Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:18

Мултимедиа / Интернет эрөөл

“Интернет эрөөлдө” - кинорежиссер Нурбек Эген

“Аталар керээзи” көркөм фильми жана “Манастын төрөлүшүн утурлап” даректүү публицистикалык тасмасы менен жумурай-журтка таанылып калган кинорежиссер Нурбек Эген окурмандарыбыз менен түз жыйында баарлашты. 2 сааттык түз жыйын бүгүн, 16-майда Бишкек убакыты боюнча саат 17де аяктады. Бир канча жылдан бери Москвада жашаган кыргыз кинорежиссеру азыр “Үй” деп аталган жаңы көркөм тасмасын тартуу үчүн атажуртуна келген.

Жаш да болсо тасмалары менен элге дурус таанымал кыргыз кинорежисеру Нурбек Эген “Азаттык” үналгысынын “Интернет эрөөл” түз жыйынында окурмандар менен баарлашып жаткан учур. Бишкек. "Азаттык Медиа" мекемеси. 16.5.2011.
x
Жаш да болсо тасмалары менен элге дурус таанымал кыргыз кинорежисеру Нурбек Эген “Азаттык” үналгысынын “Интернет эрөөл” түз жыйынында окурмандар менен баарлашып жаткан учур. Бишкек. "Азаттык Медиа" мекемеси. 16.5.2011.
Текст көлөмү - +
Бул фильм сыртка иш издеп чыккан кыргыздын бир мигрант кызынын тагдыры жөнүндө болот. Тасма Кыргызстанда, Орусияда жана Англияда тартылмакчы.

Жалпы эрежебизге сыйбаган пикирлер шеринеге түшпөгөндүгүн эскерте кетмекчибиз.

"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөлүнө" буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар конок болушкан.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Алина каяктан: Берлин
16.05.2011 16:59
Нурбек, сиз Бакиевдер маалында бийликтин эрке баласы катары жылдызы жанган режиссер болдуңуз.
Азыр да байланышыңыз барбы?
Бакиевдин тушундагы киши өлтүрүүлөр тууралуу тасма тарткыңыз келбейбби?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 17:02
Мен чынында учурунда президент Бакиев кабыл алган кинорежиссерлордун биримин.

Бирок "Бакиев кезиндеги эрке бала" дегениңизге туура келбейм деп ойлойм.

7-апрелден кийин Минскке барып, Бакиев менен чоң интервью жасадым.

Кийинчерээк азыркы окуяларды камтыган бир чоң публицистикалык фильм чыгарайын деген оюм бар. Сиз айткан киши өлтүрүүлөр да ошого кирет.

кимден: Кундуз каяктан: Көлдүк
16.05.2011 16:47
Курманжан Датканын атын пайдаланып бизнес кылуу далаалаттары тууралуу макалаларды окудуңузбу?
Путиндин атын чокуга койгону сизге туура болдубу же өөн эле көрүнүп калдыбы?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:57
Тааныштым.
Эгер мен туура түшүнсөм, мамлекеттик казынадан тыйын алып, ошол энебиздин атындагы борбор куруу туура эмес деп эсептейм.

Путин боюнча, бул эл кыйналып атканда экономикалык кризистен чыгуу үчүн жасаган өкмөттүн бир амалы деп ойлойм.
Эч кандай деле өөн учураган жок.

кимден: Жыпар каяктан: Москва
16.05.2011 16:47
Нурбек мырза, дагы суроо: КГ га барган сайын, өзгөрүүлөрдү байкайсызбы: орусча айтканда, замечаете прогресс или регресс в Кыргызстане?
И если прогрессирует, то в чем конкретно?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген каяктан: Бишкек
16.05.2011 17:12
Өзгөрүү аябай көп.
Мен муну элдин саясий иммунитетинин, экономикалык ой жүгүртүүнүн өсүүсү, жаңы технологияларды кыргыз элинин турмушунда колдонуусунун көбөйүшү деп баалайм.

кимден: Калыя каяктан: Кыргызстан
16.05.2011 16:44
Айтматов атабыздын "Тоолор ураганда" эмгегин тасмага айланта алаар белеңиз?
Деги азыркы экологиялык кырдаал сизди ойлонтпойбу?
Бала кездеги айылыңыз азыр өзгөргөндүр?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:48
Улуу кишинин акыркы насааты катары кабыл алам бул чыгарманы.

