Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Оштогу митингде бийликке талап коюлду


"Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бошотулушун талап кылган митинг Ошто да уланды. Чогулган 300-400дөй адам менен өкмөттүн өкүлү жолугушту.

"Соттор, бийликтин көзүн карабай адилет чечим чыгаргыла!", "Жогорку Кеңеш таркатылсын!" деген мазмундагы плакаттарды кармап турушту.

“Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну талап кылгандар бийликке эки талап коюшту. Ош шаарынын тургуну Жаныбек Кадыев:

- Биздин үч эр азаматыбызды - Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду актап берсин. Сот залынан аппак кылып актап, чыгарып коюшсун. 8-мартка чейин чыгарып койсун деп талап кылабыз. Бир эсе энелерге да белек болуп калат эле. Экинчи талабыбыз - Кумтөрдү улутташтырсын, ага алдары жетпесе, жаап эле салышсын. Биздин балдарыбыз, укум-тукумдарыбызга да бир нерсе калсын.

Мындагылар негизинен Ош облусунун райондорунан чогулгандар. Байкоочулар акциядагылардын саны 300-400гө жеткенин белгилешти. Кара-Суу районунан Зейнеп Камчыбекова митингчилердин максаты тууралуу буларды айтты:

- Кумтөр маселеси биздин жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Болбосо митингди коюп эле үйдө жатпайбызбы. Анан чындыкты айтып чыккан эле адамды камай берсе кандай болот? 38-жылкы репрессия учуруна баратабызбы? Болгон нерсени айткандар камала берет экен да, миллиондорду уурдап алгандар, адам өлтүргөндөр же мародерлер жөн эле жыргап жүрө берет экен да.

Түш оой электе чогулгандардан өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сооронбай Жээнбеков чыгып кабар алды:

- Дагы айтам туугандар, Кумтөр боюнча парламент комиссия түзүп, ага депутаттардан, өкмөт өкүлдөрүнөн, коомдук уюмдардан мүчөлөр кирип, териштирип атат. Анан айыптууларын ошолор айтып чыгышса керек. Мен азыр Кумтөр боюнча да, тиги камалган депутаттар боюнча да бир нерсе деп айта албайм. Мен ага укугум жок. Сотторго мен эмес, президент да кирише албайт, укугу да жок. Азыр митингиңер аяктаганда кайрылууңар, же резолюцияңар болсо, мага бергиле. Мен аны өкмөткө жеткирем.

Акцияны милиция күзөтүп турду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" мындай деди:

- Учурда Ош шаары жана Ош облусу боюнча кырдаал туруктуу. Ишкана, мекелер күндөгүдөй иш ыраатын улантып жатат. Карапайым калк да кадимкидей тиричилик менен алек. Ошондой эле милициянын курамы да өз ишин аткарууда. Митингге келгендер да жарандык укуктарын пайдаланып жатат. Азырынча эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Эгерде тартип бузуулар, же бирөөлөрдүн укугун бузуулар менен коштолсо, анда тартип коргоо органдар да ага тийиштүү чараларын көрөт.

Ал эми жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев акцияга элдин күтүлгөндөн көп келбегенин мындайча жоромолдоду:

- Мен бул нааразылык митингин таасирдүү болду, же бир нерсени өзгөртүп жиберет деп айта албайм. Кечээ маалымат каражаттарынан, абройлуу КТРден, ЭлТРден 5-мартта митинг өткөрөбүз деп кулактандыруу кылганына карабай эле такыр аз келди. Келгендердин көбү эле эмне болот экен деп байкоо салгандар. Бул да болсо оппозицияга, бийликке элдин ишеними жоктугунан кабар берип турат. Камчыбек Ташиев болсо Ак үйдүн дарбазасынан ашып өткөндө эле аймактагылардын көбүнүн колдоосун жоготуп алган. “Ушуну туура эмес кылып койду” дегендер көп. Ошого да эл аз келди. Кантсе да бул митинг жазда дагы уланчу митингдердин “рекламасы” болгондой элес калтырды.

Нааразылык митинги 2-3 саатка созулду. Талаптарын кагаз жүзүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшыргандан кийин борбордук аянттагылар таркап кетишти. Талаптары аткарылбаса, 8-марттан кийин Ошто дагы нааразылыкка чыга тургандыктарын белгилешти.

“Ата Журт” партиясынын мүчөлөрүбүз деген адамдар 4-мартта Ошто маалымат жыйынын куруп, партиянын 3 депутатын бошотуу жана Кумтөрдү улутташтыруу талаптарын коюп, 5-мартта 5-10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрөөрүн жар салышкан. Байкоочулар эл мынчалык чогулбайт деп белгилешкен.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG