Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:14

Атайын баракчалар / Ош күндөлүгү

Мырзакматов: Өзбек мектептерин кыргызчалоо - элдин демилгеси

Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленүүдө. Буга карата шаар мэри Мелис Мырзакматовду сөзгө тарттык.

Текст көлөмү - +
Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз




- Мелис мырза, шаар күнүнө байланыштуу иш-чаралар кечээ эле башталган экен. Бүгүн кандай иш-чаралар өтөөрүн кыскача айтып берсеңиз.

- Ош шаарынын күнү үч күндөн бери майрамдалып жатат. Майрамга шаардын эли активдүү катышып, шаардык бийликтин жүргүзгөн саясатын колдоп, активдүү катышып жатат. Элдин маанайы көтөрүңкү. Бардык коопсуздук чаралары көрүлгөн. Ар кандай программада, ар кандай багытта шаардын бардык булуң-бурчтарында майрам белгиленип жатат.

Бүгүн да майрам улантылмакчы. Шаардын майрамынын ушунчалык масштабдуу болгонун себеби, Курманжан Датка энебиздин 200 жылдык мааракеси да дал келип олтурат. Андан тышкары республикалык 6-спартакиада Ош шаарында өтүп жатат. Шаардын спортчулары спорттун 12 түрү боюнча ат салышып жатышат. Ошондуктан шаар күнү быйыл жылдагыдан өзгөчө, абдан масштабдуу белгиленип жатат.

- Шаардын күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чаралар былтыркы окуялардан кийин улуттардын элдешүүсүнө канчалык салым кошот?

- Өзүңүздөр билесиз, былтыркы жылдагы Оштогу кандуу окуялардан кийин шаардыктарга эч кандай майрамдаганга, оюн-күлкү, тамашаларды өткөргөнгө шарт болгон эмес. Быйылкы 2011-жылды шаар бийлиги “Улуттар аралык мамилени, достукту чыңдоо жылы” деп белгилегенбиз. Анын алкагында көптөгөн иш-чаралар өтүп жатат. Алардын бири ушул шаар күнү. Биз былтыркы кандуу окуядан кийин биринчи жолу шаардын коомун улутуна карабастан, дин ишенимине карабастан бириктире алдык. Натыйжа жакшы деп белгилеп кетээр элем.

- Алдыдагы шайлоо боюнча да суроо бере кетейин. Сиз буга чейин президенттик шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстан түндүк-түштүк ажырымына кептелиши мүмкүн деп кооптонгонуңуз бар. Ушундай эле кооптонуулар жакында Коргоо кеңешинде да айтылды. Кайсы негиздерге таянып мындай ойго келдиңиз?

- Эми билесизби, негиз көп. Маселен массалык маалымат каражаттарындагы берилип жаткан маалыматтар, борбордук гезиттер жазып жаткан макалалар, анан айрым саясатчылар, президенттикке талапкерлердин ачык эле үгүт-насаат ишин жүргүзүшү, кайсы бир региондон чыккан талапкер жеңсе, биз Ак үйгө киргизбей коёбуз деген саясатчылар идеологиялык багыттагы жүргүзгөн иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде кооптонууну туудурат. Андан тышкары административдик ресурстун ченемсиз колдонулуп кетиши мүмкүн болгон жагдайлар да кооптонууну туудурат деп мен белгилейм.

-Шайлоо демекчи, адистер Ош шаарындагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин позицияңызга, тандооңузга жараша болот деп айтып жүрүшөт. Бул канчалык чындыкка жакын?

- Ош шаарында эч качан административдик ресурс колдонулбайт. Шаардыктардын тандоосуна жараша болот. Ага биздин эч кандай кийлигишүүбүз болбойт. Ошондуктан тек гана шайлоонун калыс таза өтүшүнө биз, шаар бийлиги шарт түзүп беребиз.

- Соңку мезгилде бир катар демилгелерди көтөрдүңүз. Маселен, өзбек мектептерин кыргыз тилинде окутуу боюнча. Дагы бир жолу түшүндүрүп кетсеңиз, мындай демилгени көтөрүүгө эмне зарылчылык болуп жатат?

- Мындай идея, мындай демилге шаардыктардын тээ терең катмарынан суурулуп чыгып жатат. Тили бирдин дили бир дейт. Ошондуктан биз мындан ары кыргыз-өзбек деп бөлүнбөй, мектептерди тек гана мектеп деп, өзбекче окуган мектептердин бардыгын кыргыз тилине өткөрүп, кириллица менен латын арибин бирдей коюп дегендей... Бул жеке менин талабым, идеям эмес, бул былтыркы кандуу окуядан кийинки шаардыктардын көтөрүп чыккан маселеси катары Ош шаардык мэриясы тарабынан колдоого ээ болуп жатат.

- Деген менен айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мындай демилгени көтөрүү эрте, бул шаардагы абалга терс таасирин тийгизет деп жатышат. Буга карата кандай пириңиз бар?

