Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Өкмөт: күнөөлүүлөр жазасын алат


Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү Жалал-Абаддагы жана Жети-Өгүздөгү окуялар боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берди.

“Элдик губернатор” атанган Медербек Үсөновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны кепилдик аркылуу бошотуу чечимине өкмөт аралашкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында Сатыбалдиев билдирди. Премьер-министр Кыргызстанда ким мыйзамды бузса, ал жазага тартыларын, Жалал-Абаддагы жана Жети-Өгүздөгү окуяларды уюштургандар мыйзам алдында жооп берерин убада кылууда.

Өткөн аптада Жети-Өгүздө от алып, кийин Жалал-Абадда уланган жана 5-июнда калыбына келген кырдаал боюнча Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште маалымат берди. Өкмөт башчынын айтымында, бул окуялар атайын уюштурулгандай таасир калтырууда жана анын башында тургандарды "Кыргызстандын душмандары" деп атады.

Премьер-министр иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен көшөгө артындагы адамдардын да ысымдары ачыкка чыгат деген ишенимде. Бирок “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова так маалыматтар болбостон, мындай бүтүм чыгарууга шашылбоого чакырды.

Жантөрө Сатыбалдиев эки облуста орун алган окуялардагы күнөөлүүлөр аныкталса, алар сөзсүз жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

- Бардык катышуучулар мыйзам алдында жооп берет. Кээ бирлер Жети-Өгүздөгү жана Сузактагылардын баарын бошотуп жиберди деп айтып жатат. Алардын баарына иш козголгон, такталып жатат. Алар сөзсүз мыйзам алдында жооп бермейинче мындай окуялар улана берет.

Бирок депутаттар оболу эмне үчүн ушундай калпыстыктарга жол берген аткаминерлерге кылмыш иши козголбойт, алардын жоопкерчилиги каралбайт деген суроо узатышты. Жети-Өгүзгө бир катар мыйзамдарды бузуу менен өзгөчө кырдаал киргизилгенин белгилеген депутат Исмаил Исаков канча мамлекеттик жетекчиге кылмыш иши козголгонуна кызыгып, башкы прокурорго суроо узатты. Аида Салянованын маалымдашынча, бир да кызмат адамына кылмыш иши козголгон эмес.

Премьер-министрдин айтышынча, Жети-Өгүздөгү окуялар жергиликтүү бийликтин борбордук бийлик менен тыгыз иштебегенинен келип чыккан. Анын ишениминде, буга чейин жасалган административдик реформалар бийлик вертикалына доо кетирген. Буга ал өкмөт башчынын акимдерди өзү дайындап жана кызматтан алуу укугунун кыскарганын мисал тартты. Ошону менен катар ошол окуяларда алешемдикке жол берген жетекчилердин жоопкерчиликтери да каралууда.

- Акимдердин жана облус жетекчилеринин укуктарын кеңейтишибиз керек. Учурда өкмөттүн иликтөө комиссиясы түзүлдү. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөзсүз баа берилет. Ал эми укуктук баа берүү боюнча күч түзүмдөрүнөн турган мекемелер аралык тергөө тобу түзүлдү. Анын ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алат.

Сатыбалдиев кырдалды эске алуу менен "элдик губернатор" атанган Медербек Үсөновдун баш коргоо чарасы кепилдик аркылуу бошотулуп, саясий чечим кабыл алынганын кошумчалады. Анын маалымдашынча, Үсөнов да мыйзамды бузганын моюнуна алган. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, митингчилер менен сүйлөшүү аркылуу кырдаалдан чыккан аракет бийликтин алсыздыгы эмес, тескерисинче эң туура кадам болду деп атады. Бирок ошол эле кезде эмне үчүн “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдун жана Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, саясий чечим менен аларды чыгарып коюуга болбойт деген маселе койду депутаттар.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков:

- Ошол эле учурда он миңдеген адам төрт депутатка биз да кепилдик берели деп кайрылып жатат. Аларды да чыгарыңыздар.

“Ата-Журт” фракциясынан башка бир депутат Жылдыз Жолдошева парламент трибунасынан президентке кайрылуу жасады.

- Урматтуу Алмазбек Шаршенович, 3 миллиондон ашык калк жана баатыр энелер, аксакалдар суранып жатат. Кыргыз балдарын өлтүрүп, шылдыңдаган “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди чыгарып койгондон кийин биздин уулдарыбыз Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Нариман Түлеевди жана Талан Мамытовду чыгарып коюңуз деп суранып жатат.

6-июнда күч түзүмдөрү жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматтан кетти. 5-июнда болсо атайын кызматтын башчысы Бейшенбай Жунусовдун ордуна Бузурманкул Табалдиев дайындалган. Ал эми Жети-Өгүздөгү окуялар курчуп турган учурда Ысык-Көл облусуна Токон Мамытов өкмөттүн өкүлү болуп дайындалган эле. Талдоочулар кызматтан алынган аткаминерлер тизмеси дагы уланат деген ишенимде. Алар муну бийлик кадр саясатынын чабалдыгын моюнуна алганы деп санашууда.

XS
SM
MD
LG