Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Мигранттын акчасы авиакассаны маарытууда


Оштогу аба майданында Орусияга иштегени бараткан эмгек мигранттарынын "кара тизмеге" кирген-кирбегендигин текшерип берүү үчүн акча өндүргөндөр пайда болду.

Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын интернет сайтынан акысыз эле билип алууга мүмкүн болгон электрондук ачык тактама маалыматты авиакассалар бизнеске айландырып, акысына ар бир адамдан 300 сом алышат экен.

Ош шаарынын тургуну Айнагүл Айтиева Орусияга билет алгандан кийин Ош аэропортунан учпай калды. Себеби анын аты-жөнү Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинен" чыкты:

- Мен билетти алып учайын деп турганда "сен "кара тизмедесиң", уча албайсың" дешти. Алдын ала өзүн "кара тизмеден" текшерип, анан билет алыш керек экен.

Орусияга иштеш үчүн сапарга аттанаар алдында өзүн "кара тизмеден" текшерүү адаты жакындан бери жандана баштады. Буга соңку айларда Орусияга учуп барып, аэропорттун астанасын аттай электе кайра артка кайтарылган кыргызстандыктардын ашыкча чыгымга кириптер болуусу негизги себеп. Мындан улам мурда көп адамга белгисиз болгон Орусиянын Федералдык миграция кызматынын сайты Оштогу авиакассалар үчүн кирешелүү булакка айланды. Эми Орусияга барууну каалагандар билет алаардан мурда өздөрүн "кара тизмеден" текшерте башташты.

Жумагүл Муктарали кызы бул маалыматты алуу үчүн 300 сом төлөгөнүн айтат:

- Мен билет алгандан кийин Оштун аэропортуна барып, 300 сомго өзүмдү "кара тизмеден" текшерттим. Демек жүргүнчүлөрдү "кара тизмеден" текшерүү кошумча кызмат катары бааланары ачык.

“Эдвокаси” укуктук борборунун юристи Улан Бекмуратов укук коргоо уюмдарына кайрылгандардын көпчүлүгү да мигранттар экенин, Орусиянын чек арачылары Кыргызстандан барган мигранттардын айрымдарын аэропорттон эле кармап, ар кандай себептер менен дароо артка кайтарып жатканын билдирди:

- Бизге акыркы мезгилде көбүнчө мигранттар кайрылууда. Алардын арасында ФМСтин сайтында кирүүгө уруксаты барлар да жүрөт. Бизге көбүнчө Орусиядан кайтарылган же ал жакка кете албай жүргөн жарандар кайрылууда.

Юрист Улан Бекмуратов интернетке туташкан кол телефондон деле Федералык миграция кызматынын сайтына кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөттү. Ал мигранттардан акча өндүргөндүн ордуна акысыз, туура маалымат берүүнү колго алуу керектигин айтат:

- Ош шаарынын аэропортундагы жана башка авиакассаларда мигранттарды "кара тизмеден" текшерүү 300 сом болуп жатат деп уктук. Андан көрө мигранттарга акысыз маалымат берүүнү уюштурса жакшы болмок.

Орусиянын "кара тизмесин" интернет аркылуу fms.gov.ru сайтына кирип, акысыз эле текшерип алууга болот. Текшерүү үчүн ФМК сайтынан "маалымат кызматы" деген көзөнөктү басуу керек. Ал жерге өзү тууралуу паспорттук, жарандык маалыматтарды жазуу зарыл. Бирок аталган сайттан алынган маалымат эч кандай расмий күчкө ээ эмес экенин эскертебиз.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, бул электрондук кызмат 2013-жылдын 29-ноябрынан ишке кирген. Ошондон бери жалпысынан 54 миң чет элдик жаран өзүн тизмеден текшерип, алардын ар бир бешинчиси Орусияга кире албаарын билишкен. Учурда 394 миң чет элдик жаранга Орусиянын эшиги жабык.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG