбек Атамбаевдин кол койгону 2015-жылдагы эң урунттуу окуя болду. 2016-жылы 100 жылдыкты белгилейбиз. Ошол жардыктын жардамы менен “орус падышачылыгы тарабынан кыргыздарга геноцид жасалган” деп айтууга мүмкүнчүлүк жаралды. Тарыхты билген, элин сыйлаган адам үчүн бул - чоң жаңылык.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Ал эми терс жагын айта турган болсом, баягы эле энергетикалык кризис. Бийликтегилердин өйдө-ылдый сүйлөгөнү эч токтободу. “Камбар-Ата-2” ГЭСин куруу боюнча “Русгидро” менен макулдашып коюп, эми “жок болбой калды, орустар курбайт экен” дегени түшүнүксүз. Бул макулдашуу мыйзам түрүндө ратификацияланган. Бийлик ушундай чоң каталарга жол берүүдө.

2016-жылы эл-журтубуз менен аман бололу! Бийликтегилердин кайраты ташып, айрым чет өлкөлөрдүн басымынан чыгып, чыныгы эгемен мамлекеттей гүлдөп-өсөлү деп тилек кылам.

Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаты

"Азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштейли"

Аида Салянова
Аида Салянова

- Эч ким эски жылды жаман деп айтпаса керек. Кыргыздарда “жаманчылыкты аманчылык жеңет” деген жакшы сөз бар. Башыбыз түгөл, денибиз сак болсо, демек жылды дурус эле жыйынтыктадык. Жаман жактарын айтканга болбойт.

2016-жылга кандай гана максаттарды алдыбызга койгон болсок, аны ишке ашыралы. Ага мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенели. Социалдыкпы, укуктукпу, экономикалыкпы, айтор кандай гана милдеттенме, пландарыбыз болсо - аткаралы. Азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштейли. Жаңы жыл ынтымактын, молчулуктун, кайрымдуулуктун жылы болсун. Ийгиликтерге жетүү үчүн баарыбыз жапатырмак аракет кылышыбыз кажет!

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери:

"Бүтпөгөн иштер аягына чыксын"

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- 2015-жыл жаман болгон жок. Элибизде ар бирибиз белгилүү ийгиликтерге жетиштик. Бул жылда жакшылыктар көп эле болду.

Бирок дайыма биз каалагандай жашоо болбойт. Дүйнөдөгү айрым геосаясий окуялар Кыргызстандын бийлигинин пландарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бүтпөгөн иштерибиз 2016-жылы аягына чыгып, жакшы иштер башталат деп ишенем. Жаңы жылда баарыбызды ийгилик коштоп, үйбүздө бакыт орносун. Чың ден соолукта болгула!

Чубак ажы Жалилов, мурдагы муфтий:

"Заманбап таалим болсун"

Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

- Жаңы жылда диний агартуучулук жаатында заманбап таалим берүү күчөйт деп үмүт кылып жатам. 2015-жылы “Ыйман” фондунун жардамы менен имамдарды окутуу өнөктүгү жүрдү. Муну менен адамдар арасында салттуу дин менен радикал агымдардын айырмасы тууралуу түшүнүк бериле баштады. Динге болгон көз карашты калыптандыруу үчүн заманбап таалим берүү аябай зарыл. Бул иш 2016-жылы максаттуу ишке ашышын каалайм.

Эски жылды эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:55 0:00

XS
SM
MD
LG