Муну орустар тартты сериал кылып, бирок азыр чыга элек.

Салттуу түрдө бирок бул чыгарма да бир канча жолу экрандаштырылаарына үмүт кылам.

Эми экологияны айтсак, жаратылышты барктабасак, аяр мамиле болбосо анда чоң кырсык чыгышы мыйзам ченемдүү нерсе.

Себеби дүйнөгө үстөмдүк кылган мыйзамдардын баары - жаратылыштын мыйзамдары.
Анан ага каршы чыгып, ошону бузам десек кандай болоорун элестетип көрүңүз.

Бала кездеги айылым азыр албетте өзгөрдү, аябай чоң өзгөрдү.
Эми тоолор кулап, сайлар соолуп калган жок, бирок менин ички дүйнөм өзгөргөндүктөн айыл да өзгөрдү деп ойлойм.

Айылга барганда коркуп барам, бузулган жолдорду, үйлөрдү же кыйылган дарактарды көрүп калсам башкача болуп кетем.

кимден: suusamyr каяктан: China
16.05.2011 16:33
Nurbek inim!
Kitay menen Kyrgyzstan birkancha jil murda "Manas"ti birgeleshi tartabiz degen.
sizche ushunday ishtin keregi barbi? Manasti tartuuga rejiserlerdin denggeeli jetebi?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:36
Мен бул жөнүндө кабарым жок экен.
Эгер Кытай тарапта чын эле ошондой ойдогу адамдар болсо мен сүйлөшүүгө даярмын.

кимден: Доор каяктан: Ош
16.05.2011 16:33
Нурбек мырза, азыркы учурда жаштарга "көп кыйнала бербей эле койгула. Силер ойлогондой өзгөрүү жакын арада болбойт.
Өмүрүңөрдү кыя бербей сыртка чыгып өзүңөрдү сактагыла" деп айтат белеңиз?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:44
Эч качан.
Эгер сырт жак жөнүндө сөз болсо мен сыртка чыгып билим алып, тажрыйба алмашып келгиле деп гана айтмакмын.

"Бул жакта эч нерсе өзгөрбөйт" деген туура эмес.
Кыргыздар 20 жылда Европа өлкөлөрү жүз жылда баспаган жолду басып өттү.

кимден: Kyrgyz каяктан: Manas
16.05.2011 16:33
Nurbek Baike, men bir kyska mungduu yr jazdym ele egerde emailinizdi berseniz al jerge jonotup koroyun.

Balkim al yrdy uksanyz al tuurasynda kyska bir kino tartylsa bolobu? Rahmat...
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:49
Жөнөтүп коюңуз, мени Facebook барагынан тапсаңыз болот.
Рахмат!
Пикирге жооп

кимден: Kyrgyz каяктан: Manas
16.05.2011 16:50
Rahmat baike sozsuz ugunuz :)

кимден: Taalai каяктан: Naryn
16.05.2011 16:31
"Эр Төштүктү" сиз мыкты билесиз да, Нурбек байке!
Ошону "Аватардын" ыкмасына салып тартса абыдан сонун болмок, кандай дейсиз?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:34
Туура, аябай жакшы болот.

Эми "Эр Төштүк" өзүнчө эле "Аватар" да...

кимден: Sagynaaly каяктан: Kyrgyzstan
16.05.2011 16:26
Qyz ala qachuu, qudalashuu degenderge qanday mamiledesiz, Nurbek baike?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:30
Аябай терс көз караштамын.

Айбанчылыкка теңейм. Европада жүргөн адам катары эмес, кичинемде, бала кезде деле кыз алып качкандарды аябай жаман көрчүмүн.

Суроо-сопкуту жок эле бирөөнүн тагдырын бузуп атпайбы!
Пикирге жооп

кимден: Joomart каяктан: Kyrgyzstan
16.05.2011 16:54
Bul pikiringizdi koldoim!
Myndai kylyk-jorukka bilimi tömön ayaldar da künöölüüdür?

кимден: Алмаз каяктан: Бишкек
16.05.2011 16:16
Нурбек мырза,
Сиз эски кинолорду кайта тарткыңыз келеби? Кайсыл кинону?
Пикирге жооп

кимден: Нурбек Эген
16.05.2011 16:21
Жок, тарткым келбейт.
Биздин эң жакшы кинолор ошол 1960-80 жылдары тартылган.
Мен тартсам да азыр андай деңгээлде тарта албайм.
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)