- Мен ушундай демилге көтөрүүнүн так мезгили келип жетти деп эсептейм. Андай бейөкмөт уюмдар, кээ бир саясатчылар Оштогу кырдаалды түпкүрүнөн, тереңинен билбейт. Элдин каалоо-талабын билбейт. Бул жерде болуп өткөн окуялардын себептерин билбейт. Ошондуктан ушундай пикирге келип жатат. Ал эми шаардын коомчулугу ушул идеяны түп көтөрө колдоп жатат. Демек, шаардыктар, калк өзү улутуна карабастан, динине карабастан, жынысына карабастан көтөрүп жаткан маселени элдик бийлик колдоп бериши керек деп ойлойм.

-Рахмат, Ош шаарынын күнү дагы бир жолу кут болсун!

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыр Найза каяктан: Алай
31.10.2011 16:52
Коркпой эле баардыгын кыргызча окутуш керек. Антпесе кыргыз мамлекети онукпойт. Телевидение дагы орусча суйлогонду токтотуш керек. Орусияга барсак ким бизди кыргыз тилинде суйлотот экен. Ошону учун мэрди колдош керек. Ошто жашаган башка элдерге дагы жакшы болот.

кимден: Южанка
11.10.2011 19:45
Кореага жооп. Комментарий орусча болгондугуна байланыштуу орусча жооп берейин.
Уважаемый "Кореа". Ты почему оскорбляешь достоинства кыргызских школ. Ты думаешь что узбекские школы лучше чем кыргызские. ты очень сильно ошибаешься. Я работаю в ВУЗе.Многие выпускники узбекских школ кроме нецензурных вульгаризмов ничего не знают. Я лингвист и не вольно анализирую устную речь студентов, и у студентов окончивших узбекскую школу, речь состоит из мата и ругани. Вы этого хотели услышать? Когда бываю на практике в школах с узбекским языком обучения, ученики абсолютно не соблюдают элементарные приличия. Не говоря о качестве преподавания. Многие учителя узбекской школы, ( я работала в школе им. Рудаки) элементарные понятия о многих вещах не имеют. Не говоря что то об академическом!!!! Это НАСТОЯЩЕЕ первобытное общество.
Кыргызский язык- один из древних тюркских языков, на котором был сказан эпос "Манас",состоящий из полумиллиона строк. Граждане ж Кыргызстана обязаны говорить на кыргызском языке. Это ваша обязанность по Конституции Кыргызской Республики.
КОРЕА, там в Корее другие народы живущие в Корее ведь не говорят, школа с корейским языком обучения- первобытное общество. Ты наверное сам из таких учеников, который кроме мата и ругани ничего не знает!!!

кимден: Узбек йигит каяктан: Ош
09.10.2011 15:55
Фергана өрөөнүн Кыргызстанга, Ташкент тарапты Казакстанга, Самарканд менен Букараны Тажикстанга кошуп жиберсек Орто Азиядагы чек ара маселелери чечилип калмак. Бул озбекстан деген давлатти картадан алип койсок кандай болот дейсилар?
Пикирге жооп

кимден: Yusuf каяктан: Bishkek
10.10.2011 18:14
Uzbek yigit! O'zingni kim ekaningdan uyaldingmi, molodci, sen ozundu ar jakdan tomon,ildyi ekenindi korsotuptursun. Patriot!
Пикирге жооп

кимден: Кыргыз
10.10.2011 17:30
Сен айткан коркунучтар Озбекстандын башында чын эле реалдуу турат. Ал озунон озу боло турган маселе. Кеп убактысында. Бирок анда деле тынч заман болот деп эч ким айта албайт. Анткени эгерде Озбекстан ичинен жарыла турган болсо, анын эли бут Фергана ороонун каптайт. Каптагысы келген учун эмес, согуштан качканы учун. Анын эч кимге кереги жок. Озбекстан тынч турганы жакшы, эгерде Озбекстан жарылса башкаларына да зыяны тийет, региондо экстремизм, фундаментализм, терроризм кучойт.

кимден: Yusuf каяктан: Bishkek
09.10.2011 02:01
Uwul jerde bildirilip atkan pikirlerdi tuura deiturgan bolsok, ar bir mamleket ozunun ene tilinde suilowu tuuralu, owol menen bir katarda Kyrgyzstan dele. Al nerseni birin4i okmot baw4ylary ozdoru kyrgyz4a suilowu kerek. A bul owtogu nerse Nacistikten bawka nerse emes. Men ozum Ozbekmin, Kyrgyzstan menin jerim, kop4uluk kyrgyz tuugandardan taza suiloim kyrgyz tilin. Kyrgyzstandyk ozbekter kelgen emes, alardyn mekeni uwul jer, owol menen birge ukugu da bar. Ar bir adam suilop atkan sozun, birin4i kezde ozu siylap, owogo amal kylywy kerek, bawkaga akylduuluk je ozun4o Patriot boluwdan murda.

