Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:12

Коопсуздук

Ошто Ту-134 учагы кырсыкка кабылды

Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы 28-декабрда чак түштө Ош аба майданына конуп жатканда кырсыкка кабылды.

Аңтарылып калган Ту-134 учагы. Ош аба майданы, 28-декабрь.

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Бактыга жараша учак кырсыгынан мерт болгондор жок, бирок жеңил жаракат алгандар бар.

Кырсык түшкү саат бирге жакын болгон. Маалыматка караганда, учак кырсыкка саат 12:49да Ош аба майданына конуп жаткан учурда кабылган.

​​
Аңтарылган учак, Ош, 28-декабрь.
​​"Кыргызстан" авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов "Азаттыкка" учак конуп баратканда тилкеден чыгып кеткенин, жүргүнчүлөр эсен-соо экенин, бирок учак жарабай калганын билдирди.

Аймактагы кабарчыбыз Эрнис Нурматов кырсыктан жабыркаган 18 адам шаардык ооруканага жеткирилгенин, алардын абалы анча оор эмес экенин дарыгерлер айтып жатканын маалымдады.

Аба майданга барган кабарчыбыз учак аңтарылып, бир канаты үзүлүп кеткенин кабарлады.

Ош аба майданынын атын айткысы келбеген бир кызматкери "Азаттыкка" буларды айтты:

Ош аэропорту, 28-декабрь.
​​
- №3 каттамдагы Бишкектен учкан учак саат 12:49да Ош аэропортуна ийгиликсиз конду. Учактын оң канаты жана дөңгөлөгү үзүлүп кетип, андан кийин өрт чыккан.

Кабарчыбыздын айтымында, учурда кырсыктаган учак учуп-конуу тилкесинде турат жана андагы өрт аба майдандын өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлдү.

Учактын ичинде экипаж мүчөлөрү менен кошо 82 адам болгон. Арасында балдар да бар.

Кырсыктаган учактын өзүн Гүлнара деп тааныштырган бир жүргүнчүсү кабарчыбызга буларды айтты:

- Учак конуп жатканда оң жагына кыйшая баштады. Анан бир нерсе жарылгандай катуу үн чыкты. Баарыбыз коркуп, жаш балдар ыйлап кирди. Чуру-чуу түшүп калдык. Анан учактын ичин түтүн каптап кирди. 

Бул жүргүнчүнүн айтымында, учак бетондолгон учак тилкесинен таштак талаага чыгып кетиптир.

Кантсе да аба майдандын коопсуздук кызматы тез арада жүргүнчүлөрдү күйүп жаткан учактан чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Аңтарылган учактын алыстан көрүнүшү, 28-декабрь.
​​
Саламаттыкты сактоо министрлиги кечки саат бешке карай тараткан маалыматына караганда, бул кырсыктан жалпысынан 26 адам жабыркаган. Алардын жаш курактары 4 жаштан 34 жашка чейин. Баш айлануу, сөөктүн сыздап оорусу, стресс  абалында болуу деген алгачкы диагноз менен ооруканага 12 адам жаткырылды. Жабыркагандардын арасынан 2 бала облустук балдар ооруканасына жөнөтүлдү. Кырсыктан кийин дарыгерлерге кайрылгандардын ичинен биринин абалы орто оордукта.

Башкы прокуратура кечки саат алтыга чукул бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (аба транспортун пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин сакталбашы) боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Кырсыктаган учак быйыл 14-сентябрга карата учууга жарамдуу деп аныкталганы айтылууда.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Ошто ошол учурда күн бүркөк болуп, туман каптап турушу да кырсыкка себеп болушу ыктымалдыгы болжолдонууда.

Бул окуядан соң өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов чукул жыйын куруп, кырдаалды талкуулады. Ал азыр Ошко учуп кетүүгө камынып, аба майдандан конууга уруксат күтүп жатканы кабарланууда.


​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Канжар каяктан: Россия Екатеринбург
03.01.2012 00:42
бул аэрапорттогу кызматкерлердин куноосу жолду тазалаган эмес

кимден: Аамат каяктан: Санкт Петербург
02.01.2012 15:56
Кыргызым тынч болгула кудай сактаптыр олум жок жабыркагандар айыгып кетсин тезирээк.

кимден: Абдимажит каяктан: москва
30.12.2011 22:48
кырсыктан жабыркагандарга аллахым ден соолук берсин..аман болсун кыргызым.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Ош
30.12.2011 16:45
Мамлекеттик компания болгондон кийин мамлекет жооптуу.

кимден: Жапаров Калыбек каяктан: Красноярск шаары
29.12.2011 19:29
Бугун 29-декабрда Красноярск-Ош рейисиндеги самолёттун 300 жургунчулору Красноярск аэропортунда кете албай турушат. Буларга эл аралык терминалдан, же авиакомпаниялар тарабынан эч качан маалымат, ошондой эле тамактандыруу чаралары уюштурулган эмес. Жургунчулордун абалын коргон адамдын боору ооруйт.

кимден: лфтфе каяктан: лег егкшяь
29.12.2011 19:21
Урматтуу бийликтегилер, атка минерлер бул жерде папке- тууганчылык-коррупциянын кесепети далдайып көрүнүп калды окшойт. Жетекчилер жана анын кол алдындагылар өз ишин билбегендик же шалаакы мамиледен элдер жабыркаган. Мунун баары туура эмес дайындалуунун жыйынтыгы эмей анан эмне... кудайдан корккула... өз кесибин мыкты билген адамдарды койгулачы ошого да башыңар жетпейби я...

кимден: Алмаз каяктан: Ош
29.12.2011 14:58
Аэропорттун начальниги срочно алмаштырыш керек мурдагы базаркомду алып келип начальник аэропорт кылып койду ,бул кудайга дагы жакпайт да.корсо азыркы аэропорттун начальниги А Сулаймановдун агасы экен ,оозу кыйшык болсо да байдын агасы суйлосун болуп калганбы не я...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.12.2011 14:48
Negisinen bardik ele KG uchaktari traktordoi tirildap bolboi kalgan,aila jok omurundu tobokelge salip, janindi uuchtap uchasin, Moonotu otkon baykush uchaktar ech tehosmotr otposo kerek.

кимден: канат. каяктан: россия
29.12.2011 13:06
эмнеден болду э туугандар бул кырсык өзү? Кыргыз элине түйшүк болуптурда жаңы жылдын астыңа.

кимден: Кыргызмын каяктан: АКШ
29.12.2011 11:38
Кырсыктан жабыркагандарга Аллахым бат сакайууларын насип эт Озун гана кудуреттуусун!!! Омин
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине