Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Омоев: Жакшы атырдан баш оорубайт


Улукбек Омоев "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында
Улукбек Омоев "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында

Улукбек Омоев Ысык-Көл районунун Тамчы айылында өскөн. Учурда ал Париждеги университеттердин биринде математиканы окуп, бош убагында атыр саткан дүкөндө иштейт. Ал окуусу, Франциядагы жашоосу жана атыр колдонуунун сырлары тууралуу “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде маек курду.

“Азаттык”: Алгач Парижге кантип барып калганыңды айтып берсең.

Омоев: Мен мектепте окуп жүргөндө 12 жашыман тарта француз тилин үйрөнүп, Парижге барсам деп эңсеп келгем. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус (Славян) университетине тапшырып, 1-курсту аяктагандан кийин тилди унутуп кое электе деп Парижге жөнөп кеткем.

Француз тилин биздин мектепте Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Кымбат Сатыбалдиева эже окуткан. Мына ошол адам мага Францияга жол ачты десем жаңылышпайм.

“Азаттык”: Окууң тууралуу айтып берсең. Математика багытында билим алып жатыптырсың. Келечекте ким болуп чыгасың?

Омоев: Мен Пьер жана Мария Кюри университетинде билим алуудамын. Бул Франциянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. 1-3-курс лицензиат, андан кийин 4-5-курс биздики боюнча магистратура болуп эсептелет. Азыр акыркы курстамын. Келечекте докторантурага, биздики боюнча аспирантурага өтсөм деп жатам.

“Азаттык”: Кесибиң ким болот?

Омоев: Математик-программист. Изилдөөлөрдү жүргүзөм.

“Азаттык”: Окуу кыйын болгон жокпу?

Омоев: Башында оор болгон. Азыр системасына көнүп калдым, кыйынчылык деле жаратпайт. Мени менен чогуу окугандардын көбү жергиликтүү улан-кыздар. Чет өлкөлүктөр аз.

“Азаттык”: Жаңы жерге көнүшүү кыйын болгон жокпу?

Омоев: Жок, андайды деле байкаган жокмун. Негизи, бизде, Кыргызстанда ар улуттун өкүлдөрү көп жашагандыктан бөтөн жерде интеграциялануу кыйынчылык жаратпайт окшойт. Кыргыздар бардык нерсеге бат көнүп кетебиз.

“Азаттык”: Кыргызстанга көп каттап турасыңбы?

Омоев: Жыл сайын жайында үйгө келип кеткенге аракет кылам. Быйылкы жыл өзгөчө болду, себеби 2 ай мурда келгениме карабастан апамдын туулган күнү менен куттуктайын деп күзүндө да мекениме келдим.

“Азаттык”: Франциядагы жашооң тууралуу айтып берсең. Сырт жакта жашаган көп эле мекендештер өзүнчө уюм түзүп, бири-бири менен катташып турат эмеспи.

Омоев: Францияда Мирлан аттуу байке бар. Ал Франция менен Кыргызстан ортосунда достук жана кызматташтык боюнча ассоциация түзгөн. Ошолор менен байланышып турам. Мындан тышкары башка да кыргыз досторум бар. Андыктан үйдү эстеп сагынуу көп деле болбойт.

“Азаттык”: Борбор Азия аймагынан, коңшу республикалардан досторуң барбы?

Омоев: Өзбекстандан, Казакстандан барган балдар менен кездешип турабыз.

“Азаттык”: Алар менен чогуу отурганда эмне тууралуу сүйлөшөсүңөр көбүнчө?

Омоев: Борбор Азия аймагындагы жалпы маселелер, ар бир өлкөнүн ичиндеги орчундуу окуялар, процесстер жөнүндө...

“Азаттык”: Сырттан байкоо жүргүзгөндө Кыргызстандын өнүгүүсүнө тоскоолдук болуучу негизги көйгөйлөр кайсылар деп атайт элең?

Омоев: Биринчи кезекте, албетте, коррупция. Ошону менен катар, сырттан байкаганда Бишкектин архитектуралык ансамблинин бузулушун, же тагыраак айтканда жоктугун, борбордук көчөлөрдүн келбети “талкаланганын” белгилей кетсе болот. Ушул үчүн чет жактан келген коноктордун алдында уялам.

“Азаттык”: Бишкек кандай болушу керек? Соңку жылдары курулуш көбөйүп, жаңы тамдар салынып жатканын биз өнүгүүнүн белгиси катары кабыл алып жатпайлыбы.

Омоев: Жок, мен муну өнүгүүнүн белгиси деп атоодон алысмын. Тамдар беш кабаттан жогору салынбаса шаардын келбети жакшы болмок. Француздар айткандай, шаардын шармы бузулууда.

“Азаттык”: Сени менен Париждин борбордук бөлүгүндө эл көп каттаган дүкөндөрдүн биринен кокусунан таанышып калдым эле. Ал жакка кандайча орношконсуң?

Омоев: Жумуш издеп жүрүп баргам. Ал жерде котормочу, кеңеш берүүчү болуп иштейм.

“Азаттык”: Кабыл алып жатканда кандай талаптар коюлду эле?

Омоев: Биринчи талап – орус тилин билүү. Ал жакка орношкондон кийин португал тилин да үйрөнүп алдым.

“Азаттык”: Ишиң өзүңө жагабы? Окуу менен чогуу айкалыштырып алып жүрүү оор эмеспи?

Омоев: Жумушум өзүмө жагат. Бирок көп деле иштебейм, андыктан оор деп айта албайм.

“Азаттык”: Атыр колдонуунун да өз эрежелери, сырлары бар деп коюшат эмеспи...

Омоев: Ооба, бул жөн гана сөз эмес. Парфюмду туура колдонуу эрежелери бар. Биз өз кардарларыбызга ошону айтып, түшүндүрөбүз.

“Азаттык”: Мисалы, атырды кулактын артына же билекке сүйкөп койгон туура дешет...

Омоев: Бул бекеринен айтылбайт. Себеби адамдын денесиндеги ошол жерлеринен кан тамырлар өтөт жана атырдын жыты жакшы чыгып турат көпкө кетпей. Аны себинген адам ары-бери өткөндө артынан жакшы жыт болуп кармалып турат.

“Азаттык”: Айрымдар бир нече атырды аралаштырып себингенди жакшы көрөт. Бул туурабы?

Омоев: Жок, туура эмес. Ар бир атыр боюнча база деген түшүнүк бар. Бир базадагы атырларды айкалыштырып колдонсо болот, бирок эки башканы аралаштырган таптакыр туура эмес.

“Азаттык”: Парфюмду алганга жараша Европадан, колдон келсе Париждин өзүнөн алган жакшы деп коюшат эмеспи. Бир эле аталыштагы атыр Европада жана башка аймакта сатылып алынса айырмаланып турабы?

Париждеги дүкөндөрдүн бири
Париждеги дүкөндөрдүн бири

Омоев: Ооба, мен иштеген дүкөн, мисалы, атырды чыгарган жерден, Франциянын өзүнөн гана алып келип сатат. Кээде Бишкекке келгенде атыр саткан дүкөндөрдөн Парижден да арзан баадагыларын көрүп бул жасалма эмеспи деп ойлонуп калам.

“Азаттык”: А жасалма менен нактаны кантип туура айырмаласа болот?

Омоев: Аны себинип көргөндө эле билүү мүмкүн. Мисалы, Европадан сатып алып, пайдаланып жүрүп, кийин ошол эле атырды Бишкектен алып себингенде дароо айырмасын байкайсыз.

“Азаттык”: Демек ага тажрыйба, убакыт талап кылынат турбайбы. Айтсаң, а өзүң керели кечке атырдын арасында жүрүп кечинде башың ооруп калбайбы? Эч бир жытты айырмалай албай калган учурлар болобу?

Омоев: Жок. Жакшы атыр эч убакта башты оорутпайт. Бирок кээде колума сиңип калса кетире албай кыйналам. Жакшылап жууса да кетпейт. Күтүш керек болот.