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск шаары
08.10.2011 07:16
Бул ссылкадан Ош окуясын жана Мелис башчыбыздын кызматын көрө аласыздар. http://video.mail.ru/mail/kolya555777/35

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск шаары
08.10.2011 07:02
Мелис Мырзакматов Улуу Кыргыз элинин Манасы. Мелис-Манасыбызды коргошубуз керек, колдошубуз керек. ОО АЛЛАХЫМ, КЫРГЫЗДЫН БАШЫН АМАН АЛЫП КАЛГАН МЕЛИСТИ КОЛДОП ЖҮР, МЕЛИСКЕ ДЕН СООЛУК БЕР, ҮЙ-БУЛӨӨСҮНӨ БАКЫТ БЕР, МЕЛИС МЕНЕН КЫРГЫЗ ЭЛИ ДАЙЫМА БИРГЕ БОЛСУН, ОМИИИН. Жалпы кыргыздар ушул дубаны айтып журсок Кыргыз элине Аллахым күч-кубат берет.
Пикирге жооп

кимден: Абай
10.10.2011 17:31
Калыбек, кошоматчылыктын да чеги болот. Манаска тенегенин туура эмес. Кичине ойлонуп суйлочу.

кимден: Конок каяктан: Кыргызжер
07.10.2011 09:16
Ошбек мырза, сиз туура эмес айтып жатасыз. Биринчиден, Мелис Мырзакматовдун бир дагы жерде “мен жасадым, мен курдум” деген сөздөрүн уккан жокмун, окуган да жокмун. Калыбына келтирүү иштерин мам. дирекция жасап жатканын эч ким талашкан жок. Экинчиден, мэрлерди эл шайлабайт, аларды шаардык кеңештер шайлайт. Болгондо да жабык түрдө. Өкмөттүн тиши өтпөгөнү туура. Ош окуясын уюштурууга азыркы өкмөттүн да тиешеси бар деп Ош тургундары билет. Ал эми эл Мырзакматов кыргыздарга чынында күйөөрүн билет. Ошону үчүн колдойт дагы

кимден: Эже
07.10.2011 09:09
Менин оюмча Мелис Мырзакматовду Алла-Таалам Кыргыздарга боору ооруп берип койгон Пенде. Мелис болбогондо Кыргызстан мамлекетинин бутундугу сакталат беле, же... бир Алла билет. Мелистин кылган иштерин корбодум деген адамдын козу сокур болот. Ош шаарынын тарыхында мындай мэр болбогон, мурдагы мэрлер жерлерди, обьекттерди башка туугандарга сатып чонтогун кампайткан деп угуп журом, калк айтса калп айтпаса керек. Мелис тарыхта кала турган инсан!!!
Пикирге жооп

кимден: WILAN каяктан: Altay
10.10.2011 22:34
Оба,таарыхта Фиравнда калган Муса (а.с) да калган.Чын айтынар,Иван Василевич таарыхта калат.Только кимге кандай адам болуп эсте калат оздору билишет! Шарик ишген сары жарылышка жакындайт,кее бир адамдар ото ишиб-шишиб гетишбатпайбы!!!?

кимден: Тынчтыкбек Бекташ уулу каяктан: Бишкек калаасы
07.10.2011 03:31
Мелис Мырза! Чыныгы Мырза экен!!! Баары сиздей болсо атаганат...

кимден: O'shbek каяктан: SulaymanToo3000
06.10.2011 23:19
Kyrgyz tili bul kyrgyzdardyn ENE TILI, ozbektyn ene tili bul ozbek tili! Taryhty karagyla kancha jyldar sovettyn ubagynda kirgizdar oz tilini bilbey bul til onukpoy bozdodu! Siler kyrgyz tilin oylosonor anda bardyk kyrgyzdar bul tildi suygulo, eger ene tilinerdy suysonor anda ORUS tili oficialduu til bolup jurboybu. Ozunardan bashtagyla...
Melis iyundagy sogushka cheyin Bakievtyn ubagynda emne jasap koyuptur, ozuna bazarlardy salyp algan. Anan iyun chatagyndan keyin donorlardyn akchalaryna Oshtu kayra kalybyna keltiruu direksiyasi jasagan nerselerdy men jasadym dep ozuncha kyjyn bolup jurot. Any Jantoro Satybaldyev menen donorlardy akchasi jasagan. Al emki shaylooda utoyun dep bashka aymaktardan kelgenderge jer bolup berip Oshtun propiskasyn berip dobush toptop jatat. Bul Oshtun hany Kyrgyz mamleketchylygyn oyloso Bishkektegy okmottu urmattashi kerek "Okmottun myyzamdary Oshto kuchko ee emes "dep orus gazettaryna interviv berbey. Myrzakmatov baribir ketesyn, Bakiev kojoyunun ketkenday...
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)