“Азаттык”: Кофе жытты кетирет деп коюшат го...

Омоев: Ооба.

“Азаттык”: Аны жумушта колдоносуңарбы?

Омоев: Кээде колдонуп калабыз.

“Азаттык”: Кардарлар тууралуу сүйлөшсөк. Кайсы аймактардан көбүрөөк келишет. Бизге окшоп Бишкектен иш менен барып калгандар көп болобу?

Омоев: Биринчи орунда бразилиялыктар, экинчи арабдар, мурда үчүнчү орунда орусча сүйлөгөндөр (орустар гана эмес), тагыраак айтканда мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдөн келгендер болчу. Көбүнчө Орусиядан. Бирок соңку кездеги кризистен улам алардын саны кескин азайды.

“Азаттык”: Бул сатып алуучулардын жалпы агымына таасир эткен жокпу?

Омоев: Жок. Таасири деле байкалбайт. Ал эми Борбор Азия аймагынан көбүнчө Казакстандан келет. Кыргызстандан болсо негизинен конференцияга катышуу үчүн же башка максаттагы иш сапарга барган расмий делегациянын мүчөлөрү кездешет. Бул жактан барган туристтер аз, дээрлик жокко эсе.

“Азаттык”: Парфюмердик дүкөндө иштегендерге кандай талаптар коюлат?

Омоев: Негизги талап – эч болбогондо бир чет тил билүү. Ишке бат үйрөнүп кетүү, компетенттүү, түрдүү чыр-чатак, стресс учурларга туруштук бере алуу жана атырлардын түрүн айырмалай билүү. Биринчи окутушат, андан кийин көзүбүздү жумдуруп, түрдүү атырларды айырмалап, аталышын табууну талап кылышат. Ушундай сынактан өтсөң, атырдын курамын жандырып бере алсаң жакшы баа аласың.

“Азаттык”: Текшергенде канча атыр коюлат алдыңарга?

Омоев: Эки жүздөн ашуун. Ошолорду айырмалай билүү керек.

“Азаттык”: Сен эки жүзүнүн баарын тең билесиңби?

Омоев: Көпчүлүгүн айырмалап айтып бере алам.

“Азаттык”: Жумушуң тажатпайбы?

Омоев: Жок. Адамдар көп келет. Алар менен баарлашасың, өлкөсүндө болуп жаткан окуялар тууралуу сүйлөшөсүң... Жумушум абдан кызыктуу.

“Азаттык”: Сени менен чогуу иштегендер тууралуу айтып берсең.

Омоев: Көбү башка мамлекеттерден көчүп келгендер. 70% десем болот. Студенттер аз.

“Азаттык”: Көбүнчө эмне менен тамактанасың? Париж дегенде биринчи кезекте эле таңкы круассан, кофе элестетилет эмеспи.

Омоев: Ооба, күнүбүз сиз айткан азыктардан башталат. Мен жарым вегетариандык тамактанууга өткөм. Көбүнчө балык жана тоок этин жейм. Майлууну көп жактырбайм. Француз ашканасына көнүп калдым.

“Азаттык”: Үйдө жеген майлуу тамак, бешбармакты сагынбайсыңбы?

Омоев: Башында сагынчумун. Азыр көп деле эңсебей калдым. Жумушта атайын чек берет. Ошондуктан көбүнчө ресторандарда тамактанам. Университетке барганда ошол жактан эле жеп алам. Андыктан үйдөн көп деле тамак жасабайм, убакыт жетпейт.

“Азаттык”: Кыргызстанга качан кайтасың?

Омоев: 40 жашка чейин ошол жерден билим алып, тажрыйба топтоп, бул жакта пайдубал туүзүп алып анан келсем деген ойдомун. Мекенимден кетип жатканда эле өзүмө көздөгөнүмө жетип, анан кайтуу деген максатты койгон болчумун.

“Азаттык”: Тилегиңе жетишиңди каалайбыз!

XS
SM
MD
LG